Menu

Кеменгер кеп: Сенин кучагыңда гана канча өмүрүм бөөдө кеткенин сездим…

Бөлүшүү:

Адамды жок кылыш үчүн көп нерсенин деле кереги жок: ал жасап аткан иштин эч кимге кереги жок экендигине ынындырып койсоң эле чүнчүп, жок болуп кетет.
(Федор Достоевский)
–Өзүңдү-өзүң сотто,-деди король, -Бул эң кыйын нерсе. Башкаларды соттогонго караганда өзүңдү-өзүң соттош кыйын. Эгер өзүңдү туура соттой алсаң, демек, сен чыныгы даанышмансың.
(Антуан де Сент-Экзюпери «Кичинекей ханзада»)
Баары жакшы болот. Бирок, дароо эмес.
(Макс Фрай)
Эгер сен өзүңө кереги жок нерсени талап кылбасаң, сага керектүү нерсе өзү келет.
(Нисаргадатта Махарадж)
Аял эркекти өзүнүн ал жөнүндөгү ой-кыялдары менен жаратат. Эркек аялды ага болгон мамилеси менен жаратат.
(Мария Мавэла)
Нормалдуу адам бийликке жологусу келбейт. Демек, бийликте отургандардын баары ненормальныйлар.
(Джордж Оруэлл)
Түн бир оокумда мага телефон чалгыла досторум, “ойготуп салам, уйкусун бузам” деп коркпогула. “Чалайын” десең киши жок болуп калган жаман күндөр жакындап келатат.
(И.Губерман)
Эмгек эзип, чаалыктырганга караганда жалкоолук дат сыяктуу батыраак жейт.
(Франклин Рузвельт)
Лифт ийгиликке жеткирбейт. Тепкичтерди пайдалангыла, улам бир тепкичтен жогорулап отургула.
(Джо Жирар)
Сени көзүңө тике карап туруп, тилдеген киши эч качан жамандык кылбайт.
(Бусидо кодекси)
Кээде жакшы көрүш үчүн жакындабастан, алысташ керек.
(Максим Горький)
Сабырдуулук жана чыдамкайлык — бул ички күчтүн эң улуу көрүнүшү. Андай күчү бар киши каалаган нерсесинин баарына жете алат.
(Бенджамин Франклин)
Жазды күткөн — бейишти күткөн сыяктуу.
(Стивен Кинг)
Эгер менден “күйүп аткан үйдөн эмнени алмаксың?” деп сурашса, мен “отту” деп жооп бермекмин.
(Жан Кокто)
Эркекти бактысы “мен каалайм” деп аталат. Аялдын бактысы “ал каалайт” деп аталат.
(Фридрих Ницше)
Мен өзүм жоготкон нерселерден жаралгам.
(Эмиль Чоран)
Коштошуу — бул бир аз, бир аз өлүү.
(Раймонд Чандлер)
Жылуу мамилеге туш болмоюнча айсберг өзүн муз сезе берет.
(Михаил Мамчич)
Курмандык болбоонун жападан жалгыз жолу — желдет болуу.
(Линор Горалик, Сергей Кузнецов “Жок”)
Учкан кишини элдин баары жек көрүшөт.
(Фридрих Ницше)
Эгер мен атка минип, анан ат адашып калса, бул үчүн атым эмес, мен күнөөлүүмүн.
(Антуан де Сент-Экзюпери)
Согуш дайыма болот, себеби, адам өзү ошондой жаралган.
(Маргарет Митчелл)
Жеңүүчүлөрдүн эч кимиси кокустукка ишенишпейт.
(Фридрих Ницше)
–Адамдар кайда?-деди кичинекей ханзада, -Чөлдө өзүңдү аябай жалгыз сезет экенсиң.
–Адамдардын арасында деле өзүңдү жалгыз сезесиң,-деди жылан.
(Антуан де Сент-Экзюпери “Кичинекей ханзада”)
Канчалык даанышман болсоң да, үшүгөн кезде калчылдайсың.
(Цицерон)
Жылаңачтык беттен, уятсыздык сөздөн башталат.
(Симона де Бовуар)
Келесоолор гана “мен келесоо эмесмин” дешет.
(Эрих Мария Ремарк)
Адамдар курсагы ач кезде бат чырдашышат.
(Джеймс Джойс)
Кээде керемет, ажайып көздөр коргошун окко караганда да катуу жарадар кылат.
(Майн Рид)
Мен аябай эрке бала болчумун, ошон үчүн аёосуз, таш боор болуп чоңойдум.
(Мюриель Барбери)
Турпатын эч кандай кийим жаап-жашыра албай турган кишилер болот.
(Питер Хёг)
Адамдар күн сайын түштөнгөндөн, кечки тамак ичкенден кантип тажашпайт болду экен?
(Иван Бунин)
Сенин кучагыңда гана канча өмүрүм бөөдө кеткенин сездим…
(Немер Ибн Аль Баруд)
Даярдаган Мамат Сабыров
Булак: “АЗИЯnews”
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: