Menu

Илим Карыпбеков, “Кызматкер менен, практикада жүргөн кыздын ортосунда чыр-талаш болгону чындык”

Бөлүшүү:

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу телеканал ичиндеги чырга түшүндүрмө берди. Карыпбеков КТРК кызматкери менен практикант ортосунда түшүнбөстүктөр болгону ырас, бирок айрым маалымат каражаттары жазган имиштер суу кечпейт деп жазат.

“Бир жума бою КТРКнын бир кызматкери менен бир учурда КТРКда стажировка/практика өткөн кыздын ортосундагы мамиле талкууланып, айрым кыргыз гезиттери аны бир чоң сенсация кылып, ага менин атымды байланыштырып келишет. Мен бул жөнүндө сөз кайтарбаганымдын себеби жөнөкөй — мындай иштерди адамдын жеке мамилелери, жеке жашоосуна тийиштүү деп келем.

Өйдөдө айткандай кызматкер менен, практикада жүргөн кыздын ортосунда чыр-талаш болгону чындык. Бирок мындай түшүнбөстүк, тил табышпастык ар бир жааматка, үй-бүлөгө таандык деп ойлойм. Айрым кыргыз гезиттери укмуш деңгелге көтөрүп, сенсация кылган окуя аягы тиркемеде көрсөтүлгөн тил кат менен бүттү. Өзүңүздөр таанышып, жыйынтык чыгарсаңыздар болот.

Тил каттардын мазмуну мундай: «Тосмо арыз.
Мен О.А. Бишкек шаар Ленин РИИБнын О.Знын үстүнөн ал мени зордуктап боюмда кылган деп арыз жазгам. Бирок чындыгы З.О. мени зордуктаган эмес. Биз өз ара келишбестиктен жиним келип ушундай ишке барып отурам.
Мындан ары З.О. эч кандай арыз дооматым жок. Ошону менен бирге менин биринчи жазган арызымды кароосуз калтырууңузду өтүнөм.
Арыз өз колум м/н так жана туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.

Тил кат
Мен О.А., З.О. м/н жыныстык катнашта болгон эмесмин. Өзүмө жардам сурап кайрылсам жардам бербей койгондуктан ачуум м/н милицияга арыз жазып койгом.
Тил кат өз колум м/н так ж/а туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.»-деп жазылат.

Буга чейин айрым интернет басылмалар КТРК кызматкерлерди тандоодо ар кандай мыйзам бузууларга жооп берет деп кызуу талкуулаган болчу.

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: