Menu

Жанар Акаев: “Премьер-министр менен министрдин сөздөрү дал келбей калды”

Бөлүшүү:

 

-Жанар мырза, тендер боюнча сиздин оюңуз кандай?

-Балыкчы-Корумду жолун курууда абдан чоң мыйзам бузууга жол берилген. Лицензиясы, бир дагы техникасы жок «Long Hai » компаниясы тендерден утуп, жолду курууга уруксат алган. Эми жыйынтыгында күбө болуп атабыз, ал компаниянын жол­ду сапаттуу курганга таптакыр жөндөмү жок экен. Мен КТР, ЭлТРден ошол убактагы кадрларды алып көргөм, «ачылышында премьер-министр келет» деп жөнөкөй дыйкан-фермерлердин техникасын жыйнап барып, тизип коюшкан. Өздөрүнө  таандык бир да техникасы болгон эмес. Бул жерде коррупциялык схемалар ойногонун айтсак болот. Себеби, министр менен премьер-министрдин сөздөрү дал келбей жатат. Өкмөт башчы «транс­порт министринен ката кеткен» десе, бул киши «түздөн-түз премьер-министр өзүнүн жакын адамдары, партиялаштары аркылуу таасир эткен» дейт. Менин оюмча, комиссиянын жыйынтыгында премьер-министрдин, министрдин баарынын жоопкерчилиги каралышы керек. Кайрадан тендер өткөрүү зарыл.

-«Премьер-министр отставкага кетиши керек» деген пикирге кошуласызбы?

-Менимче, премьер-министрдин отставкасын талап кылганга бир аз эрте го. Анткени, биз эки тарапты тең угуп көрүшүбүз керек. Биз азырынча бул маселе боюнча премьердин өзүн уга элекпиз. Анын үстүнө конкреттүү фактылар да жок. «Премьер-министрдин жакын адамдары, партиялаштары, айылдашы» деп айтып атышат. Эми анын баардыгын органдар дагы далилдеши ке­рек. «Премьер-министрдин кызыкчылыгы бар, өзүнүн жакын адамдарына лицензия алып берүүгө көмөктөшкөн» дегендей саясый айып коюлуп жатат. Эгер бул далилденген болсо, премьер-министрсөзсүз кызматын тапшырыш керек.

Керим Мурас

Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: