Menu

Тармактык комитет «Ички жер которуу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 11-апрелдеги жыйынында «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Өкмөт тарабынан сунушталган аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Нуржан Таштанов тааныштырды.

Баяндамачынын айтымында, «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр ички миграция чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле, «Ички жер которуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык каттоо эсебине алууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандын ким экендигин ырастоочу документтер болуп ким экендигин ырастоочу күбөлүк саналат. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 «Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык ким экендигин ырастоочу күбөлүк убактылуу документ болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында жогоруда аталган Мыйзамдын 14-беренесинин 6-пунктчасын күчүн жоготту деп таануу жагы сунушталууда.

Талкууда депутат Тазабек Икрамов,-“Сунушталып жаткан мыйзам долбоору чек арада жашагандар үчүн үмүт берерин билдирип, андыктан, аларга керектүү кызыл китептерин берүү милдет”,- дейт. Ошол эле мезгилде  депутат,- чек ара аймагындагы тургундар жер аянттарын коңшу өлкөнүн жарандарына иштетүүгө деп ижарага берсе, алардын кызыл китептери жок көйгөй жаралып, акырында ижарага берилген жер башка өлкөнүн жарандарынын колуна өтүп кетүү коркунучу жаралаарын айтты.

Жыйынтыгында  «Ички жер которуу жонүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактыруу боюнча тармактык комитеттин бүтүмү  чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: