Menu

Керри Хиросимадагы биринчи атомдук бомбалоо болгон жерге барды

Бөлүшүү:

Жапонияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Дүйнөдөгү алгачкы атомдук бомбалоо мемориалына барды. Ал америкалык администрациянын Хиросимадагы Тынчтык мемориалдык сейил багына расмий барып келген жогорку кызматтагы алгачкы адамы болуп калды.

Керри менен бирге Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапониянын тышкы иштер министрлери Хиросимадагы музейде болуп, жарылуудан каза болгондорго арналган мемориалга гүл коюшту. “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Хиросимада дүйшөмбүдө жолугушту.

Андан соң министрлер билдирүү жасап, дүйнө ядролук куралсыз өнүгүшү керектигин белгилешти. Бирок бул идея Түндүк Кореянын кайталанып жаткан чагымчылык аракеттеринен, ошондой эле Сирия менен Украинадагы кырдаалдын курчушунан улам татаалдашып бараткандыгы айтылды.

1945-жылдын 6-августунда америкалык Б-29 бомбалоочу учагы кубаттуулугу 15 килотонна болгон бомбаны Хиросимага таштаган. Мунун натыйжасында 80 миң адам ошол замат набыт кеткен. АКШ ушул жарылуу жана андан кийин Нагасакиде болгон экинчи жардыруу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын тездетти деп эсептейт.

Жекшембиде маалымат агенттиктери кабарлагандай, Керри Жапонияга атомдук бомбалар ташталгандыгы үчүн кечирим суроодон баш тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: