Menu

Фото – Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылындагы МТФ айылынын тушунан агып өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдеп бышыктоо максатында дамба-шпораны куруу иштери кызуу жүргүзүлүп жатат деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Акыркы эки – үч жылдан бери жаз айларында оргуштап аккан Кара-Үңкүр дарыясынын суусу МТФ айылына кыйла коркунуч туудура баштаган. Сейдикум айыл аймагын караган МТФ айылында 150 кожолук, же 860 калк жашайт. Мындан сырткары айыл аймагынын 200 га фонддук жана жергиликтүү элдин үлүш жерлерин дарыянын суусу алып кетүү коркунучу жаралган.
ЖА дамба
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын мониторгдук иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин Кара-Үңкүр дарыясынын ушул жерин бышыктап бекемдөө үчүн узундугу 122 метр келген дамба-шпораны куруу чечими кабыл алынган. Бул максатта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 млн. сом акча каражаты каралган.
ЖА дамба2
– Азыркы учурда дамба – шпораны куру иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын курулушун «Жалал-Абад ПМО» курулуш уюму ишке ашырууда. Биздин негизги максат быйылкы жылы дамба-шпораны сапатуу бүткөрүү болуп саналат. Анын узундугу 122 метр болуп, туурасы 16 метр болот. Курулуштун бетон иштерине атайын токулган зым тосмолору жана арматуралар коюлуу менен эки кабаттуу бетон куюлат,- деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Базар-Коргон районундагы өкүлү, ага лейтенант Мырзабек Токтосунов.
ЖА дамба3
– Акыркы жылдары МТФ айылынын тушундагы Кара-Үңкүр дарыясынын суусу сарыгып агып чыгып, жергиликтүү калктын турак-жайларына жана үлүш жерлерине бир кыйла коркунуч келтире баштаган. Азыркы учурда дамба-шпораны курууга жергликтүү калк дагы жакындан кол кабыш кылып жатышат,- деди Сейдикум айыл аймагынын башчысы Таалайбек Сатаркулов.
Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгине курулуп жаткан дамба-шпоранын курулуш иштеринин жүрүшү менен 8-апрелде жеринде өкүл Жумагүл Эгембердиева таанышып, жумуштун сапаттуу аягына чыгаруу талабын курулуш уюму менен жергиликтүү бийликтин жетекчилерине тапшыра катары койду.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: