Бүгүн, 2016-жылынын 11-апрелинде, Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып:
– Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сариев Темир Аргембаевичтин отставкасы кабыл алынды.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
– Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар, ошондой эле административдик ведомстволордун жетекчилери мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдетин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ