Menu

Министр Максүтов Базаркуловду көз көрүнөө колдоп келет. “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”- дегендей …

Бөлүшүү:

“ЖТР” – Жалал-Абад облустук мамлекеттик телевидениеси экени коомчулукка маалым. Бирок, “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”- дегендей “Хизб ут-Тахрир”-деген террордук уюмдун мектебин биз ЖТРден көрүп таанып жатабыз. ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүн пропагандалаган атайын телеберүүнү (18.10.2014) коомчулукка көрсөтүп жатканына карабай Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү 1,5 жылдан бери жоопко тартпай келе жатканы коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда. Андан бери нечен суулар акты, бир канча террористтер күч түзүмдөрү тарабынан атылып жок кылынды, бир тобу кармалып абакта жатат. Диний-экстремизм менен күрөшүү үчүн күч түзүмдөрүнө канчалаган акчалар которулуп берилүүдө. Буга кандай түшүнсөк болот, бир мамлекеттик орган күрөшүп, экинчиси аны пропагандалап жатканына? Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик саясат качан болот? ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов болсо “Хизб ут-Тахрирди” ЖТРден көрсөткөнү үчүн мыйзам алдында жооп бергенди мындай кой, КРнын Маданият министри А. Максүтов тарабынан колдоого ээ болуп келет.

КРнын Маданият министринин орунбасары А. Темирбекова,  Маданият министрлигинин алдындагы департаменттин жетекчиси Б. Ноорузбаевалар ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркуловдун ишмердүүлүгүн жеринен барып иликтеп, ЖТР К. Базаркуловдун менчик телевидениесине айланып баратканын расмий жыйналышта айтып, бир канча ирет кызматтан кетирүү маселесин министрликте көтөрүп чыкканына карабай КРнын Маданият министри А. Максүтов К. Базаркуловду белгисиз себептер менен көз көрүнөө колдоп келет.

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аудити Э. Нажиев ЖТРди пландуу текшерүүдөн өткөрүп (2016-жылы март айында), жетекчи К. Базаркулов тарабынан ЖТРге санариптик техникалык жабдуу сатып алуу үчүн жарыяланган тендер мыйзамсыз өткөнүн тастыктап чыккан. ЖТРди санариптик телевидениеге өткөрүү үчүн 2014-жылы мамлекеттик бюджеттен 1,5 млн сом каражат бөлүнгөн. К. Базаркулов белгисиз себептер менен тендерди 1 ай кечиктирип жарыялаган. Кечигип жарыяланган тендерди “МБМ-Трейд” ЖЧК утуп алып, ЖТРге санариптик техникаларды сатып алып берген. Бирок, “МБМ-Трейд” ЖЧКсы сатып алып берген техникалык жабдуулар жараксыз болуп чыккан. Териштирип келгенде  “МБМ-Трейд” ЖЧКсы учурда жоюлуп кеткендигине байланыштуу мамлекеттик бюджеттен максатсыз сарпталган 1,5 млн сом акча каражаты кайда жумшалганына жооп бере турган тарап табылган эмес. Мындан эмнени түшүнүүгө болот? Албетте “МБМ-Трейд” ЖЧКсы кумдан алтын чайкагандай, тендерден акча “чайкаш” үчүн К. Базаркулов тарабынан атайын түзүлгөнү көрүнүп турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, облустук телевидениелердин кызматкерлеринин саны  кыскартылуусу каралган. Өкмөттүн бул талабын аткаруудан баш тарткан К. Базаркулов ЖТРде иштеген жаш кызматкерлердин ата-энелерин чогултуп, ата-энелер комитетин түзүп алыптыр. Ал комитет УКМКдан да жогору турат өңдөнөт, анткени, ЖТРдин ата-энелер комитети К. Базаркуловдун коопсуздугун өтө кылдаттык менен коргоп келүүдө. Ата-энелер комитети бала бакчаларда, мектептерде, лицейлерде болчу эле. Мамлекеттик телевидениеде ата-энелер комитети түзүлүп, анын жетекчисин коргоого алганын биринчи жолу көрүп жатабыз-деп таң калгандар абдан көп.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө ЖТР кызматкерелринин 80-90%ын студенттер түзөт экен. Ал эми кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси профсоюз уюмун да жетектегендиги айтылууда. Мына ошондуктан чыгармачыл жамаатка берилүүчү калем акы (гонорар) чыгармачыл эмес адамдарга берилип жатыптыр.

КРнын Маданият министринин орунбасары А. Темирбекова,  Маданият министрлигинин алдындагы департаменттин жетекчиси Б. Ноорузбаевалардын ЖТРдин жетекчиси К. Базаркуловду кызматынан бошотуп, жоопко тартуу сунушун көңүл сыртында калтырган КРнын Маданият министри А. Максүтовду кандай түшүнүүгө болот? А. Максүтов К. Базаркуловдун жердеши болгону үчүн коргоп келеби, же Куттумидин Базаркуловдун колдоочулары өзү айткандай Жогорку Кеңештин депутаттарыбы?

 

Н.Камбаралиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: