Menu

«Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форум ишин аяктады

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында өткөн «Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форум өз ишин аяктады.

Иш-чара жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин, КР биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев форумдун катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү.

Иш-чаранын катышуучулары Евразия экономикалык бирлиги алкагындагы кызматташтык мамилелердин жаӊы багыттарын, ЕАЭБдин максаты менен милдеттерин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү, анын ичинде салыктык жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укук актыларындагы жаӊылыктарды, электр энергиясы, газ, мунайзат, күйүүчү жана майлоочу май өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү маселелерин талкууга алышты.

Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, ЕАЭБ шартында көп тараптуу соода тутумун түзүү маселелери көтөрүлдү. ЕАЭБ курамына мүчө болуу шартында Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү жана колкабыш кылуу сунуштары берилди. Катышуучулардын көӊүлү евразиялык айдыӊдагы миграция жүрүмүнө, анын ичинде эмгек миграциясы жаатында көрүлүп жаткан чараларга бурулду.

Эске салсак, «Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форумдун ишине Жогорку Кеӊештин депутаттары, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бихнес жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: