Menu

Бүгүн Кыргыз улуттук филармонияда Америкалык «The Crucial Elements» джаз тобу концерт берет

Бөлүшүү:

АКШ Мамлекеттик департаментинин «Маданият элчилери» программасынын алкагында 6-10-апрелде Кыргызстанга америкалык джаз музыкант Энтони Станко жана ал жетектеген «The Crucial Elements» джаз тобу келген. Бул тууралу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайты билдирет.
Энтони Станко жана анын «The Crucial Elements» тобу Кыргызстандын мыкты джаз топтору менен бирге 8-апрелде Эмен паркындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында ачык абадагы концертин тартуулашты. Ал эми бүгүн, 10-апрелде Кыргыз улуттук филармонияда боло турган джаз фестивалынын концерт программасына катышышат.. Андан тышкары, Станко жана анын ансамблинин мүчөлөрү Бишкектин музыкалык окуу жайларынын окуучулары үчүн мастер-класс өткөрүштү, фестивалдын башка катышуучулары менен жэм-сейшнге катышышты, жана 7-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинде чакан концерт-лекция тартуулашты.
Энтони – өтө сүйкүмдүү солист жана чебер труба аткаруучу, композитор жана топ жетекчи, джаз жааматындагы жаңы муундан чыгып келе жаткан жылдызы. Жаштыгына карабастан, ал Арета Франклин жана Майкл Файнштейн сыяктанган залкар музыканттар менен бирге сахнага чыгып, джаз музыкадагы абройлуу адамдарын урматына ээ болду.

Беш адамдан турган «The Crucial Elements» тобу АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Америка музыкасы чет өлкөдө» программасы аркылуу көптөгөн турнелерге катышып эл-аралык деңгээлде таанылган топ. Топтун мүчөлөрү: Энтони Станко (труба), Жордан Отто (урма аспаптар), Маркус Эллиот (саксофон), Пол Братчер (пиано) жана Сэм Копперман (бас гитара).
2013-жылдагы алгачкы сапарынан баштап, топ ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африка, Намибия, Индонезия жана Иорданда Америка Кошмо Штаттарынын музыкасын тартуулады. Станконун музыкасы кенен көркөм спектрин камтыйт: олуттуудан тартып тамашалууга чейин, кайгылуудан кубанычтууга чейин, салттуудан заманбапка чейин – булардын баары свинг, би-боп, блюз музыкалык салттарына терең тамырланган.
«The Crucial Elements» тобу жергиликтүү элдин салттуу музыкаларын джаз музыкасы менен уйкаштыруу жөндөмдүүлүгү үчүн дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: