Menu

Революциянын баатырлары четке сүрүлүүдө

Бөлүшүү:

Кандуу калабанын жүз бергенине 6 жылга аяк басса дагы ал күндүн нагыз каарман, баатырлары алигиче татыктуу баасын албай келгендиги жалган эмес. Адилеттүүлүк болбосо ошо да. Адеп эле Таласта кандуу бийликке чакчырылып, алгачкылардан “тиш салган” айтылуу Болот Шердин төшү түктүү жардамчысы Дуулат Тургуналиев бүгүн Казакстанда качып-бозуп жүргөндүгү кеп болсо (ашкере обу-жок, жосунсуз жоругу үчүн), коркунучтуу режимге каршы башын сайып, Акүй алдындагы мөндүрдөй жааган окко жалтанбастан төшүн тоскон Алиясбек Алымкулов сындуу нагыз баатырлар эчак четке сүрүлүп калганы качан? Карапайым элден чыккан баатыр, кара таман элдин нагыз өкүлү катары куру дегенде дал ушул Алиясбек Алымкулов бийликте турса болбойт беле? Көрсө, революцияны каарманыбыз сындуу фанаттар жасаганы менен улам келген бийликти тегеректеген Карашев, Сарпашев өңдүү “күн карамалар” ар убак пайдасын көрөт тура. Анан кайдагы адилеттүүлүк?

Кыргыз кыйындарын куйтулар эле ар убак курутуп келишкен. Бүгүн да андай сокур саясаттын айынан Алиясбек баштаган эл уулдары четке сүрүлүп калышууда. Көрсө, адилеттүүлүктү, калыстыкты, бетке чапмай адаты бар ак дилдүү азаматтар учурда Аксарайга жат болот тура. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Түпкүлүгүндө бүгүн болбосо да эртеңки күнү тарых баасын берет. Мамлекетке чыккынчылык жасабаган эр жүрөк инсандар эртели-кеч бааланат. Буга ишенсек болот.

Ток этери, кандуу режимге каршы калың топту жетектеп, башына автоматтын огу жаңылып, канжалап турса да Акүй алдынан кетпей, миңдеген жаштарга дем берип, элдин үмүтү, урпактардын эртеңки келечеги үчүн канкор бийликтин огу менен арбашкан Алиясбек Алымкулов сындуу агаларыбыздын тайманбас эрдиктери кийинки муунга сыймык менен айтылаары талашсыз. Мезгилдин агымы менен жаралган Алиясбек баштаган андагы баатырларыбыздын үмүтү менен тилегин азыркы төбөлдөрүң канчалык деңгээлде актайт? Ага мезгил гана тараза болоор?! Биз болгону бүгүнкү датаны утурлай, анын үлгү болчу эрдигине учкай гана сүртүм бердик. Анын элге жасаган эрдиги гезиттин бир аз бетине сыйчудан эмес. Келечекте он жыл, жүз жылдап кылымдар бою айтылаар…

Канжар Борпошов  

Булак: “АЗИЯnews”

         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: