Өкмөт башчылыкка талпынгандар арбып баратыр. «Кыргызстанчы» Канатбек Исаев башкы талапкер катары аталса Аалы Карашев, Бакыт Төрөбаев тымызын аракет көрүүдө. А баса, Сооронбай Жээнбековдун да ысымы аталууда, оңтою келсе Өмүрбек Бабанов да жок дебейт. Себеби акыркы өкмөт айланасындагы окуялар башбакандын күнү бүтүп баратканын каңкуулап турат. Ал турсун кыңыр иштер байкалса кылмыш иши ачылат деп көзү ачык болгондор бар.
Булак: «Жаңы Агым»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ