Menu

Надира Нарматова, экс-депутат: “2010- жылда убактылуу өкмөттүн мезгилинде берилген убадалары боюнча бүгүнкү күндө светтин баасы үч эсе көтөрүлдү”

Бөлүшүү:

 

Бир мезгилдер келет кара тамга менен жазылып тарыхта калган апрель окуясына бизден кийинки муундардын катары акыйкатка тике карап, тарыхтын апрель окуясы деген барактарын изилдеп көрүп өз баасын берет. Негизгиси бүгүнкү коомдо оң жактарынан сабак алууга тийишпиз. 2010- жылда убактылуу өкмөттүн мезгилинде берилген убадалары боюнча бүгүнкү күндө светтин баасы  үч эсе көтөрүлдү, Токтогул ГЭСтин суусу ашып-ташып көбөйүп кеткен жери жок. Жашоодо азык- түлүк жана башка керектелүүчү товарлар арзандамак түгүл токтоосуз баа өсүп инфляцияны алган айлык, пенсия , пособиялар кууп жетмек түгүл шоосуна илешпей калды. Жумушчу орундар тузулуп завод фабрика курулуп, өндүрүштөр уюшулуп калган жери жок. Жеке менчик майда ишканалар курулганы эле болбосо. Тышкы карызыбыз үч эсе өстү. Саламаттык сактоо, элге билим берүү, айыл чарба,  маданият тармагында,  сот системасында, укук коргоо органдарында, социалдык системасында реформа болмок түгүл акыбалына мышык ыйлагыдай акыбалга жетти. Коррупциянын схемасы балдар бакчасынан баштап жогорку эшолонго чейин тамыры болуп көрбөгөндөй өскөндүктүн натыйжасында, справка эмес саламды да адам тандап берген саламына да акы төлөй турган акыбалга жеттик. Мамлекеттик башкаруунун вертикалдык системасы түзүлгөн жок. Кадрларды даярдоо, кесипкөй, тажрыйбалуу адистерди тиешелүү тармактарга даярдап кою маселеси дагы эле унутта калып олтурат. Жулкунбайлар же болбосо 20-30адамдан башка Кыргызстанда кадрлар кырылып калгандай эле бир орундан бир орунга секирип жүрүшөт. Оппозиция деген топтор көчөдө эмес, парламенттин ичинде да калган жок. Парламенттин курмын болсо  көрүп турасыңар. Алты жылдан бери 5,6 жолу түзүлгөн өкмөт “өрт өчүргүч” болуп күнүмдүк майда-чүйдө муктаждыктардын чөйрөсүнөн эле чыга албай жүрөт. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган мектеп, көпүрөнүн ачылышында лента кесип өздөрүн пиарит  эткени болбосо. 2017- жылга чейинки кабыл алган Мамлекеттик программанын тизмегин карап көргүлөчү аткаруу бийлиги эмнени жасап, эмнени өзгөртүп, эмнени реформа кылып жиберди экен? Партияларга көз каранды болгондуктан өмүрүндө бир күн мамлекеттик кызматта иштебегендер, тажрыйбасыз, билимсиздер, бир бирини сүдүрөп бир үй бүлөдөн бир канча адамдар парламенттин, өкмөттүн курамына, аткаруу кызматтарына келип , ээлеп олтуруп калып жаткандыктан, акыбалыбыз ушундай денгээлге жетти. Кадр маселесинде мамлекеттик , муниципиалдык кызматтарга конкурс деп коюшуп, буткул коррупцияалык схема ошол жерде болуп жатат. Себеби тиешеси барбы, жокпу 1000ден ашык суроонун  ичинен 60 суроону коюшуп, конкурстан өтсө да аңгемелешүү деген экинчи турду өткөрүшүп баякы эле көз тааныштарды коррупциялык жол менен кызмат орундарга алып жатышат. Себеби  бардык нерсе кадрларга байланыштуу болот. Республикалык бюджетти пайдаланууда бардык тендерлер коррупциялык жол менен өткөрүлөт. Өздөрүнө тиешелүү компанияларга уттурушуп коюп бюджеттин акчасын 20-30 процентти тиешелүү тармактардагы төмөндөн жогоруга чейинки жетекчилер, бардык тармактарда башкы бухгалтери менен уурдап жеп олтурушат. Укук коргоо органдары, прокуратура, АКС, Финполиция , эсептөө палатасы деген кызматтар текшерүүсүн токтотпой аларда ууру жетекчилерди коркутуп, коррупциялык схема менен акчаны өздөрүнө чогултуп, бардык ууруларды өздөрү жаап жашырып келишет. “Желмогуздун чоңунан кичинеси коркунучтуу”-демекчи орто жана төмөнкү баскычтагы бардык тармактагы жетекчилер уурулар болуп эсептелет. Алар тымызын жүрүп алып карапайым элдин, мамлекеттик бюджеттин канын соруп жаткандар. Ошондой жетекчилердин министрлердин жашоосуна анализ жасап көргүлөчү кандай үйлөрдө, кандай машиналарда, кандай жашоодо жашап жатышты экен.  А мен айткан орто жана төмөнкү эшолондогу жетекчилер негизги мамлекеттин канын соруп жаткан уурулар болуп эсептелет.

Баян Кулова

Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: