Menu

Кенжебек Арыкбаев: “Араларында алты жылда алты башка партияга “тийип” чыккандар жүрөт”

Бөлүшүү:

 

Бүгүн 7-апрель. Бул күн эгемендүү кыргыз мамлекетинин тарыхында өлкөбүздөгү жашаган адамдардын улуу үмүттөрү болуп көрбөгөндөй ишеничке баткан күн! Ошол үмүттөр үчүн өмүрлөр сайылган. Баарыбыз улуу бурулуштарга терең ишенген учур. Эл башына жаңы келгендерибиз да “аз гана убакыт берсеңер биз баарын гүлдөтөбүз” дешкен. Анан да ооздорун бирөө тырмагансып, “Манастын” антын кайталап, “ушул айткандарыбыздан кайтсак төбөсү ачык көк урсун” деп карганышкан. “Кагылайын калайык калк, биз силерге кул болуп берүүгө даярбыз!” дешип…     

2010-жылдын апрель революциясынан кийин эл чынында эле өлкөдө зор бурулуштар болорун күткөн. Андан бери алты жыл өттү. Алигиче андай болбой жатпайбы? Тек муздак топуракты жамынган жүздөн ашык баатыр жер алдында калды. Үмүттөрү суу сепкендей өчкөн эл калды. Бийликтегилер ошол кандуу окуядан курман болгондордун саны канчага жеткенин деле толук билбейт окшойт. Ал күнү Акүй алдындагы окко учкан баатырларды гана эсепке алып жүрүшкөндөй. Алты жыл ичинде алардан тышкары денелерине кирген октун жаратынан канча азамат көз жумду? Кийин кайтыш болгон ошол эрлердин бирөөсүнө барып топурак салыштыбы? Жергиликтүү жетекчилер эмес, хан сарайдагыларды айтам. Алардын ага-туугандарына барып көңүл айтыштыбы? Андан тышкары, нечендеген азаматтар майып болуп калышты. Атаганат, арман! Апрель соту болсо, 6 жылга созулуп кетти. Эмне үчүн? Кезинде 70 миллиондон ашык адамдардын өмүрүн алган экинчи дүйнөлүк согуштун күнөөкөрлөрүн соттогон эл аралык Нюрнберг процесси 11 ай, 20 күндө аяктаган. Күнєєлүүлєр жазаланган… Азыр бирдеме болсо эле бийликтегилердин мактангандары бул: “Үй-бүлөлүк башкарууну жок кылдык”. Муну алар бир айтып бир койбойт. Эки айтып эки койбойт. Ал эми өздөрү жөндөй албай оңунан чыкпаган иштер үчүн Акаев менен Бакиевди айыптап келишет. Бирок, ошол эле эки экстин жан-жөөкөрлөрү менен “шилекей алышып” кеткендерин айткылары келишпейт. Башкасын кой, ушу тапта “биз революционербиз” деген КСДПнын арасында кимдер гана жок? Өткөн ошол революциянын бирден-бир себеби болгон энерго тармагындагы “ширшовдук коррупциялык схемалар” азыр да өкүм сүрүп жатканы жалганбы? Бул туурасында А.Атамбаев өзү да айткан. Жаңы бийликтин эле доорунда. “Ширшовдун схемалары дале иштеп жатат” деп. Так ошол кездерде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү ага чейин болуп көрбөгөндөй азайып кеткен. Демек, андан чыккан оңбогондой энергия кайда жоголгон? Ошол иш үчүн тийиштүү министрликтин жетекчилиги буудайдын данындай болсо да жоопкерчилик тартты беле? Ошондо энерго тармактар парламентте кайсы фракциянын ээлигинде эле? Кечээ жакында болсо “Балыкчы-Корумду” жолундагы тендерде каратып туруп, 1 миллиард 200 миллион сомду “сугунуп ийишиптир” деп жаткан ага тиешелүү министрликтин башчысы (кезинде К.Бакиевдин чачпагын армансыз кєтєрүп жүргєн) А.Малабаев ал креслого кайсы фракциянын квотасы менен барган? Ушу тапта бүтүндөй бир мамлекеттин саламаттыгын “тейлейм” деп, тейлей албай жаткан Т.Батыралиев деген неменин колдоочусу ким экенин далайлар билет. Андай “айлакер” кадрларды атай берсе толтура. Жоруктарын айтчу болсок, өзүнчө эле “миң бир түн”. “Барчындай өмүрлөрдү алып кеткен революция ушундайлар үчүн жасалды беле?” дегендердин айткандары да жөндүү эмей эмне? Дал ушундай кадрлардын айынан “2013-2017-жылдарда Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы” деген программа аксап турат. Ал программада 77 долбоор каралган. Азыр анын 18и гана бүткөнү белгилүү болду. Калганы 2017-жылдан ары да кетип калышы мүмкүн экен. Муну кечээ жакында өкмөт башчы парламенттин трибунасынан айтты. Ушул “стратегия” алгач арыш алганда, башчыларыбыз элди “бакубат жашоого жеткире турган” олчойгон убадаларды бергеничи? Чынында бул программа А.Атамбаевдин бийлигинин тушундагы мактанаарлык (мактанып да келген), мамлекеттик маанидеги эң ири иш чара болчу. Мындай программалар кандай учурда толук ишке ашат? Бийлик түзүмү качан абийирдүү, акылман, билимдүү, намыстуу, боорукер, мекенчил сапаттагы адамдардан куралганда гана. Учурда канчалаган профессионал кадрлар ишсиз жүрөт. Азыркыларыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ошолорду эмнеге ишке тартпайт? Саясый “риторикаларын” кое туруп. Өткөндө Жогорку Кеңеште Иса Өмүркулов сыяктуу чоң калибрдеги эл өкүлдөрү “эмне үчүн мындай болуп жатат?” дешсе, өкмөт башчыбыз “бизди иштетпей атасыңар” дейт. “Бир тендердин артынан үч комиссия түзүп жатсаңар кантебиз?” деп атпайбы. Алар сопсонун эле иштеп жатса, ким тоскоол болот? Өткөргөн тендерлери тиги. 300 долларлык планшеттерди “900 долларга сатып алдык” дешип. “Жол курабыз” дешип, бир сугунганда бир миллиардан ашык акчаны “ап” деп алып жатышса. Ошол жол деле убагында бүтпөйт окшойт. “Төрт-беш жылга түтө тургандай эптеп чампалап койсо болот. Бирок, беш айдын ичинде долбоордо чийилгендей жолду бүтүрүү мүмкүн эмес” деп жатышат адистер. Ал тендерди ким утуп алган? Компания дегенди кой, жол курууда бир кетмени жок кытайдын эки студенти. Бул жорук депутаттык комиссиянын изилдөөсүндө аныкталууда. Демек, бийлик күнөөнүнү башкалардан издебей өздөрүнөн издешсе болмок. Жоопкерчилик дегенди да жогору коюп. Тартип болуш үчүн ириде өздөрү үлгү болуш керек эле? Алмазбек Атамбаевдин жакшы салыштырган сөзү бар болчу, “Сервантес менен серванттын айырмасын билбегендер бийликте жүрүшөт” деп. Акыркы эки жылдан бери бул сөзүн айтпай калды. Эмнеге? Кезинде Ю.Андропов деген инсан килейген СССРди 8 ай гана башкарып, ошол кыска убакыттын ичинде чалкыган өлкөдө тартип орноткон. Ал киши мамлекети үчүн башын сайып койгонун ушундан көр, бөйрөктөрү жарабай, өлүм менен өмүрдүн ортосунда турса да, тазалыкты туу тутуп иштей берген. Ошондо СССРге расмий сапар менен келген ФРГнын канцлери Гельмут Коль генсектин абалын көрүп, өзүнүн өлкөсүнө дарыланууга чакырат. Бул сунуш чынында эле Ю.Андропов үчүн анын азаптуу дарттан арылып, айыгып кетүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү эле. Бирок, Андропов: “Эгер мен Батыш Германияга барып дарылана турган болсом, “Советтер Союзу капитализимге күнкөр болуп калыптыр” деген сөз чыгат. Өлкөмдүн имиджине доо кетет” деп болбой коет. Эми мындай лидерлер тамшанып эле сөз кылчу чыныгы жетекчилер да. Имидж демекчи, ушул эле “революциялык бийликтин” тушунда “мыйзамдагы ууру” А.Батукаевдин акталып чыгышы кайсы жорукка сыят? “Кызыл килемдин” үстү менен узатылып. Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болсо да. Кыргызстандын имиджине оңбогондой доо кеткен бул ишке бийликтин бийик жериндеги адамдар аралашпаса эч ким даап аракет кыла да албайт болчу. Бирдеме болсо атырылып чыккан ажобуз ошондо неге үндөбөй койду экен?..

…Азыркыларыбыз мактанган “системанын” кебетеси ушу. Же алар өздөрү Конституцияда көрсөтүлбөгөн башка жолго түшүп кеттиби? Болбосо жаңы Башмыйзамдын ырыскысын азыр кимдер көрүп жатат? Жалаң колунда бар байлар. Далайы элдин ырыскын тоноп, тоюнгандар. Мурда азбы-көппү парламентке куржуну жука болсо да эл-журттун кадырына чындап татыган патриоттор келе алышчу. Азыркы Башмыйзам андайлардын укугун тоңдуруп салды. Же партия дегени партиядай болсочу. Араларында алды алты жылда алты башка партияга “тийип” чыккандар жүрөт. Адатта, андай “уюмдун” кичине болсо да идеологиясы, биримдиги болот дечү эле. Бир мандат үчүн “балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын. Кудай урсун!” деп атышат. Э-ээй кургурлар, бу жашоодо ата-эне үчүн баладан ыйык эмне бар?! Анан Өмүрбек Чиркешович кайдагы “сонун системаны” айтып жатат? Уят-сыйыт, нрава деген баалуулуктар баары акча менен өлчөнүп жатса? Туура, буга чейин мурдагы бийлик жүргүзгөндөр тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн Конституция жети жолу өзгөртүлүп, баарында тең үй-бүлөлүк башкаруу каалагандай тепсеген. Ошондон тажаган көпчүлүк “киргизилип жаткан жаңы Башмыйзам жалпы элге эми жарыгын чачат” деп терең ишенген. Карапайым эл кайдан билсин? Ө.Текебаев жана бир кезде (2007-жылы октябрда) К.Бакиевдик Башмыйзамды токуган Д.Нарымбаев экөө андагы кырдаалдагы “ай моментти” пайдаланып, ушундай бир “шөкөттөп” салышаарын. Кезинде Франциянын императору Наполеон мыйзам чыгаруу корпусуна “да, да, пишите, так что бы было коротко и не ясно!” дегендей. Көп өтпөй эстерине келген андагы активисттер, айрым саясатчылар дагы “Башмыйзамды Текебаев өзүнө ылайыктап жазып алган” деп чыккан. Комиссия да түзүлгөн. Бирок, ал комиссиянын башчысы КСДПчы Г.Скрипкина “майда-чүйдөлөрүн эске албаганда дурус эле” деген таризде чечимин чыгарган. Кечээ жакында болсо, А.Атамбаев аталган Башмыйзамда толтура “миналар” бар экенин, непадам жарылып кетсе, ошондо шорубуз катаарын айтып чыкты. “Конституция өзгөрүүгө муктаж” деп…

Не дейбиз эми? Элдин жашоо турмушу оңолсо, калыстык өкүм сүрсө, дагы-дагы ушул сыяктуу позитивдүү көрүнүштөр орун алса, “революциянын тилектери ишке ашты” десек жарашпайт беле? Бирок… Бирок “үмүтсүз шайтан” дейт. Эң негизгиси, жакшылыктан үмүттөрүбүз үзүлбөсүн. Кыргыз ошонусу менен баарын жеңген. Кудайым буюрса, жамандыкты жакшылык, адилетсиздикти акыйкат жеңээр?!

Кенжебек Арыкбаев

Булак: “АЗИЯnews”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: