Menu

Роза Отунбаева: “Апрель революциясынан бери эми 6 эле жыл өттү, журналисттер “кандай ийгиликтер болду?” деп кокодон аласыңар, дагы 60 жыл өтсүн анан жыйынтыгы болот”

Бөлүшүү:

“2010-жылдагы Апрель революциясынан бери эми болгону 6 эле жыл өттү, а силер журналисттер “кандай ийгиликтер болду?” деп кокодон алып жатасыңар, дагы 6 жыл өтсүн, 60 жыл өтсүн анан жыйынтыгы болот да. Өлкөбүзгө туруктуулук келди. Бийликке жаштар келишти. Мисалы, бүгүнкү күндө коррупциялык иштер ачыкка чыгарылып жатат”, – деп ачууланды кечээ, 7-апрелде “Ата-Бейит” комплексинде 7-апрель майрамын майрамдоо учурунда 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн уюштуруучуларынын бири, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева.

Бирок, 2005-жылдын 24-мартындагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Тышкы иштер министри болуп дайындалган Роза Отунбаева ошол эле жылы экинчи өкмөт түзүлгөндө Жогорку Кеңештен министрликке өтпөй калып, кызматсыз калары менен оппозицияга, Азимбек Бекназаров, Алмаз Атамбаев, Темир Сариевдерге кошулуп, 2006-жылы апрелде, революциядан 1 жыл өткөндө эле Бишкекте митинг уюштурушуп, “революциядан бери кандай ийгиликтер болду?” деп бийликти кокодон алышпады беле? Анан ушул эле талаптар 2006-жылдын ноябрында, 2007-жылдын апрелинде кайталанбады беле?
Айланайын Роза апче, эл революциянын жемиштерин сиз айткандай дагы 6 жыл же 60 жыл күтүш керекпи? Силер 1 жыл күтө албай элди көчөгө алып чыктыңар эле го? Дүйнөдө деле акылдуу, мамлекетчил башкаруучулар бийликке келгенде өз өлкөлөрүн 3-5 жылда эле өнүгүү жолуна алып чыгып коюп жатышпайбы? Сиздин логика боюнча кыргыз эли 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын жемиштерин силер төңкөрүшчүлөр бул дүйнөдөгү бейишиңерде жашап өтүп, анан аркы дүйнөдөгү бейишиңерге жетип алганча күтүп туруш керек экен да. Ага чейин ким бар ким жок деп жатасызбы? “Элүү жылда эл жаңы” дейт кыргыз.
Сиздин бүгүнкү абалыңызды бир кездеги сиздин Нарындагы соратнигиңиз, Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева мындайча айтыптыр: “«Биз 2009-2010-жылдары Бакиевдик режимге каршы күрөшкөнүбүздө Бакиевди кетирсек эле Кыргызстанга жыргал заман келет деп ишенгенбиз. Атамбаевди, Отунбаеваны, Сариевди өзүбүздүн балдар, Бакиевге караганда билимдүү, алдыңкы көз караштагы кишилер деп ойлогонбуз. Көрсө булар деле көкүрөгү караңгы, өздөрүнүн чөнтөгүн, жыргал жашоосун гана ойлогон көр пенделердин бири экен. Мамлекетти башкаруу жагынан Атамбаев, Отунбаева, Сариевдер Бакиевге караганда өздөрүнүн билимсиздигин, чабалдыгын көрсөтүштү. Бакиевдин учурунда светтин баасы 1 сом 50 тыйын болсо Атамбаев менен Сариевдин тушунда светтин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Атамбаевдин деле Сейит менен Сейтек деген балдары электр сатуу боюнча ортомчулук кылып, «Автомаш-энерго» деген эң ири компания иштетип, бизнес жасап акчага туйтунуп жатышканын гезиттердин баары жазып жатышат. Ушул үчөөсүнүн тушунда саясый стабилдүүлүк такыр орнобой койду. Эң башында эле 2010-жылы Оштогу июнь, Бишкектеги Маевка окуяларынан ондогон жазыксыз кишилер өлтүрүлдү. Эми болсо журналисттер сабалып, оппозиция куугунтукталып жатат. Экономикабыз сазга батып, бюджеттин тартыштыгы өсүп, коррупция күчөп, элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Кыргызстан болсо жакында дүйнөдөгү эң кедей 50 мамлекеттин катарына кириптир. Отунбаева, Атамбаев, Сариевдин учурларында Кыргызстан 6 жылда ушуга жетишти. Роза Отунбаева бир кызматтын айынан Бакиевге таарынып, төңкөрүш уюштуруп, Нарында менин үйүмдө жатып жүргөн. Эми ага экс-президент деген статус берип, резиденциядан үстүнө бекер үй, астына бекер машина, бекер жан сакчы берип, 80 миң сом пенсия чектеп койсо эле элдин турмушу менен иши жок жыргап-куунап жашап калды. Кана баягы, 2010-жылга чейин адилеттүүлүккө чакырган, элге күйүмүш болгон Отунбаева? Кана анын ошол кездегидей жалындуу сөздөрү? Ал өз жашоосун оңдосо эле күрөштөн чыгып кетерин билсек биз эмне темтеңдеп ага кошулуп Бакиевге каршы иштеп жүрдүк? Карапайым элдин турмушун ачык айтсам Атамбаев резиденциядан кууп чыгып, үйүмдү, машинамды, сакчыларымды, 80 миң сом пенсиямды тартып алат деп чочулайбы Отунбаева, эми оозуна суу уурттап алгансып ооз ачпайт, калыс сөзүн айтпайт. Демек Отунбаеванын болгон максаты ушулар экен да. Биз карапайым элдин турмушун оңдоо үчүн эмес Отунбаева, Атамбаев, Сариевдердин турмушун оңдойлу деп күрөштүк беле?” – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: