Menu

Башы жок болсо Балыкчы бийлигиндеги бардактарды ким тыят?

Бөлүшүү:

Балыкчы калаа бийлигинде кадрдык кризис, башаламандык барган сайын чекке жетип, куттуу калаанын кутун учурушууда. Жакында өткөн шаардык кеңештин шайлоосунда бийликчил КСДПнын Балыкчыдагы өкүлдөрү араңдан-зорго (жергиликтүү бийликтин түртмөлөөсү менен) 5 мандатка ээ болгонуна карабай, шаардык кеңештин төрагалыгын алууга жан үрөп жатышканы кандай?

КСДПнын борбордук штабына артын такаган бизнесмен Сталбек Молдалиев мамлекеттик башкаруудан тажрыйбасы жок, түшүнүгү тайкы балапан ооз “жаш чыйпыт” Азамат Жумакадыровду шаардык кеңештин төрагалыгына түртмөлөп жатканы таңгалдырууда. Улам келген мэри Балыкчы шаарынын кутун учуруп, жеп-ичип, былыгы ашкереленип жатса, шаардык кеңешке мурда-кийин мамкызматтан кыпындай тажрыйба күтпөгөн эргулду төрагалыкка түртүшкөнү акылга сыябы?

Баса, учурдагы Балыкчы мэринин милдетин аткаруучу Сатыбек Шамшудиновго буга дейре кылмыш иши козголгонуна карабай, камалып кеткендин ордуна шаарды бийлеп, ушул кезге дейре бийлик жүргүзгөнүн кандайча түшүнөбүз? Кызыгы, бу Сатыбек жакынкы күндөрү бир күн камакка алынып, эртеси суудан кургак чыккандай образ жаратып, чыгып кеткенби? Шаар бийлигиндеги кадрдык кризистер, жергиликтүү чиновниктердин былыктары муну менен эле токточудай эмес.

Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун ишиндеги бир катар былыктарын буга чейин жазганыбызды унута элексиңерби? Ага карата ачуу сындарыбыз жарыяланган соң, Балыкчы шаарынын жергиликтүү активисттери да Базарбековдун үстүнөн президентке, сотторду тандоо кеңешине үстүккө-босток арыздангандары бар.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев өз учурунда Замирбек Базарбековго карата айтылган сындардан кийин, анын жоопкерчилигин кароону сотторду тандоо турунда каралаарын айткан убадасын унута элек болду бекен? Жакынкы күндөрдү жергиликтүү аймактардагы сотторду тандоо туру башталганы турат.

Мындай шартта Шамарал Майчиев Базарбековдун жоопкерчилигин карап, сынакта аны жардан ары ыргытпаса, араң турган Балыкчы эли козголуп кетпейби? Баса, судья Базарбеков Балыкчы элин адилетсиз чечимдери менен чексиз кыжырдантып, чекке жеткиргени качан ачыкталат? Президенттик аппарат Балыкчы бийлигиндеги мындай кадрдык ыраатсыздыкка көңүл буруп,тез арада чечим кабыл албаса, абал жакшы болуп бүтпөйт го? Дал ушундай КСДПнын артына жашынган чабал кадрлар качанкыга чейин көө сүртүшү керек? Ар нерсенин чеги бар да.

Алтын Миртанов, Балыкчы шаары

Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: