Menu

Жолборс Жоробеков, саясат талдоочу: “Бузулган элге бучуктан бийби? Кыргызстан качан оңолот? Ким оңойт?”

Бөлүшүү:

Азыр бийликте олтургандар жүзгө жакын жигиттердин каны аркылуу бийликке келишти. Мына ага да алты жылдай убакыт өттү, элдин турмуш-тиричилигинде кандайдыр бир алгылыктуу көзгө көрүнгөн оӊолуу байкалбайт. Анын ордуна партия-партияга бөлүнүп, же жаӊы партияларды түзүп, элдин башын айландырып, элден уурдалган акчаларга элдин добушун сатып алып, чак-челекей эле түшүп жатышат. Бизде азыр Кыргызстанда “кантип экономиканы көтөрөбүз, элдин турмуш тиричилигин кантип оӊдойбуз, кантип элибизди баргерчилик жакшы заманга жеткиребиз?” дегенден өткөн маселе да, максат да жок. Башка мамлекеттердегидей сырттан-ичтен, капталдан коркунуч, “бизге бирөө кол салат, басып алат, анан бирөөгө көз каранды кул болуп калабыз” жана башка маселе жок. Биздеги өзөктүү да, стратегиялык да, мамлекеттик да бир эле маселе — элибиздин турмуш-тиричилигин оӊдоо. Эми бу Батышты, Американы жөн коёлучу, орустарды эле алалы. Орусия мамлекетинин аброю үчүн алардын Думасында оппортунисти да, оппозициясы да, коммунисти да биригип, Путинди колдоп жатат. Ошондуктан, азыркы бийлик да пайдасы жок дебаттар менен алектенбей, мамлекеттеги өзөктүү маселе элдин турмуш-тиричилигин көтөрүүгө “сен акаевдик, бул бакиевдик” дебестен элди ойлобойлубу? Болбосо коомчулук баарысын көрүп-билип турат. Азыркылар “кантип өзүмдүк бизнесимди көбөйтөм, кантип арак заводумду кеӊейтем, канткенде ресторан, мейманкана, кафе, магазин, эс алуучу жайларымды, санаторияларымды сактап калам, кантип дагы байлыгымды көбөйтөм?” деген эле ой менен мамлекеттик кызматка барып-келип жүрүшөт. Кыргызстанда мыйзамдардын иштеши да ушул эле жогоруда көрсөтүлгөн 500дөй адамдарга эле байланыштуу. Мунун баардыгын биринчи жетекчи, андан кийинки кызмат адамдары ошолор мыйзамды сактаса, калгандар ошого карап эле кетет. Болбосо, Түлеев менен Келдибековдун иштериндей саясатташтырбаса керек.
2010-жылдагы «революциянын» авторлору, анын сценарийин түзгөндөр, ар кандай жагдайларын эске алгандар, кан төгүлүп кетишин да болжогондор, президент, өкмөт, азыр парламентке келгендер өздөрүнчө ич ара консенсуска келип, жөн эле саясый оюндарды ойной бербей, «элдин турмушун кантип оӊдойбуз?» деген ой буларга түнү-күнү уйку бербеши керек. Анткени, убакыт аз калды, 2017-жылы президентти шайлоо келе жатат, ошого чейин депутаттарды жана президентти шайлоону ачык-айрым, таза өткөрүү үчүн шайлоо кодексин түп тамырынан өзгөртүлүүсү лазым.
Албетте, мамлекеттеги иштин эффективдүүлүгү үчүн Сталин айткандай, «кадрлар бардыгын чечет». Бирок, ал кадрларды тандаш, даярдаш, жер-жерлерге адилет дайындалышына, кадр маселесинин акыйкат чечилишине байланыштуу. Ошондон улам азыр атасынан бери керт башынын жыргалчылыгы үчүн, олтурган креслосун сактап калуу үчүн кайсы бийликтин тушунда болбосун хамелеондой миӊ кубулуп, кезектеги шефке жагынууну мыкты өздөштүрүп алган жылмаӊдагандардан арылып, мыкты кесипкөй, өз ишин жакшы билген интеллектуалдардын келиши керек. Бузулбаган таза, илимдүү, жаӊыча ой жүгүрткөн жаштардын чоӊ тобун даярдоодо, аларды чоӊ саясатка, парламентке алып келүүдө өткөн парламенттик  шайлоодо президент өзү жетектеген партиянын чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, андай болбой эле башка партиялардай эле мурда ичип-жегендер, жергиликтүү олигархтар, шектүү акчасы барлар жана «баланча акча бердим» дегендер, илим-билимсиз, сопусунган мурда кесилгендер, «президент менен сүйлөшүп, тилин таптым» дегендердин чоң тобу келди (албетте, баарысы эмес). Муну ошол президенттин партиясынан келгендердин кээ бирлери массалык маалымат каражаттарынан ачык эле жазып-айтып жүрүшпөйбү (Момбеков). Болбосо, бул партияда (СДПК) административдик ресурс да, финансылык каражат жана президенттин аброю да жетиштүү эле. Албетте, кадрларды даярдоодо Союздун убагында бир топ алгылыктуу тажрыйбалар бар эле, алардын алгылыктууларын азыр деле эмне үчүн пайдаланганга болбосун? Айталы, кайсы бир кызматка ошол системанын эӊ төмөнкү тепкичинен жогорулап келээр эле. Азыр эми бир күн да ошол системада иштебеген адам мамлекеттик чоң-чоң кызматарда отурушат. Болбосо алардын айрымдарынын мыйзамында жазылып жүрөт, “кеминде он жыл ушул системада иштеш керек” деп. Болбосо, мына кошуналарыбыз казактар менен орустарды эле албайлыбы. Мисалы, казак президенти келечектүү жаштарга саресеп салды. А.Сарсенбаев, М.Тажин, И.Тасмуганбетов, К.Бурханов ж.б. (булар эми мен тааныгандар эле) ондогон казак, орус, башка улуттардагы жигиттерди ишин, потенциалын байкап, алардын жазган макала, китептерин окуп, же чогулуш, конференция ж.б. жерлерде сүйлөгөнүн угуп эле өзүнө чакырып, «Казакстан үчүн иштейли» деп өзү жетектеген партияга, апаратына, коомдук башка кызматтарга тартып, акырындан өстүрүп, азыр алар ири мамлекеттик кызматкерлерге айланышты. Болбосо алардын эч кимиси Назарбаев менен уруусу, же ата-жотосу, тааныш-билиши жагынан жакындыгы жок, жердеш эмес, биз билебиз да.
В.Путиндин партиясы болгон «Единая Россияда» канчалаган илимдин доктору, академиктер, олимпиаданын чемпиондору, артистер, Оруссияга эмгеги сиңген абройлу адамдардын чоң тобу бар. Булар Думанын эле эмес, Орусиянын өңү-түсү. Бизде деле биздин эркин мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн түптөгөн адамдар, илимдин-техниканын докторлору, Кыргызстандын желегин дүнөлүк мелдештерде көтөргөн спортсмендер, олимпиаданын чемпиондору, кыргызды чет элге таанытып жүргөн чыгаан артисттер, өзүнүн жупунулугу, айткан-дегендери менен Кыргызстанга белгилүү инсандар, чет жерден абройлуу окуу жайларын бүтүп келген азыркы нано-технологияны бүгүнкү деңгээлде өздөштүргөн, көп тилде сүйлөй алган жаштар жок дейсизби? Бар, албетте, бирок, акчасы жок. Демек, Кыргызстанга кереги жок. Коомдогу мына ушул мүчүлүштүктү жоюуда президенттин партиясы СДПКнын чоң мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, пайдалана алышпады. Бүгүнкү СДПКнын депутаттары калган партиялардан эч нерсеси менен айрымаланбайт. Ошол эле шектүү адамдар, ошол эле акчалуулар, ошол эле илим-билимсиз сопусунган адамдар. Карап көргүлө, азыркы 120 депутаттын көп болсо 4-5нин гана акчасы жок. Калганынын баардыгы коомдук процесске, жашоого бирдей ой жүгүрткөндөр. Дүйнөлүк практикада мамлекетти башкарууда тажрыйбасы мол адамдар-консерваторлор менен жаңыча ой жүгүрткөн либералдардын тең салмактуулугу сакталса гана мамлекет өсөт-өнүгөт.
Биздеги шарт эч кандай тажырыйбага жатпайт, СДПК баш болуп, «бул бизге караштуу», «бул биздики эмес», «бул биздин киши» деп бөлүштүрүп турушат. Бул тескерисинен, бийликтеги партия баардык көз караштагы жарандарды бириктирүүгө аракеттенүүсү керек эле.
Азыр эми элдин сөзүнө ишенсек, президент өзү эмес, анын айланасындагылар кечээки шайлоодо тизме түзүүдөн миллиондогон акча чогултуп алган имиш. Ал гана эмес, конкреттүү кимдин-кимге канча жүз миӊ доллар бергенин тим эле жанында тургандай айтышат. Ишенгиң келбейт, бирок, биринчиден, чынында эле депутаттардын тизмесин карап олтуруп ишенбегенге аргаң жок, экинчиден, бул сөздөр жөндөн-жөн эле чыга бербейт да, мындай сөздөргө жол бербеш керек, мүмкүнчүлүгүнө карап айтылган, жазылган жерлерде тактап, элге ачык айрым маалымат бериш керек. Болбосо мунун баары президенттин аброюна, жалпы эле бийликке шек келтирип жатпайбы. Мына ошондо гана шектүү ойлордон элдин ар түрдүү божомолдорунан арылабыз.
Менин оюмча, азыркы президент колунан келгенин жасады, мүмкүн мындан да башкачарак болот беле? Ким билет? Тегерегиндегилер мурдатан (Акаев-Бакиев замандан бери) чырмалышып, бири-бирине байланышып калыптанып калган стреотиптерди бузуу кыйынга тургандыр, жөнөкөй эле пенделик жагынан да ошолор менен үзөнгүлөш, жолдош, куда-сөөк, адамдык мамилелерде болгондур, бирок, өз миссиясын өтөп бүттү. Бирок, эшикти жабаардан мурда өтө чоң бир милдет бар. Ал жогруда белгиленгнедей, президентти жана депутаттарды шайлаган шайлоо кодексине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү. Албетте, өткөн шайлоодо аппараттарды киргизүү өтө чоң жаңылык болду, ошентсе да айрым бир күдүк шектенүүлөр орун алды. Эми бул техникалык жагы дейличи. Ал эми президенттик шайлоодо мындан 15 жыл мурда Кыргызстандын саясатындагы көрүнүктүү фигура, азыр саясый илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы саясатты ичинен да, сыртынан да жакшы билген Жумагул Сааданбеков: «Президент бир срок түштүктөн, бир срок Түндүктөн деп эле Конституцияга киргизип коюш керек» деген эле, же ушуга барсакпы? А болбосо коомчулукта традициялуу түрдө президентке ишеним кредити жогору. Ошондуктан, аракеттеги президент көпчүлүктү ынандырган баардык саясый күчтөрдү башын бириктире алган (башка партиядан болсо да), көпчүлүк макул болгон инсанга ставка жасаса. Канткен күндө да ачык-айрым «акчасы менен бүтүрүп алды» дегенден алыс бир консенсуска алып келсе. Дагы жүзгө жакыны «президент болобуз» деп чыгып, уят болобузбу?
Эми канткенде шайлоолорду таза өткөрөбүз? Муну мыйзам менен оӊдосо болот. Азыр биздин эл «кайсыл кандидат канча сом берет, кайсы кандидат жолду оӊдотот, ким бизге трансформатор койдуруп берет, ким көпүрө салып берет?» дешүүдө. Конкреттүү маселени коюп, чынында ким ошону жасаса, ошого добушун берет. Депутаттыктын вазипасы ал эмес да. Болбосо акча берип, элдин добушун сатып алып жүрүп, элди биз буздук. Ал акча кайдан келди, уурдалганбы, наркотика сатып топтолгонбу, четтен келген радикалдык диндик уюмдардыкыбы, адамдарды өлтүрүп тапканбы, өкмөттөн уурдалганбы, коррупциялык жол мененби, же криминалдар аркылуу тапканбы? Элдин аны менен иши жок, «атасына рахмат, март жигит экен. Бизге муну жасады, тигини кылды, баланчадан акча берди»,-деп мактайт. Кыскасы, эл депутат болуучулардын башына эмес, чөнтөгүн гана карап калды. Ошонун аркасынан азыр учурда парламентке акчасы бар, башы жок, билимсиз, криминал, шылуун, мамлекетти тоногондор, коррупционерлер келди.
Жолборс Жоробеков
Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: