Menu

Өмүрбек Текебаев, “Ата-Мекен” партиясынын лидери: “Түшпөс хан болбойт, убак-убактысы менен баары алмашып турат”

Бөлүшүү:

Эркин Бөлөкбаев: – Өмүрбек Чиркешович, камалган Асанов менен Кадыровго Кылмыш жаза кодексинин 295-беренесине ылайык иш козголду. 295-берене “бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу” деп чечмеленет. Ошондо, бул жигиттердин иш-аракетинде бийликти басып алуу же кармап туруу болдубу?

Ө.Текебаев:

– Парламенттик оппозиция менен бийликтин ортосундагы күрөш күчөп турганда, бийлик оппозиция менен жолугушуудан качпайт. Мындан ары да тегерек үстөл улана берет, курамыбыз да көбөйөт, талкуулай турган маселе да көбөйөт. Конституцияда “оппозиция коомго пайдалуу кубулуш” деп көрсөтүлгөн. Конкреттүү адам эмес, бул институт. Мамлекет тарабынан колдоо алат, жөлөнүп-таялат, керек болсо, акча берилет. Өзгөчө парламенттик оппозиция өз милдетин так, толук аткарышы керек. Аткара албаса, ага жарандык коом, башка институттар, көчө оппозициясы киришүүгө аргасыз. Оппозициянын парламенттен көчөгө оогонун ушундан көрөм, парламент оппозициясы өз милдетин толук кандуу аткара алышпады.

Чегара маселеси боюнча баарыбыз бир пикирде болушубуз керек: байбы, кедейби, бийликпи, оппозициябы, түштүк-түндүк дебей, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн сырткы күчтөрдүн куралына айланбоо үчүн биримдикте болууга туура келет. Башка мамлекеттерге алдатып жибербешибиз керек. Менимче, азыр бул жерде так ушундай сезимдеги адамдар чогулуп отурушат. Ар кимден шек санаса болот, бирок Азимбек Бекназаровду кайсы бир мамлекет менен сүйлөшүптүр дегенге мен ишенбейм. Бул кишинин кемчиликтери абдан көп, бири-бирибизди сындашып да жүрөбүз, бирок ачыгын айтыш керек, чегара үчүн 2000-жылдан бери күрөшүп келатат. Туулган жери, мекени үчүн чын дилден күйүп атат. Бир нече жыл мурун биз мыйзам кабыл алганбыз, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмышынын мөөнөтү өтүшүн жокко чыгардык. Муну айткан себебим, күч кызматтарына айтам:  “Кыңыр иш кырк жылда билинет”, бүгүн жасаган фальсификацияңар эртең калкып чыгат. Кыргызстанда “түшпөс хан” болбойт, убак-убактысы менен баары алмашып турат. Болуп өткөн революциялар өзүм билемдикти, диктатураны азайтып, элдин пикири менен эсептешүүгө алып келди. Туура эмес иш жасасаң кырк жыл күтүүнүн да кереги жок. Асанов менен Кадыровду тергөө сөзсүз обьективдүү болушу керек. Укук коргоочу коомдук уюмдар кабардар болуп турушу зарыл. Кимдир бирөөгө жасалма күнөө тагууга жол бербеш керек. Эгер мыйзам алдында туура эмес жасаган иши болсо, ал үчүн жооп берсин. Мен бул маселени маалымат каражаттары аркылуу гана эмес, парламентке-кесиптештериме түз жеткирем.

Эркин Бөлөкбаев: – Өмүрбек Чиркешович, камалган Асанов менен Кадыровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 295-беренесине ылайык иш козголду. 295-берене “бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу” деп чечмеленет. Ошондо, бул жигиттердин иш-аракетинде бийликти басып алуу же кармап туруу болдубу?

Өмүрбек Текебаев: – Бул иштин майда-чүйдөсүн билбейм, кандай далилдер бардыгы менен тааныш эмесмин. Убакыттын өтүшү менен белгилүү болот, баары ачыкка чыгат, ошондо так пикир айтууга мүмкүн. Азыр бир жактуу айтуу кыйын. Бийликти басып алууга аракет кылышты деп айтылып атат, бирок канчалык негиздүү экенин айта албайм. Тергөөчүнүн колунда не бар экенин билбейбиз.

Эркин Бөлөкбаев: – Алардын аракети 295-беренеге ылайык келеби, ошону айтсаңыз?

Өмүрбек Текебаев: – Бир аз күтөлү, тергөө өзүнүн далилдерин алып чыгат. Коргоочу тарап өз чындыгын билдирет. Жигиттер үчүн бир-эки ай эч нерсе эмес, чыдап турушат.

Азимбек Бекназаров: – Кубаныч Кадыров 2009-жылы да так ушул берене менен кармалган. Кийинчерээк, Швейцарияга чыгып кеткен. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин качып жүргөн жеринен Кыргызстанга кайтып келди. Ошону эстесе деле президент тергөөчүлөрдү токтотуп койбойбу. Мен таң калам, азыркы бийлик ушунун баарын башынан өткөргөн, Сегизбаевге кой дегенге президенттин күчү жетпейби.

Турсунбек Акун: – Бул жигиттерге жасалган мамиле кандайдыр бир деңгээлде саясий куугунтук катары эсептелинет. Алардын аракетинде бийликти басып алуу болгон жок. Бирок, ошол эле учурда “бийликти басып алабыз, бул кызматка аны, тигиге муну коебуз” деп талкуулагандарын да колдоого ала албайм.

Азимбек Бекназаров: – Президенттин эл бузукуларын ташбараңга алгыла деген сөзүн колдойсузбу?

Турсунбек Акун: – Жок, президенттин бул сөзүн да туура эмес деп эсептейм. Мамлекет башчы мындай сөздөрдү айтпашы керек деп укук коргоочу катары билдирүү да жасагам. Саясатчылардын-оппозиция өкүлдөрүнүн, бийликти алабыз, бул кызматка аны коебуз дегендери туура эмес, бирок ал сөз бойдон калды, ишке ашабы, ашпайбы – билине элек болчу.

Азимбек Бекназаров: – Соттун чечими жок туруп, КТРКнын тергөө иштерин үзгүлтүксүз көрсөткөнүчү?

Турсунбек Акун: – Бул мыйзамды одоно бузуу. Асанов, Кадыров күнөөлүүбү, жокпу-аны сот чечет. Мына, Келдибековду, Ташиевди деле соттун чечимине жеткирбей не деп гана жарыялашкан жок, акырында сот Ташиевди актап жибербедиби, Келдибековдун иши да актоого жакындап келатат. Анан да сүйлөшүүлөрдү туңшаган туура эмес. Бийлик, оппозиция өкүлдөрү столго отуруп алып, бетме-бет сүйлөшөлү.Таарыныч, аргументтерди айтып, ушул цивилизациялуу жол менен кетели. Качанкыга чейин революция болот, кан төгүлөт? Оппозиция күчтүү болуп сындап турса, бийликке жакшы, ал да күчтүү болот. Чынын айтсам, эң көп куугунтукка кабылып, жараат алган адам менмин. 17 жолу камалдым, ээгим сынды, башка да жарааттарды алдым. Басып өткөн жолумду карап ойлонуп көрүп, кайсы жолго түшүп кеткенбиз деп корктум. Сүйлөшүү менен бир чечимге келүү туура болоорун түшүндүм.

 

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: