Menu

Ахматбек Келдибековдун президент болууга шансы канчалык…

Бөлүшүү:

Учурда саясаттан четтегендей көрүнгөн Ахматбек Келдибеков жаңы саясый жүруштөрдүн  стратегия жана тактикасын аныктап, эс алуунун шылтоосунда жүрөт. Тымызын түрдө ага ыктагандар көбөйүп баратканы эмнени билдирет? Өзгөчө регионалдык кызыкчылыкты көздөгөндөр, президент Алмаз Атамбаевдин саясатына каршы тараптар бир муштумга түйүлүп атканы байкалууда.
Эсиңерде болсо, шаадык сот Келдибековду 10 млн сом айып пул төлөө үчүн милдеттендирген. А айыпталуучунун адвокаттары мындай чечимге каршылык көрсөтүшүп, Жогорку Сотко аппелациялык арыз менен кайрылышарын билдиришкен. Бул күрөш канчага созулары азырынча белгисиз. А бизге белгилүү болгону, Ахмат мырза 2017-жылдагы президенттик күрөшкө чыгууга дилгирленгени, жылма мааниде даярдыгын баштаганы таңгалдырууда. (Албетте, каарманыбыз «ооба, президенттик шайлоого барам» деп азырынча айтпайт. Кейбиреген айрым журналисттер суроо салса, ал «эс алып, ден-соолугумду чыңдап жүрөм» деп коет.) Юристтердин баамында, эгерде Келдибеков 10 миллион сомду мамлекетке төлөп койсо, мыйзам боюнча президенттик шайлоого катышууга укуктуу экен. Кудайдын көзү түзөлүп, мын­дай мүмкүнчүлүккө экс-спикер жетишчү болсо, анда аламан байгеден жеңишти илип кетери ажеп эмес. Билесиңерби, 2010-жылы «Ата Журт» партиясы парламенттик шайлоого атганганда, Келдибеков Ош облусуна куратор болуп, 103 миң добуш алып, баардык партияларды чаңында калтыруу ме­нен рекорд жасап койгон. Себеби, анын харизмасы, мамлекетгик деңгээлде ой жүгүрткөн акыл-эси, тажрыйбасы, финасылык абалы, айтор, баардык жагынан бышып-жетилип турат. Бир эсе түрмөгө отуруп, далай соттук процесстерди баштан өткөрүп, дагы кыйла чыйралды. Буга чейин болгону эркиндик керек болчу.
Бир жагдай бар, бийлик Келдибековдун президенттик шайлоодо ашыкча баш ооруну жаратарын алдын-ала туюп, ага чейинки Жогорку Сотто боло турган процесстери аркылуу «кайырмакка илуу» жагынан бир мандемди таап чыгышары мүмкүн. Бирок, Ахмат мырза да жөн отурбайт да, «эй, азыркы бийликтин заманы бүтүп баратат, менин пайдама чечим чыгар, болбосо кийин керт башың менен жооп берип каласың» деген омуроолорду жең
ичинен айттырып, омурткаларын сыздата тургандай ахвалга апкелип коюшу мүмкүн. Азыр соттор да кубулма эмеспи. Пайдалуу ыңгайды  эч кимиси колдон чыгаргысы келбейт. Баса, Камчыбек Ташиевди актап жиберген сотту билесиңер да, азыр ал «Республика – Ата Журттан» депутат болуп отурат. Мындай мисал экинчи жолу кайталанбасына ким кепилдик бере алат?
Ошентип, Келдибеков мыйзам алкагында тазаланып, колу-жолун ачып алса, прези­денттик шайлоодо топ жара турган бирден-бир талапкерге айланат. Башынан келаткан регионалдык кызыкчылык ойноп, «өзүбүздүн улактан теке салабыз» дегендер түп көтөрүлө колдоп чыгышсачы? Маселен, аксакал Үсөн Сыдыковдун кланынан баштап, оор салмактууТашиев сындуу дээрлик саясатчы, аткаминерлердин баары биригип, жердешчиликтин желаргысы менен катуу кетишери байкалып эле турат. Бекеринен Азимбек Бекназаров адвокаты болуп жүргөн жок да, көзү ачыктан бетер, кийинки президент ким болорун сезеби? А айрым эксперттер: «Түндүк кколдобойт да, ыя?» дегендей ыргылжың суроо салышы турган иш. Оо- ба, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигинен кийин бияктагы көпчүлүк  катмар чочулап калышкан. «Бакиевдин бөлтүрүктөрү» делген жарлык бар, жек көрүнушү мүмкүн. Мын­дай шартта, Келдибеков оңой эле жол табат. Эл астында кадыр-баркы бар саясатчыларды өзүнө тартып, жашыруун түрдө сүйлөшө баштайт. Келечектеги кызматтарды бөлүшүү боюнча. Айтмакчы, бир убакта Эркин Тентишев «Солто» коому ар­кылуу чүйлүк аксакалдардын баарын чогултуп, чай берип, досу Ахматты колдоп чыкканын билебиз. Ошондон көп өтпөй «Ата Журтгун» лидери камалып, ажыдаардын куйругун баскандай эле образдуу кар­тина тартылган. Бирок, азыр кырдаал башка. Президент кетээрин жар салган. Бийлик талашуу курчуйт. Оомал-текмел дүнүйөдө мансап, байлыкка көзү кызаргандар оой берет. Эки жакка секире бергендей…
Ошентип, Келдибековдун «кел-кели» башталса, бийлик ага каршы күч катары кимди алып чыгышы мүмкүн? СДПК партиясында туруштук бере турган белдүү, тажрыйбалуу саясатчы катары Иса Өмүркулов бар. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев алыска чуркай турган күлүктөй болуп, табында турат. А Өмүрбек Бабановго ишеним аз. «Мамлекетти камок кылат» деп ким айтты эле? Андыктан, береги эки лидердин бирөөсүн Атамбаев президенттик шай­лоодо колдоп чыкса, Келдибековго туруштук берүүгө шанс жаралмак. Бийлик бутагында абройлуу саясатчы катары да­гы башка ким бар? Мен Өмүркулов менен Исаевди эле көрүп турам! А эгер бул экөөнөн бөлөк кандидат ажолукка ат кой­со, анда Ахматбек Келдибековго «мамлекеттик резиденция» уттуруп коюшу ыктымал…
Рамис Бучуков
Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: