Menu

Чыныбай Турсунбеков: “Премьер-министр Темир Сариев жакынкы убактарда өз каалоосу менен отставкага кетүү боюнча арыз жазса жакшы болмок”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгы өзүнүн лидери Чыныбай Турсунбековдун Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен өткөрүлгөн тендердин чуусу боюнча билдирүүсүн таратты.
“Мындай учурларда цивилдүү өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өздөрү эле отставкага кетип калат. Эгер жакынкы убактарда Темир Сариев өз каалоосу менен отставкага кетүү боюнча арыз жазса биздин мамлекет да цивилдүү жолдо баратканынын бир көрсөткүчү болот. Андан сырткары бул тийиштүү органдардын ишти тыкыр жана объективдүү текшерүүсүнө мүмкүндүк берет”, деп жазылат Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүндө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 6-апрелде КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев 7 миллиард сомго бааланган 104 чакырымдуу Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөрүлгөн тендер премьер-министр Темир Сариевдин жакындары тарабынан мыйзамдарды одоно бузуу жана коррупциялык жолдор менен өткөрүлгөнүн жарыя кылган.
Чыныбай Турсунбеков КСДПнын номиналдуу гана лидери экенин жана мындай билдирүүнү “Шоопурдун” уруксааты жок тарата албастыгын эске алганда Темир Сариевдин отставкасы де-факто чечилип калганы көрүнүп калды.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: