Menu

Тажикстанда «түнкү көпөлөктөрдү” ыйманга чакырышат

Бөлүшүү:

Жеңил ойлуу аялдарды ыйманга чакыруу ишин чиновниктер, дарыгерлер жана милиционерлер мойнуна алмак болду.

Коргон-Төбө шаарында үч ирет жеңил ойлуу аялдар үчүн квартал сайын ыйман сабактары өтүлө турган болду. Иш-чаранын уюштуруучусу – Хатлон облусунун аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча башкармалыгы. Дарс угуу үчүн милиция кызматкерлери, активисттер, дарыгерлер жана облустук кеңештин депутаттары да чакырылат. Мындай сабактар апрелдин башынан тартып өткөрүлө баштады деп билдирет “Азаттыктын” тажик кызматы. Ыйман сабагына дискоклубдарда жана ресторандарда жүргүзгөн рейд учурунда кармалган 30га жакын аял катышты.

Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча облустук башкармалыктын жетекчисинин орун басары Кумринисо Сангалиеванын айтымында, бул иш-чара сойкулуктун таралышына бөгөт коюуга жана ыйманга тарбиялоого багытталган. Былтыр күзүндө Тажикстандын парламенти сойкулук менен алектенген аялдарга карата жазаны күчөттү: эми алар 15 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн. Сойкулук үчүн айып пулдун көлөмү да 800 сомониден 1000 сомониге ($125) чейин өстү.

Ал ортодо денесин сатып күн көргөндөр бийликтин бул демилгесин ишенбөөчүлүк менен кабыл алышты. “Эркек ажырашып кеткенден кийин алимент төлөбөй койсо, мурдагы аялы менен балдарына эч кандай материалдык жардам бербесе, анан аял эмне кылышы керек? Ага сойкулуктан башка жол жок калат. Мен жумуш жоктугунан улам ушул жолго түштүм. Жакшы жумуш болсо, мындай кадамга барбайт болчумун”, – дейт 35 жаштагы Гүлсара.

Расмий Дүйшөмбү сойкулукка тартылган аялдардын так санын билбейт. 2015-жылы АИВ/КИЖС (ВИЧ-СПИД), кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда сойкулук менен 14 миңге жакын аял алектенет деп билдирген. Тажиксандын саламаттыкты сактоо министрлиги бул сандарды “негизсиз” деп эсептейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: