Көпчүлүктүн сүйүктүү сериалына айланган «Келиндин» каарманы Пратюша Банерджи өз жанын кыйды. Индиялык ММКлар «Пратюшанын мындай кадамына финансылык көйгөйлөрү жана бактысыз сүйүүсү себеп болуусу мүмкүн» деген версияларды айтышууда. 24 жаштагы актрисанын сөөгү 1-апрель күнү өзү жашаган үйдөн табылды. Аны алгач чогуу жашаган жигити көрүп калып, дароо ооруканага алып барган. Бирок анын өлүмүн каттагандан башка эч нерсе кыла алышкан жок. Полиция дароо кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө киришти. Алгачкы маалыматтар катары банктагы счетторунда акчанын жоктугу айтылды. Ошондой эле актрисанын чоң суммадагы карыздары бар экени кошумчаланды. Ал эми Пратюшанын достору өлүмдүн себеби катары жигити менен мамилесин карашууда. Анткени, акыркы кездерде актрисаны жигити Рахул Сингхдин мурдагы сүйлөшкөн кызы коркутуп жүргөн экен. Аны менен катар эки жаштын мамилеси солгундап, Сингх сүйүктүүсүнө кол көтөрө баштаганы айтылды. Ал эми жигитинин достору, экөөнүн бактылуу экендигин, 14-апрель күнү баш кошууну пландап жүргөнүн айтышууда.
Нуржан АКЫЛБЕКОВА
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ