Menu

Азимбек Бекназаров: “Ар бир экинчи адам – “Атамбаевдин да күнү бүтүп баратат”- дейт, жалганбы”

Бөлүшүү:

4-апрелде Бишкек шаарында экс-акыйкатчы Турсунбек Акун тарабынан уюштурулган бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Тегерек үстөлгө президенттик аппарат жана өкмөт мүчөлөрү да чакырылганы менен, алардын атынан жиберилген өкүлдөр келди. 

Ошондо, бийлик тараптан Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев гана катышты. Анда, өлкөдөгү чегара маселеси, электр энергияга болгон тарифтердин кымбатташы жана оппозиция өкүлдөрүнө карата бийлик куугунтугу тууралуу сөз болду.

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:

– Өкмөт кыргыз-өзбек чегарасы боюнча бир тараптуу гана актануу иштерин жүргүзүп жатат. Чегара маселеси тууралуу 23-мартта кеңири маалымат жыйынын бергем. Бирок аны бир да маалымат булактарында көрсөтүшкөн жок. УКМКнын өкүлдөрүнө айткам, “мен азыр айткан сөздөрдү жазып алып, президентке жеткирип баргыла” деп. Бирок, ал жерде айтылган маанилүү фактылардан жыйынтык чыгаруунун ордуна, Темир Сариев “Бекназаров документти бурмалап салган” деп айта баштады. Жок, Бекназаров эч нерсени бурмалаган жок, тараткан да жок. Бекназаров Аксыда болгон митингде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары берген документтин номурун гана айтты: 2015-жылдын 11-ноябрында чыгарылган  өкмөттүн  №19-0177 протоколунда Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы катары көрсөтүлгөн деп. Кербен шаардык кеңешине андагы тоодогу телемунараларды чыгарып кетүү сунушун койду эле, депутаттар бир ооздон четке кагышты. Бул документти канча журналисттер сурады менден, берген жокмун. Бишкектеги Аксы коомун чогултуп, чогулуш өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин колуна документти бердим, “парламентте тийиштүү маселе көтөрүп чык, бул документти президент же өкмөт тез аранын ичинде жокко чыгарышы керек”- деп. “Унгар-Тоону сактап калууда мындан башка юридикалык жол жок, бул эл аралык маселе, бийликтен башка кайсы бир саясий күч аны чече албайт.- дегендей. Маалымат жыйынында КТРКдан да кайра-кайра сурандым, “маселени президентке жеткиргиле” деп. Бирок, президенттен кандай жооп болуп атканын көрүп атабыз, керели-кечке КТРК Бекназаровду шыбап баштады. Сариев болсо Аксыдагы эл менен жолугушууда Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун ачык айта албады, “ал жашыруун документ болгондуктан, ачыкка чыгара албайм”, – деп жымсалдап койду. “Сен көрсөтө албаганың менен бул жердегилер жакшы билет, өкмөттүн токтому кандай болуп чыкканын. Ал аймакта жергиликтүү элдин үлүшкө алган жерлери бар. Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны да жашыруун деп атып берип жибергенсиңер”, – деп айттым, аны танбайм. Өкмөт ошол документти өзү жокко чыгарышы керек. Ал чыгара албаса Жогорку Кеңеш чыгарсын. Антпей эле, “андай эле”, анан “мындай эле” дей берсеңер жерибиз коңшу мамлекетке өтүп кете берет. Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын алдап коюшуңар мүмкүн, акционердик коомду алдап коюушуңар мүмкүн, протоколду оңдоп коюшуңар мүмкүн, бирок Өзбекстандын колунда турган документти кантип оңдойсуңар? Эл аралык документ эки мамлекеттин ортосунда чечилиши керек. Өзбекстандык “Бухара” сайты жазып атат, “Унгар-Тоо боюнча тийиштүу документтер бардыгын, эл аралык деңгээлде чечишсек, жеңип чыгабыз” деп. Ошондуктан, “бул чечимди кабыл алууда каталык кетирип коюптурбуз” деп моюнуна алып, өкмөт, же парламент документти жокко чыгарууга шашылышы керек. Жокко чыгара салса, Сары-Булак да, Унгар-Тоо да талаш аймак бойдон калып турат. Анан бул ишти “Бекназаровдун кезектеги чыры” деп саясатташтырмай оюнуңар ишке ашпайт, анткени ал документ менде эмес, Өзбекстанда да турат. Аксыда, Ала-Букада ар бир адам билет, 2012-жылы Ж.Төрөмаматов деген губернатор да чогулуш жасап, далай айткан “Унгар-Тоо Өзбекстандыкы болуп кетти. Аны мен чечкен жокмун, Бишкектен чечилди”, – деп. Бул ар бир аксылыктын эсинде. Президент да, КТРК да айтып атат, “оппозиция жашыруун сүйлөшүп, чегарадагы басып алууну уюштурду” деп. Ой, айланайын, кимдин акылына сыя турган нерсе бул? “Бекназаровдун баласы Өзбекстандык мафиядан миллион доллар алып келди” деп чыгарышты. Кудайды карагыла?! Бакиевдин убагында Сох маселеси талкууланып атканда Өмүрбек Чиркешович Бакиевге айтты эле, “ташта, портфелди!” – деп. Мен да Сариевге ошону айтам, “портфелди таштагыла да, документти жокко чыгарып койгула”. Ошондо, бул саясий чечим патриоттук чечим болот.

Сары-Булакты Чала-Сарт деп айтып атабыз. Ал андай аталбайт, кыргызга тиешелүү Сары-Булак деген жер. Президент баш болуп, Токон Мамытов төш болуп, Сариев кошулуп, “бул аймак талаш жер болчу” деп жапырт чыгышты. Талаш жер болсо, анда неге унаа жолу салынды? Неге ал жерден жарандарга үлүш жер бердиңер? 1997-жылы унаа жолу салынып атканда, өзбек тарап “бул жерге биздин эч кандай претенциябыз жок, сала бергиле” деп макулдук беришкен. Унгар-Тоодогу 1967-жылы курулган станция азыр да иштейт. 70-жылдары Өзбекстан да ушул жерге “бир станциябызды орнотуп алалы” деп суранып, коюшкан. Бир телемунара үчүн тоону коңшу мамлекетке берип койсок, анда “Рахот” пансионаты үчүн Ысык-Көлдү да Өзбекстанга кармата бербейлиби? Союз учурунда мындай обьектер коңшу мамлекеттерге курула берген да. Мисалы, Россиянын Байкоңуру Казакстанда жайгашкан, бул Казакстандыкы дегенди билдирбейт. Башында айтып кеттим, Аксы коомунун чогулушунда депутат Кубаныч Жумалиевге Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун берип, “парламентте көтөрүп чык” деп айттым деп. Биз митинг кылалы деп атканда ошол Жумалиев келди, “түнү менен бул маселени чечип, жокко чыгарабыз, элди чыгарбагыла” деп. Биз ишендик. Бирок, “20-апрелге чейин Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзөт” деп өкмөт документти жокко чыгаруудан баш тартып койду. Ал документте виза, өкмөт караган күн, өкмөттүн чечими ж.б. маанилүү белгилер турат, анан анын баарын кантип Бекназаров өзү жасап койсун? Кыргыз-өзбек чегарасы маселесинде жаңжалдын кереги жок, аны бийлик менен оппозиция биргеликте карашы керек. Бул жерде патриоттук сезимдин болушу шарт. Антүүнүн ордуна, президент нелерди гана сүйлөгөн жок. Ошол да мамлекет башчысы айта турган сөзбү? Чычалашынын да себеби бар, анткени документтин башы 2012-13-жылдарда жатат. Сариев кийин келди, а чыныгы учу бийликтин жогорку жагына туташтырылып турат. “Жабык эшикте карадык, 20-апрелге чейин текшерүү жүрөт”- деген болбогон нерсе. Сохту алып калгандай эле, тарс коюп, Унгар-Тоону да алып калышыбыз керек. Мына, парламент жыйынында бир МАИ кызматкери үчүн, Жанабаева деген, 17 депутат сүйлөдү, ызы-чуу салышты. А Унгар-Тоону бириси да эстеген жок. Чегарадагы биздин жерди коңшу мамлекеттин танкасы басып жатты. Бийлик да барбады ал жерге, парламент көтөрбөдү бул маселени, анан эмне кылыш керек? Биз да унчукпай коелубу, бардык, көтөрдүк, бул кылмыш эмес. Бул ушак таратууга себеп, же кылмышка жата турган нерсе эмес да. Президент “Бекназаров Каримов менен сүйлөшуп алган”, – деп атат. Кудайды караса боло! Эгер документти жокко чыгарып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн чечим кабыл алса, Атамбаевге да, Сариевге да рахмат айтабыз. Болгондо да көчөдө туруп айтабыз.

“Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровдун артында Бекназаров турат”- деген саясатты мамлекеттик деңгээлде тыкан жүргүзүп атасыңар. Тергөөчүлөр, ал турмак президент өзү да анын артында ким тураарын жакшы билишет. Ага жетишерлик далилдер да бар, бирок Бекназаровду коомго мокочо көрсөтүүнүн үстүндө иштеп атышат. Ал нерсеге менин тиешем жоктугу биз менен чогуу жүргөн оппозиционерлерге да маалым.  Бийликти басып алуу сыяктуу иштерге каршы болуп келгенибизди да баары билишет. Бул эки бала “подставага” туш болду, аларга кошуп мени да камоо бийликтин башкы максаты болгон. Бирок, мен мындай иштерде тажрыйбам бар, юристмин, аздыр-көптүр билимим бар, бийликти басып алуу чакырыгы менен элдик курултай өткөрүүнүн айырмасын жакшы билем. Жок дегенде ушул экөөнү ажырата алам. Ошондой эле менин тийешем болсо, Бекназаровдун да сөзүн чыгарбайсыңарбы, экөөнүн сүрөтүнүн ортосуна менин да сүрөтүмдү коюп, аралаштыра бербей. Мен айтып келатам, “бизге 3-революциянын кереги жок. Жандүйнө революциясы керек. Шайлоолордо талапкерлердин пулуна эмес, дараметине, эмгегине баа берип, руханий революция жасайлы” деп айтам. Ооба, мага көп адам келген, “сиздин колуңуздан келет, революция жасабайлыбы?”- деп. Мен каршы болгом.

Мени бийликти басып алуу аракеттерине чаптоо Атамбаевдин досу экөө жасаган каралоо долбоору. Жакын арада Асанов менен Кадыровду ким каматканы ачыкка чыгат. Тергөөчү айтпаса, бийлик өзү кечирим сурап айтпаса, биз ачык айтып чыгабыз. Бул балдар кайсы бир күчтөрдүн спектаклиндеги башкы каармандарга айланып калышты, күнөөлөрү жок, бийликти басып алууга план, максат-ой да болбогон. Токтоосуз чыгаруу керек аларды. Анан эле ой-пикири, бийликке болгон көз карашы үчүн эле камай берсе, эртең Кыргызстанда камалбаган бир да адам калбайт. Ким өлкөдө тополоң болуусун каалабаса, бул кадамды президенттен баштайлы. Көрүнгөн жерде этияттап сүйлөп жүрсүн. “Ташбараң кылгыла”- деп президент айтып атат, “революция жасайм дегендер бандит, криминалдар” деген сөз  мамлекет башчысынын оозунан чыгып атат. Демек, өлкөдө дестабилизацияны ким пайда кылып атат, менби, же Атамбаевби?! “Оппозиция Өзбекстан менен байланышып алып, чегара чатагын чыгарып атат”- дейт. Президент Кудай эмес, ал да мага окшогон пенде. “Түбөлүк калабыз”- деген Акаев менен Бакиев да кетти, Кыргызстанда алмашпай турган эч нерсе жок. Эртең Атамбаевдин да мөөнөтү бүтөт, биз да кетебиз, бирок эл менен мамлекет калат.

Президенттин душманы оппозиция эмес, колтугунда жылуу сүйлөп, тескери саясатын жасаган жан-жөкөрлөрү, ошол эле КТРК, ЭлТР, НТСи – саясатка башкача басым жасап аткан. Биз Текебаев, Отунбаева болуп “оппозиция көчөдө жүрбөсүн” деп, парламенттеги оппозициянын ордун түзүп бердик. Бирок, азыр парламентте оппозиция барбы? “Бийлик-оппозиция” деген диалог болсо, бир тараптуу каралоо, тыңшоо, жалган маалымат таратуу саясатынан баш тартуу маселесин кароо керек. Кайрадан, оппозиция өкүлдөрүнүн коомго шардана болгон сүйлөшүүлөрүнө кайрылайын, укук коргоо кызматы 14-марттагы сүйлөшүүнүн негизинде иш козголду деп атат, бирок, алты айдан бери оппозиционерлерди тыңшап жүрүшкөн эмес. Эмнеге, ушунча аралык тыңшап эле жүрө беришкен, биринчи эле сүйлөшүүдө иш козгой салышпайт беле? Булар алдын-ала баарын даярдап, айта тургандарын иреттеп алышпайбы, сөздөрү ача чыгып, буйрутма экени даана билинип калды. Мени чөгөлөтө да, сындыра да алышпайт, андан көрө өлтүрүп коюу оңойураак. Бул жактан иш таба албаганы үчүн Түркия, Россияда иштеп жүргөн балдарымды да аралаштырып башташты, “миллион доллар алып келди” деп. Атамбаевдин ошентип айтканын уккан эле, “бул Бекназаров акмак экен” деп атышат да. Ооба, мен 20 жылдан бери акмакмын, Акаев, Бакиевдин учурундагы акмактыгымдан өйдө кыла албайт бул бийлик. Камакка алынган балдар чогулуп отуруп сүйлөсө сүйлөп, тилден жаңылып калышкандыр. Бирок, бир нерсени да эске алуу туура – көчөгө чыксаң, ар бир экинчи адамдын  “Атамбаевдин да күнү бүтүп баратат” дегенин угасың.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: