Menu

Биз билген жана билбеген Казакстан

Бөлүшүү:

Учурда коңшу Казакстанда көптөгөн саясый жана коомдук өзгөрүүлөр болууда. Анын ичинде мөөнөтсүз парламенттик шайлоо, теңгенин девальвациясы (валютанын арзандоосу) жана көптөгөн оппозицияга каршы саясый куугунтуктар жана башка биз билбеген кырдаалдар бар. Айтор  тєкмє акын Аалы Туткучев ырдагандай “Кыргызстанды каптаган сур булут, Казакстанды көздөй баратат” дегендей курч абалдар байкалууда. Интернет булактардагы маалыматтарга таянсак Казакстанда бардыгы сонун, жөн эле көзүң уялат. Бирок ошентсе да ордендин эки бети бар дегендей мындайда  бир жактуу жана расмий маалыматтарга таянып тыянак чыгаруу катачылык болуп саналат. Жеке иштери менен Бишкек шаарына Казак Республикасынын  Алматы шаарынын “Ашык Алаң” (“Трибуна”) аттуу  коомдук саясый гезитинин журналисти Асхат БЕРСАЛИМОВ келип калыптыр. Кесиптешибиз Асхат мырза “Жаңы Агым” гезитинин  редакциясына баш багып, Казакстанда болуп жаткан абал жөнүндө  маек куруп берди. Казакстандын журналисти Асхат Демократ деген ысым менен таанылган кесиптешибиз  коңшубуздагы коомдук саясый кырдаал  тууралуу айтып берди. 

11215799_10205250853378873_6725329570318596879_n— Асхат  мырза, айтыңызчы, акыркы учурда Казакстанда оппозиция күчтөрү жок деген пикирлер айтылууда? Бул боюнча пикириңиз кандай?

Казакстанда оппозиция 2000-жылдары бар болчу. Учурда Казакстанда оппозиция жок.  Ачык эле айтайын баардыгын бийлик жоготкон. Айрым оппозиционерлер камакта, кээ бирлери качып жүрүшєт. Ал эми кээ бирөөлөр бийликке  єтїп кеткен. Айтор, ар кандай ыкмалар менен учурдагы бийлик оппозицияны жок кылган.

Учурда Казакстанда оппозициялык ОСДПК партиясы бар эмеспи. А эмне ал партия оппозицияга кирбейби?

Эгемендүү Казакстандын тарыхында бир дагы жолу өз убагында парламенттик шайлоо боло элек. Баардык парламенттик шайлоолор мөөнөтсүз өтүп келет. Мындай жагдай ойлондурбай койбойт. Мунун баардыгы шектүү көрүнөт. ОСДПнын лидери Жармахан Туякбаев Казакстандын экс-генерал прокурору. Бул факты эмнени түшүндүрөт? Биздин бийлик оппозициялык партиянын башына өзүнүн кишисин койду десек болот. Мындайча айтканда, элди алдаш үчүн оппозициянын көлөкөсүн уюштурушту. Учурдагы бийликтин саясаты менен макул болбогон адамдар, көпчүлүгү бул партияга ишенишпейт.

— ОСДП партиясынын өкүлдөрү мындай жагдайга каршы чыккан жокпу?

— Учурда Казакстанда партия түзгөнгө такыр мүмкүнчүлүк жок. Ар кандай шылтоолор менен бийлик бут тосууларды уюштурууда. Мисалы, Казакстанда саясый партия түзүш үчүн жок дегенде 40 000 мїчєсї болушу шарт. Андан сырткары ар кандай мыйзамдарга такап жаңы партияларды четтетип турушат. Ал эми жалгыз чыккан талапкерлерди, Мажилиске болобу, мэрияга болобу такыр эле шайлоодон четтетип салышат. Кантип четтетет десеңиз ал оңой эле. Мисалы, мен өзүмдүн  талапкерлигимди шайлоого койсом, сөзсүз түрдө салык декларациясын тапшырышым керек. Ал эми декларацияда көрсөтүлгөн акчам сөзсүз ката менен чыгып калат. Анткени банкта тыйын каралбайт ал эми декларацияда тыйындан бери саналат. Ошону шылтоолоп чынында бир нерсе жасайм деген талапкерлерди шайлоодон четтетип салышат. Мына ушундай. Эгерде шайлоодон четтетилген талапкер Салык министирлигин сотко берсе, анда сот бул иш боюнча процессти эки сааттан кийин баштайбыз деп коет. Эки саатта албетте эч ким жетишпейт, сот бир тарап келген жок деп чечимди Салык министирликтин тарабына чечип коет.

— Учурда карапайым казак элинин маанайы кандай? Анткени биз интернет булактары аркылуу алынган маалыматка таянсак,  казак боордоштору  жашоосуна абдан ыраазы. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

12002193_964681960261020_6925834710157122386_nБашында Казакстан Бажы Биримдигине кирерде коомчулук бул союзга кирүүгө каршы болгон. Анткени бул жол эч кандай жакшы жакка алып келбесин түшүнгөнбүз, буга чейин бир союздан араң арылсак кайрадан бизди дагы бир союзга кошулууга түртүп жатышты. Буга чейин мунайдан түшкөн акча туура эмес колдонулган, муну баардыгы эле түшүнүшөт. 25 жылдан бери мунайдан түшкөн акчага бир да жолу көрүнүктүү реформа жүргүзүлгөн эмес. Анан мунайдын баасы түшкөндөн кийин бизде 100% девальвация башталды. Учурда 1 доллардын баасы 345 теңгени түзөт. Ал эми девальвацияга чейин 1 доллардын куну 180 теңге болчу. Эл мындай жагдайга чыдап жүрө берет. Биз бийлик менен “макул эместер” Казакстанды “Шүгүрстан” деп коебуз. “Шүгүрстан” дегенибиз биздин эл “кудайга шүгүр” деп коюп жүрө берет. Бирок качанкыга чейин чыдап жүрөрү түшүнүксүз, болбосо Назарбаевдин үй-бүлөсү “Форбс” (эң бай адамдарды рейтинг кылган журнал) журналынын бетинен түшпөйт. Расмий түрдө Назарбаевдин үй-бүлөсү миллиардер катары белгиленет. Бирок мен түшүнө албайм мынча акчаны каяктан табышты?

— Биз билген маалымат боюнча Казакстанда мунай кендери абдан көп, бирок негедир Казакстан мунай чыкчу жерлерге атайын иштетїїчї завод курган эмес. Чынында ушундайбы?

Менимче акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда мунай иштетчү эки  завод курулган. Ал эми Казакстанда 25 жылдан бери бир да завод курулган эмес. Андан сырткары иштеген заводдордо техникалык жаңылануу болгон эмес. Казакстанда азыр эски үч завод бар, булар Атырау заводу, Павлодар заводу жана Чымкенттеги мунай иштетчү завод. Ушунча жылдан бери бизде ар бир шаарга завод курууга мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ишке ашкан жок. Мындан тогуз ай мурун бизде бензин дефицити болгон. Элестетип көрсөңөр мунай республикасында күйүүчү май дефицит болуп жатканын. Биз өзүбүз мунайды сатабыз, бирок майга ээ боло албайбыз. Баардык ресурстар мурда эле сатылып бүткөн. Мунайды бизден башка америкалыктар, италиялыктар, кытайлар иштетишет.

— Казакстандын экономикалык абалы кандай болууда?

Орусияга көрсөтүлгөн санкциялардын таасири баардык Бажы Биримдигине кирген мамлекеттерге тийип жатат. Ошол эле таасир биздин экономикабызга терс таасирин тийгизүүдө. Азык-түлүктөрдүн баасы кескин өсүп кетти. Майда дїкєндєр жана фирмалар жабылууда. Бул кайрадан эле теңгенин девальвациясына байланыштуу. Жашоо шарты оорлоп кетти. Свет, сууга болгон баалар өсүүдө. Салыкты жылдан жылга кымбаттатып жатышат. Мисалы, менин унаамдын кубаттуулугу 3.5 литр. Ага жылына 100 000 миң тенгеден ашык салык төлөйм, аны Америка валютасына айлантканда 300 долларды түзөт. Унаамдын шаймандары кымбат болгондуктан атайын мына ушинтип Алматыдан Бишкекке келип шайман сатып алып оңдотуп жатам.

— Казакстанда чоң-чоң шаарлар гана өнүккөн, айылдары болсо өнүкпөй калган деген пикир бар. Бул пикирге кошуласызбы?

асхатБул пикир туура десем болот. Ооба, чоң шаарларыбыз өнүккөн. Мисалы, Алма-Ата шаарынан 20-30 км ары барып көрсөңөр ал жактагы айылдарда таза суу жок. Болбосо Алматы шаарынын жанында эле жайгашкан. Региондор шаар менен чогуу бир ыргакта өнүккөн эмес. Бир карап шаар менен айылдарды салыштырса анда цивилизация аралыгы дароо эле байкалат. Бул жагынан Кыргызстанда жакшы стабилдүүлүк бар десем болот. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе Кыргызстандагы демократия жана коомчулуктун эрки байкалат. Биз бийлик менен “макул эместер” ар дайым суктануу менен Кыргызстанды карайбыз. Анткени силердеги эки революция Кыргызстандын жарандарынын саясый позициясы жана активдүүлүгү жөнүндө жакшы маалымат берет. Мындай көрүнүш бизде дагы болот деген үмүттөбүз!

Эмне демекчибиз казак журналистинин айтып бергени аркылуу көп коңшу боордошторубуздун  жашоосуна башкача көз караш пайда болду десек болот го…  Албетте Казакстандагы кырдаал ойлонтот.  Бирок бир жагынан биздин мамлекеттин жана жарандарыбыздын эмгеги коңшу мамлекеттер менен бааланганы сөзсүз түрдө сүйүнтөт! Албетте “таба эмес тобоо” дегендей биздин өлкө жана элибиз мындан ары позитивдүү багытта өнүгөт деген үмүтүбүз дагы бир тепкичке өрчүдү десек болот. Ал эми Казак эли өз тагдырын сөзсүз түрдө чечип кетет деген ишеним менен биз бүгүнкү маегибизди жыйынтыктадык.

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: