Menu

Кыргызгидромет: 9-апрелден 11-апрелге чейинки аба ырайы

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында 9-апрель күнү мезгил-мезгили менен катуу жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 7…9° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 9-апрель күнү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болушу күтүлөт.
9-апрель күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
10-апрель күнү айрым жерлерде жаан жаап, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
11-апрель күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
12-апрель күнү жана 13-апрель күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 13-апрель күнү күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: