Menu

Темир Сариев кечээ Атамбаевден “Жок дегенде премьер-министрлик кызматка келгениме 1 жыл толгуча иштейинчи” деп сураныптыр

Бөлүшүү:

Башына кара булут айланып, Унгар-Тоо менен Балыкчы-Корумду жолу боюнча коррупциялык айыптоолорго туш болгон премьер-министр Темир Сариев кечээ, 8-апрелде суранып жатып Алмаз Атамбаевдин кабыл алуусунда болуптур. Кабыл албай кыйнагандыктан бир күн мурун Укушов жазып, Текебаев кошула калган “Убактылуу өкмөт” деген китептин бет ачарына барууга убакыт тапкан Темир Сариев эртеси протокол боюнча сөзсүз катышууга тийиш болгон, мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан Евразиялык союз боюнча форумга катышууга убакыт таппай, ошол эле резиденциядагы Атамбаевдин эшигин сагалап жүргөн. Эмесе аталган форумга Россия федерациясынын Мамлекеттик думасынын спикери Сергей Нарышкин баш болгон Орусия, Армения, Казакстан өлкөлөрүнүн жоон топ делегациялары келишкен. Кыргызстанды Евразиялык союзга үндөп жүрүп киргизген, Евразиялык союзду өзүнүн премьерлик башкы идеологиясына айланткан Темир Сариев кызматтык креслосу кыймылдай баштаганда Евразиялык союзду да унутуптур.
Биздин булактардын билдирүүсүндө, ыйламсырап кирип барган Сариевди Атамбаев “Ушунчалык оор айыптар тагылып жаткандан кийин мен сени коргосом эл эмне дейт? Кетишиң керек”, деп осол кылыптыр. Айласы кеткен Сариев “жок дегенде премьер-министрлик кызматка келгениме 1 жыл толгуча, 2-майга чейин иштейинчи, антпесе “премьер-министр болуп 1 жыл да иштей албаган” деген сөз калат артыман” деп бозорот. “Жок, 2-майга чейин күтө албайбыз, 14-апрелге чейин гана убакыт берем”, деп Атамбаев көшөрүп, Сариевди жолго салат. Эми 14-апрелден кийин Кыргызстан жаңы премьер-министрлүү болуп калары күтүлүүдө.
Биздин булактардын айтымында, Атамбаев ден соолугуна байланыштуу президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып кетүүгө даярданып, азыр айланасындагылар менен мураскерин канткенде бийлик башына ишенимдүү олтургузуп кете алам деген маселенин үстүндө иштеп жатыптыр. Акыркы учурларда ага Чүй кланынын таасири күчөгөндүктөн Атамбаев өзүнө мураскер катары Канат Исаевге токтолгон. Бул максатта Темир Сариев кетирилип, анын ордуна түштүктүн оозун жабуу үчүн түштүктүн өкүлү Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке дайындоо маселеси чечилген. Ошондуктан аны шашылыш түрдө жаңы эле дайындалган Мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына алып келишти. Бир тууганы премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери Асилбек Жээнбеков кызматынан кетет да анын ордуна парламенттин спикери болуп Канат Исаев дайындалат. Алмаз Атамбаев ден соолугуна байланыштуу президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетсе КР Конституциясы боюнча президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө спикерге өтөт. Андан ары эки тизгин бир чылбыр колуна тийген, спикер жана президенттин милдетин аткаруучу Канат Исаев жердеш агасы, БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун жана административдик, каржылык ресурстардын (“Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү жана башкы спонсору Шаке Абдыкеримов сыяктуу олигархтар) жардамы менен шайлоону жеңип алалбай жаны жокпу? Атамбаевдин мураскери Чүйдөн болорун Атамбаев быйыл мартта Ошто жана Аксыда эл алдында “Менин чоң атам Шама мындан 150 жыл мурун Кокон хандыгынан Чүйгө качып келгенден бери Чүй эли бизди жээрибей колдоп, мени президенттикке чейин жеткирди” деп кайра-кайра кайталаганда эле белгилүү болгон. Анан өзүнүн санжырасын бир түштүктүк тарыхчыга жаздырып, өзүнүн тегин түштүктүк кылып, Чүй элине кайра-кайра ыраазычылык айтып жатканы коомдук пикирди Чүйлүк мураскерге даярдоо катары кабыл алынган.
Кыскасы, кыргыз коомчулугу жакын арада кызык саясый оюндардын күбөсү жана катышуучусу болору күтүлүүдө. Конституцияны кайра оңдоого убактысы жетишпей калганын түшүнгөн Атамбаев эми кыргызча саясый технологиялардын жардамы менен эле өзүнүн мураскерин такка олтургузуп, кызматтан кеткенден кийинки өзүнүн жана айланасындагылардын коопсуздугун камсыздап калууга аракеттене баштады.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: