Menu

Бабанов азыр балык эмес же эт эмес…

Бөлүшүү:

Өлкөбүз каатчылык мезигилин башынан өткөрүп атканда, жол көрсөтөөр, акыл айтып, көч баштаар эр азаматтар аз экени өкүндүрөт. Так кесе сөздү Республика -Атажурт партиясына ыргыталы. Анткени, партия лидери Өмүрбек Токтогулович дайым эл алдына чыкканда эле мыйзамдуулук, мекенге берилгендик, чыныгы жол башчы сыяктуу көрүнгүсү келе берет. Бирок, өкмөт башчылык кызматта ишин кандай алып кете албаса азыркы парламенттик оппозицияда отуруп дагы бир жолу ишин жөндөй албай жатат. Мыйзамда парламенттен атайын оппозицияга деп орун бөлүнүп, аларга мамлекеттик атайын кызмат органдары дагы каралган. Эң негизгиси алар мамлекеттик бийлик органдарынын аткарган иштерин, мыйзамдардын кабыл алынышынан тартып аткарылышына чейинки процесстерди көзөмөлгө алып турушу керек эле. Керек болсо өкмөткө альтернативалуу программаларды сушутап турушу керек. Бул алардын милдети. Бирок азыркы “Республика-Ата Журт” фракциясы милдет менен укукту алмаштырып алышты окшойт.

2010-жылга чейин бийлике оппозиция көчөдөн сын-пикир айтып турчу. Көчөдөгү үн угулбай калгандыктан, эл кыжыры келгенде өрттөп, талкалап жиберчү. Мына ошол окуяларды эске алып конституцияны жазган адамдар оппозицияны сыйлап, аларга парламенттен орун берип, трибунага эркиндик беришкен. Бул аларга берилген укуктун бир гана бөлүгү. Мына ошол укуктарды жана милдеттерди Бабанов баштаган команда аткара албай дагы бир жолу баягыл өкмөт башчысы болуп тургандагы чалбалдыгын, алсыздыгын, коркоктугун дагы бир жолу далилдеди. Демек, бул кишиден президент гана эмес депутат дагы чыкпайт деп айла жок айтууга туура келет.

Эми биз Бабановдун тынч гана парламенттик креслодо отурганга чейинки, тактап айтканда шайлоого чейинки убадаларынан учкай эсеңерге сала кетсек. Бабановдун элге 7% пайызы, завод фабрикалардын курулушу. Бул эки убада Бабановдун шайлоочуларына дагы анын өзүнө да күндө түшүнө кирмей болду. Айтор атай берсе, ат көтөргүс убадаларды моюндарына алганы бар болчу. Ал убадаларды шайлоо алдында кимдир бирөөлөр бул жомок деп билдиришкен эле. Бирок, шайлоочулар Бабанов жомокту чынга окшоштуруп айтканды өздөштүргөн “мыкты жомокчу” экенин эми билип отурушат. Шайлоо шаңы аркылуу канчалаган миллиондор самандай сапырылды. Мандатты акча сатып алуу түшүнүгүн баштаган жана аны өнүктүргөн адам катары ушул киши тарыхта чоң тамгалар менен жазылып калат окшойт.
Туура Бабанов мыкты бизнесмен, иштин көзүн жакшы билет. Тим эле соода-сатыка куйуп койгондой адам десек жаңылбайбыз. Бирок ошол базар тармагын өркүндөтүп, чет өлкөдөн таза кандуу жылкыларды сатып алып, анысын самолет менен ары бери ташып, ат оюндарын уюштуруп, айыл-чарбага өзүнүн адистешкен кесипкөйлүгүн жандандыра берсе жаман болбойт болчу дейсиң. Мындай үн катпас, туруксуз кадамы үчүн, «оппозиция» – деп атоого дит барбай туру…

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: