Menu

Адил Турдукулов, жарандык активист: Парламенттеги оппозициянын алсыздыгы көчө оппозициянын курчушуна алып келет

Бөлүшүү:

“Ошто “Кыргызстан” партиясын күтүшүптүр, анткени бул партия бир добушту 2 миң сомго сатып алышат экен. Шайлоону аукциондой түшүнүп баштадык”. Адил Турдукулов:

– Учурда коомдо журналисттерге да басым болуп атат. Уран Ботобековдун качып кетиши туздөн түз сот чечимине байланыштуу болду, апасы жашаган үйдү конфискациялап ала башташканда өлкөдөн чыгып кетти. Азыр кетип калганына сүйүнүп атса керек, калса ал да камалышы мүмкүн болчу. Маматокторов деген журналист Эркин Мамбеталиевдин адамдарынын сабоосунда калды, аны эч ким жаза албады, тастыктаган документтер болсо дагы. Адилет Айтикеевдин жеке мамилесин шардана кылган тасманын чыгышы да Конституциядагы адам укуктарынын одоно бузулушунун далили. Ал тасма атайын кызмат тарабынан тартылганы тастыкталды. Бир да адам эч кимдин жеке турмушуна кийлигишүүгө акысы жок. Мелис Аспековду “таксистке 100 сом төлөбөй койгон” деген айып менен 5 жылга камашты. Бул ишти укук коргоочулар да козгобой жатышат. Рейдерлик басып алуулар да болду: “ОшТВ” менен “Вечерний Бишкекти” айтсак жетиштүү. Парламенттеги “Бир Бол” оппозицияда турганы менен бийлик тарапка кошулуп кетти. Тескерисинче, “Ата Мекен” көпчүлүк коалицияда турса да кээде чындыкты айтып коет. Парламенттеги оппозициянын алсыздыгы көчө оппозициянын курчушуна алып келет. Аны билген бийлик диалог эмес, басым жасоо менен баскысы келип атат. Жергиликтүү шайлоо тууралуу айта турган болсом, шайлоо акча менен өтүп калды. Мисалы, Ошто “Кыргызстан” партиясын күтүшүптүр, анткени бул партия бир добушту 2 миң сомго сатып алышат экен. Шайлоону аукциондой түшүнүп баштадык. Элди да түшүнсө болот, өтүп алган партиялар баары бир берген убадаларын аткарышпайт, ошондуктан акчасын алып бир жумага болсо да жашагылары келишет. Мына, Россияда кризис болуп, рубль менен сом бирдей теңелип калса да кыргыз мигранттары кайтууну ойлонушкан жок. Анткени, алар бүгүнкү бийликке ишенишпейт. Акыбалдары кыйын боло баштаса да, кайтып келүүнү каалашпайт.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: