Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Жаныш Бакиев бүгүнкү бийликтеги көп адамдардын жүзүн ачты”

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү журналист Адилет Айтикеевдин Москвадагы экс-президент Аскар Акаевге, андан ары Минскидеги айтылуу канкор Жаныш Бакиевге барып, маектешип келгени коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Окуянын жүрүшү, андагы баарлашуулар тууралуу каарманыбыздын өзүнө суроо салдык. Журналист сапары тууралуу кыскача гана “анонс” берип, өздүк гезитине маектин толук версиясы кийинки аптада жарыяланарын шардана кылды.
–Адилет мырза, социалдык түйүндөрдө Москвадагы экс-президент Аскар Акаевге, андан ары Курманбек Бакиевдин колу кан үкасы Жаныш Бакиевге барып, маектешип келгениңиз коомчулуктун бүйүрүн кызытып аткан чак. Аскар Акаевич менен го баштатан мамилеңер бар, берки Жаныш Бакиевге кандайча жакындашып калдыңар?
–Биринчиден, экс-президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү менен 2010-жылдан бери абдан жакшы мамиледемин. Аны баарыңар жакшы билесиңер. Бул жолу ал кишиге барганда, Россия илимдер академиясындагы белгилүү окумуштуулардын бири Зиядуллаев Наби Саидкаримовичтин 70 жылдык мааракеси болуп калыптыр. Ошол жерге Аскар Акаевич менен чогуу барып, атайын иш-чараларына катышып, баарлашып, ал-абал сурашып кайттым. Аскар Акаевич Кыргызстандагы ызы-чуу, тоз-тополоң чыгып кетүү жагын такыр каалабайт. Кандай гана кырдаал болбосун, баардык иш Башмыйзамдын алкагында болушун кыялданат. Бийликтен өч алуу боюнча эч кандай радикалдуу чакырык же кадамдарга барбасы белгилүү. Андай ою дагы жок. Ушул күндөрү баш-оту менен биротоло илимге сүңгүп кирип кеткен.
Ал эми Минскиге болгон сапарым боюнча, буга дейре өзүңөр жакшы билгендей, мен Курманбек Бакиевдин учурунда дал ошол бакиевдердин бийлиги тарабынан абдан чоң куугунтук көргөм. Дээрлик 2 жылдын тегерегинде куугунтуктан башым чыккан жок. Эч кандай күнөөсүз экениме карабай, соттоп жибергенге да үлгүрүшкөн. Муну менин ашынган душманым деле тана албайт. Билесиңер да, мен бакиевдер тууралуу алардын дарегине “канкор” деген сыяктуу абдан ачуу сөздөрдү жазып, ушул күндөргө чейин сындап келгем. Ушундай сындардан кийин жакында Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев мага байланышка чыгып, “Адилет, кечке эле атамды сындай бересиң, эгер туура көрсөң, атам менен маектешпейсиңби? Мен жолугуштурайын. Ичиңдеги суроолоруңдун баарын ал кишинин өзүнө көзмө-көз жолугуп узатпайсыңбы?” деген сунушу менен чыкты. Мен макулдугумду берип, алгач суроолорумду түзүп, интернеттен жөнөттүм. Баса, “Эгемен” деген ушакчы гезит жазгандай, эч кандай машинеси жок эле алгач Оштон Москвага учуп, ал жерден Аскар Акаевичке жолуккандан кийин, андан ары сапарымды Минскини көздөй улап, поезд менен эле барып келдим.
–Жаныш Бакиев кандай жүрүптүр анан? Духу кандай экен? Эмнелерди божурады?
–Духу жакшыдай көрүндү. Ал-абалына, ден-соолугунун кандай экендигине деле кызыкканым жок. Кандай болуп калгандыгын же өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн мурда-кийин аны менен сүйлөшүп же жакындан тааныбаган соң кантип айтам? Аны биздин гезитке чыккан маеги, сүрөттөрү жарыяланганда, бир кездери жанында жандап жүрүшкөн кошоматчылары ажыратып, салыштырбаса эле, мен кантип салыштырам? Маектешүү эч жасалмасыз, кызык маанайда уланды. Баарлашууда абдан курч суроолор берилди. 5 сааттан ашык маектештик. Соттолуп жаткан кылмышкердин деле өз чындыгын, анын ой пикирин угуш үчүн акыркы сөз берилет го. Андыктан, журналист болгондон кийин мен дагы Жаныш Бакиевдин 2005-жылдын 26-мартындагы Улуттук банктын Жалал-Абад облустук филиалынан тонолгон 22 миллион сом боюнча козголгон кылмыш ишинен баштап, былтыркы Алманбет Анапияевдин өлүмүнө чейинки анын атына жабыштырылган жарлыктардын баардыгын суроого үлгүрдүм. Баардыгына токтоолук менен жооп узатты. Эч кандай эмоцияга алдырган жок. Маектин толук версиясын кийинки аптадан тарта өзүм кожоюндук кылган “Искра Плюс” гезитине сандан-санга жарыяланмакчы. Бийликтеги бир топ сырларды ачам…
–Анын кандай маек бергени коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатпайбы?..
–Жаныш Бакиевдин пикири, албетте, коомчулукта кызыгуу туудурары талашсыз. Ал агасынын 5 жылдык башкаруу доорунда деле эч бир маек бербептир. Алтургай, 2010-жылдын 7-апрелинен бери деле ага карата канчалаган айыптоолор болгонуна карабай, бирине да комментарий берип, өз чындыгын жарыя кылбаптыр. Ал абдан көп персоналдар жөнүндө пикирин айтты. Айрыкча, азыркы бийликтеги ошол эле ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевдин иш-аракеттери боюнча, Убактылуу өкмөт, анын ичинде президент Алмаз Атамбаев жөнүндө, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Медет Садыркулов, Санжар Кадыралиев баштаган буюртма киши өлтүрүүлөр, Сыргак Абдылдаевге, Эмилбек Каптагаевге карата кол салуу тууралуу курч-курч суроолорумду бердим. Баардыгына жооп узатып, өз чындыгын жарыя кылды. Өзгөчө бакиевдердин режимине кызмат кылып, эми учурдагы бийликке мурда-кийин эчтеке билбегенсип, келиндей жүгүнүп, кызмат өтөп жатышкан “көзүрлөр” Аалы Карашев, Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Жалил Атамбаев сыяктуу бир топ фигуралар боюнча, алардын жүзүн ачкан пикирлерин ортого таштады. Кудай буюрса, кийинки аптада маекти күтүп турсаңар болот.
–Көп фигуралар жөнүндө айткан турбайбы. Жок дегенде бир персонага айткан пикирине токтолуп койбойсузбу? Гезит окурмандарынын деле маалыматтык муктаждыгын сыйлап…
–Эмне деп айтканы азырынча сыр боло турсун. Бирок, мурдагы алардын үй-бүлөсүнө жасалып жүргөн мамилелер, айрыкча, бүгүнкү КСДПчы Чыныбай Турсунбеков менен Азамат Арапбаевдердин ашкере кошоматчылыктары, эмнелерди сунушташкандыгы, Жаныш Бакиевдин кеңсесинен чыгышпай жүргөндөрү баары баяндалат. Күтө тургула.
–Бакиевдерде элдин эсебинен чогултуп алган миллиондор жок эмес да. Сыр болбосо, барган-келген жол кире, калем акы сындуу чыгымдарга жакшы эле төлөшкөндүр? Социалдык түйүндөрдө, айрыкча жаштар бул боюнча коомчулук катуу талкуу жүргүзүп жатышат…
–Кимдир бирөөлөр ишенишеби же ишенишпейби, мага баары бир. Кудайдын алдында ар бир адам өзү жооп берет. Мен Кыргызстандан Москвага, Минскиге кетип жатканда жол киреге кетчү чыгымдардын баарысын тааныштардан карыздап чогултуп кеткем. Азыр да 300 доллардан ашык карызым бар. Ачык айтканда, өздөрү деле “жол киресин төлөп берели” деп сунушташты. Мен андан сыпайы гана баш тарттым. Жаныш Бакиевдин жанында болгон 5 сааттан ашык убактымда тамактанууга дагы ашыкча убакыт болгон жок. Кайра поездге жетишип калуу үчүн маек алаарым менен кетүүгө туура келди.
–Ал баары бир канчалык актанбасын, кимдир бирөөлөрдүн жүзүн ачпасын, тарыхта колу кан канкор катары калды. Керек болсо, сот тарабынан айыбы ашкереленип, өмүр бою сыртынан кесилди да?..
–Мен деле ага өмүр бою эркинен ажыратылып, генералдык чинин да фемида өкүлдөрү сыйрып салышкандыгын айтсам, ал киши: “Мен Кыргызстандагы бизге карата өткөн соттун өкүмдөрүн тааныбайм. Мунун баары азыркы бийликтин басым-кысымы менен өткөрүлгөн сот процесси. Соттук териштирүүлөр объективдүү өткөн жок. Качан объективдүү сот болот, ошондо мен актыгымды далилдейм” деген пикирин билдирди.
–Дагы эле актанып, “күнөөсүз экендигимди далилдейм” деп көшөрүп жаткан тура. Деги ушул тынч уктайбы? 7-апрелде, Медет Садыркулов баштаган маркумдардын рухтары түшүнө кирбейт бекен?
–Эми кандай уктаарын өзүнөн сурагыла. Биздин интервью орустар айтмакчы, адекватный интервью болду. Мен суроолорду калкып чыккан фактыларга, соттун чечимдерине, прокуратура органдарынын айыптоолоруна, күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө негиздеп узаттым. Адамдык жеке маселелерге өткөн жокпуз. Негизинен эле менин табиятым андайга жол бербейт. Албетте, Медет Садыркулов боюнча 7 суроо берилди. Баардыгына жооп узатты.
–Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар бекен?
–Ал жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз.
–Курманбек Бакиев менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болдубу?
–Жо-ок, бир гана Жаныш Бакиев менен жолуктум. Ачык айтканда, Курманбек Бакиев менен жолугушуп, маек алганга кызыкчылыгым деле жок. Себеби, президент болуп мамлекетти башкарган адамдар көп майда-чүйдө көшөгө артындагы окуяларды байкабай калышат да. Алар негизинен расмий маалыматтарга таянып гана жооп беришет. Анан калса, Курманбек Бакиев менен буга чейин маектешип келгендер бар дегендей. А мен дың бузуп, күтүүсүз жерден күтүүсүз инсандар менен маектешүүнү жактырам. Мага журналист катары тээ баштатан эле ар бир бийликтин тушундагы көмүскөдөн өлкөнү башкарышкан “серый кардиналдардан” пикирлери кызык. Алардан маек алган жагат. Бул эми журналисттик азарт да. Маселен, мага азыркы бийликтеги айтылуу Икрамжан Илмияновдун ичинде эмне жатат, эмне жөнүндө ой жүгүртөөрү, дегеле ушул персонанын пикири кызык. Маркум Медет Садыркулов тирүү болсо, анын деле артынан кууп жүрүп, маек алмакмын.
–Аскар Акаев дагы билдиби Жаныш Бакиевден маек алууга жөнөп жатканыңызды?
–Жо-ок. Жаныш Бакиевге маек алганы бара жатканымды эч кимге деле айткан жокмун. Минскиге болгон сапарымды мүмкүн болушунча барып келгенге чейин эч кимге айтпай турууну чечкем. Ар кандай бут тосуулар болбосу үчүн. Анын ичинде Аскар Акаевичке деле айткан эмесмин. Үй-бүлөм, жакын адамдарым гана билчү.
Калыгул Бейшекеев
Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: