Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Хаджир-Абад айылында пенсияга чыккан тарых сабагынын мугалими Равшанбек Мансуров өз үйүндө 6 сотых жерге күнөскана куруп, помидор өстүрүү ишин астейдил колго алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Равшанбек Мансуров өмүрлүк жубайы Айтажи жана уул-кыздары менен бирге короосундагы чарбагына «Буран» сортундагы мол түшүм берүүчү помидор өстүрүп жатат. Азыркы күндө помидорлор тегиз түйүп, алды саргара баштаган. Сейдикум айыл аймагында 7 күнөскана болсо, Базар-Коргон району боюнча күнөсканалардын саны 24ттөн ашкан деп маалымдады аким Таалайбек Дөлдөев.
Өкүл Жумагүл Эгембердиева 8-апрелдеги Базар-Коргон районуна болгон иш сапарынын алкагында айылдык фермер Равшанбек Мансуровдун күнөсканасында болду. Өкүл өсүп жаткан помидордун түшүмдүүлүгүнө чындап ыраазы болуу менен бирге ардагер пенсионерден алдыга койгон ой-максаттары туурасында кең-кесири баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
– Равшанбек агай пенсияга чыкканга чейин окуучуларга тарых сабагынан билим берген. Эми ардактуу эс алууга чыккандан кийин өзүнүн үйүнүн короосуна 6 сотых жерге күнөскана куруу менен айылдаштарына кантип киреше тапса боло тургандыгын иш жүзүндө ырастап жатат. Агайдын эмгекчилдигине колу-коңшулары менен айылдаштары терең ыраазы жана андан ар кандай кеп-кеңештерди такай алып турушат,- деди Хаджир-Абад айылынын айыл башчысы Закир Дадашов. Айылдык ишкер Равшанбек Мансуров помидордун алгачкы түшүмүн май майрамдарына алып чыгууну мерчемдеп жатат. Быйылкы «Тарых жана маданият» жылында ардактуу эс алуудагы айылдык тарыхчы мугалим Равшанбек Мансуров помидор өстүрүү менен андан пайда тапса боло тургандыгын иш жүзүндө далилдөөнү чечти.
Жолдошбай Осмонов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ