Menu

Тимур Саралаев, жарандык активист: “Бир нерсе өзгөрдүбү деген суроого,«Ак үй, Көк үйдүн ичиндеги жетекчилердин кабылдамаларындагы фамилялар өзгөрдү”

Бөлүшүү:

Кандуу апрель окуясынын максаттары ишке аштыбы?

-Илимде жана тарыхта рево­люция системдуу жана радикалдуу өзгөрүүлөрдү алып келет (мамлекеттик, экономикалык, социалдык ж.б.). Тилекке каршы, 2010-жылдан кийин андай өзгөрүүлөр болбоду. Статистиканы карасаңар эко­номикалык көрсөткүчтөр 5-6 жыл мурун жогору эле, азыр болсо кыйла төмөндөдү. Албетте, Бакиевтердин үй-бүлөсү ыплас, кандуу саясатты жүргүзүшкөн, аны моюнга алыш керек. Алар дагы 5 жыл бийликте олтурганда Кудай билет өлкө кандай болот эле… Бирок ошол учурда карапайым калктын турмушу азыркыдан кыйла дурусураак болгондугун танбайбыз.

Бакиевтердин режими чоң бизнестерге кол салган, саясий оппонеттерин жок кылган, айрымдарын өлтүргөн. Ошентсе дагы эл азыркыдай кыйналган эмес. Учурда болсо социалдык, экономикалык индикаторлор төмөндөдү, элдин кирешелери азайды, сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү кыскарды. Маселен Борбор Азиядагы эң чоң, дүң базарыбызда соода-сатык солгундады, унаа бизнеси толугу менен туруп калды, жеңил өнөр жайлар банкротко учурап, баалар өсүүдө, тарифтер болсо жогорулап бара жатат. Сырткы саясатыбыз жолго коюлбай чек араларыбыз чырлуу боюнча калууда. Бийлик сын- пикирди көтөрө албай коркутуп-үркүтүп, кол салып, камап, соттоп, куугунтуктоолорун улантууда. Демек, бир нерсе өзгөрдүбү деген суроого,«Ак үй, Көк үйдүн ичиндеги жетекчилердин кабылдамаларындагы фамилялар өзгөрдү” – деп так жана туура жооп берсе болот.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: