Menu

Канатбек Исаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери: “Темир Сариев тендер боюнча сөзсүз жооп берет”

Бөлүшүү:

–Канатбек Кедейканович, бүгүн Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоо боюнча тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссия тендер өткөрүүдө бир топ мыйзам бузууларга жол берилгенин жарыя кылды. Ал кандай мыйзам бузуулар экендигин конкреттештирип айтып бере аласызбы?
–Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 25 жылдан бери сырттан келген акча каражаттарынын көбү жол тармагына жумшалган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, сарпталган 4 млрд. доллардын 3 миллиарды жол курууга кетиптир.Тилекке каршы, ошондой чоң акча сарпталган жолдордун баарын тең чет элдик фирмалар курган. Анткени, акчаны бөлүп берген эл аралык уюмдар, банктар өздөрү тендер өткөрүп, өздөрү талаптарды коюшкан. Тилекке каршы, атамекендик фирмалар мындай тендерлерге катышууга мүмкүндүк ала алышкан эмес. Негизинен ирандык, түркиялык, кытайлык фирмалар жеңүүчү деп табылып, өздөрүнүн техникаларын, адистерин алып келип иштетишкендери маалым. Демек, бөлүнгөн акчанын чоң бөлүгү кайра эле ошол мамлекеттердин чөнтөгүнө кетти деп корутундуласак болот. Былтыр 7 млрд. сомго жакын Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 104 чакырымына асфальт төшөөгө тендер өткөрүлгөн. Атамекендик жол куруу фирмалары катышкандыгына карабастан, одоно мыйзам бузуу жолу менен “Лонг Хай” аттуу Кытай фирмасына алып берип коюшканы ачыкталууда. Тендерге катыша турган фирмаларга коюлчу эң чоң талап –тиешелүү деңгээлдеги лицензияга ээ болуусу. Бирок, тендер өткөрүлгөн маалда биз сөз кылган “Лонг Хай” Кытай фирмасынын тиешелүү лицензияга ээ эместиги, тендер аяктаган соң гана лицензия алып отурганы кызык факт. Ошентип, бул тендерде өкмөт бир топ мыйзам бузууларга жол берген. Атап айтсак, өкмөттүн токтому кабыл алынып жатканда регламентке ылайык, транспорт жана коммуникациялар министри Кыргызстанда болсо, өзү кол коюшу шарт эле. Реконструкциялоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну камтыган №508-токтом кабыл алынып жатканда, аталган министрликтин министри эмес, орун басары Улан Уезбаев мырза кол койгон. Мындан тышкары, жеңүүчү деп табылган фирмага 6,8 млрд. сом сунуш кылынганы менен, бул каражат 2016-жылдын бюджетинде каралган эмес. Каржылоо булактары так аныкталбаган мындай шектүү тендер бүгүн ар кандай кызыктуу фактылар менен ачыкталып отурат. Маселен, жогорудагы “Лонг Хай” кытай фирмасынын 3 даражадагы лицензиясы асфальтка эмес, жолдордогу тешиктерди жамаганга, таш жолдорду салганга гана берилет. Бүгүнкү күндө эл аралык маанидеги жолду мындай күмөндүү фирманын куруп жатканы — бир топ күдүк ойлорду жаратууда.
Аталган тендердин өтүшүндө бир топ коррупциялык элементтер бар деп мен Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында айткам. Арадан төрт ай өтсө дагы өкмөт тарабынан кайдыгер мамиле жасалып, эч кандай чара көрүлбөдү. Качан гана депутаттардын иликтөө комиссиясы түзүлүп, бул маалыматтар коомчулукка тарап кеткенден кийин гана өкмөт тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, “транспорт жана коммуникация министри кызматынан четтетилсин” деген сунуш берип атат. Албетте, “транспорт жана коммуникация министринин күнөөсү жок” деп айткандан алысмын. Бирок, өкмөт башчы катары премьер-министр да толук кандуу жоопкерчилик тартышы зарыл. Анткени, ал өзүнүн токтомунда толук көзөмөл катары “өкмөттүн транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн” деп тапшырма берип атат. Бирок, өкмөттүн ал бөлүмүда толук көзөмөл жүргүзгөн эмес.
–Тендердик комиссияда да сабаттуу эле кишилер отурушат да. Кытай фирмасынын лицензиясы жок экенин көргөндө аны тендерге жолотпой коюшу керек болчу. Мындай алешемдикке көз жуумп койгондоруна караганда өздөрүнүн кызыкчылыгы болгон эмеспи?
–Ошол эле тендерде башка төрт фирманы (эки кыргыз, эки түрк фирмасын) “2-даражадагы лицензиясы жок” деп четтетип коюшкан. А кытайлык фирманын экинчи эмес, үчүнчү даражадагы лицензиясы жок болсо да, өткөрүп жатышат. Демек, бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы көз көрүнөө. Аталган Кытай фирмасы Кыргызстанга өкүлчүлүк ачканда бир кыргыз жигитти дайындашкан. Ал өкмөттөгү өтө таасирдүү адамдын жакындары болуп чыгууда.
–“Өкмөт башчынын туугандары” деп айтылды. Бул канчалык так маалымат?
–Туугандары экенин билбейт экем, муну эми укук коргоо органдары тастыктап беришет го…
–Депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү жеке гана транспорт министри жоопкерчилик тартпастан, өкмөт башчысы да отставкага кетиши керек экенин айтышты. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
–Эми эл аралык маанидеги мындай чоң тендер болгондон кийин өкмөт башчысы катары Темир Сариев сөзсүз жооп бериши керек. Маселен, токтомду кабыл алып жатканда “104 чакырымды бүткөнгө мүмкүнчүлүк барбы, же жокпу?” деп министрден  такташ керек болчу. Мына, “Кыргыз жол долбоор” ишканасы “быйыл бүтүргөнгө мүмкүн эмес” деп өзүнүн корутундусун берип атат. Министрдин макулдугун сурабай, “Кыргыз жол долбоордун” корутундусун эске албай туруп, министрдин орун басарына кол койдуртуп, департаментке тендер өткөрүү боюнча тапшырма бергени, албетте, мыйзамсыз болууда. Мындай алабарман иштердин кесепетинен бүгүн каржы булагы аныкталбай, каржы министрлиги акча бөлүп бере албай, Кытай фирмасы ишти токтотууга мажбур болду.
Депутаттык комиссиянын негизги тыянагы кандай болду жана сиздердин кийинки кадамыңыздар кандай болмокчу?
–Бир топ ой пикирлер, сунуштар айтылды, алардын баары эске алынат. Комиссия негизинен өзүнүн ишин аяктап калды. Жума күнү акыркы жыйынга чогулабыз. Дагы тастыкталган маалымдамалар ортого салынып, ага комиссия мүчөлөрү макул болушса, биз аны пленардык жыйынга алып чыгабыз.
Керим Мурас
Булак: “АЗИЯnews”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: