Menu

Жашылдандырууда Социалисттик Эмгектин Баатыры, айтылуу педагог К.Мамбеталиевдин тажрыйбасы эмне үчүн эске алынбайт?

Бөлүшүү:

Балаңа так эмес, бак калтыр (Эл макалы)

Кыргызстандын кайсы жерине барба бүгүн чырпык сайсаң, эртең чынар болуп чыга келчү жерлерибиз аңгырап бош турат. Өңгөнү коюп Сары-Өзөн Чүйдөгү абалды айтсак жол жээгиндеги дарактар карыды. Жака белинде жаңы тигилгендери байкалбайт. Баягы бир кезде тамырына суу жеткирип туруучу арыктар бүтөлгөн. Аларды биздин алдыбыздагы улуу муун тиксе керек эле.

Бишкекте деле ошол көрүнүш. Эгерим тамырына суу жетпеген дарактар четтен чыгат. Алардын ак жайдын ысыгында суу жетпей акактап турганын көрүп, өзүңдүн демиң кысыла түшөт. Дарактардын алды эскирип, болуп өткөн кайгылуу окуядагыдай, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштады.

Борбордо бирден санап чыгышканбы ким билсин 204 миң ар кандай бак-дарак өсүп жатыптыр. Мынчалык неге так билишет десем бул дарактар 1950-60-жылдары отургузулуптур. Алардын ичинен 600 дарагы жедеп өзөгү чирип бүтүп, отунга эле кыйбаса, эч нерсеге жарабай калыптыр.

Быйыл болсо “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда Бишкек шаары боюнча 5 миң ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактар отургузулмак. Бир жагынан ар жылы жазында Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына, ар кандай министрликке чейин билек түрүнүп, дарак отургузмай салтыбыз бар. Эгемендик алган 25 жылдан бери эле ушул көрүнүш. Бирок ал дарактардын дүпүйүп өсүп жатканын көрсөтө албайсың. Себеп дегенде дарак отургузуудан мурун, арык тартуу, суу жеткирүү жагы каралбайт. Кайран эмгек, кайран көчөттөр…Ошол боюнча кала берет. Менин маалыматым боюнча былтыркы жылы Бишкекте 8 миң 700 көчөт отургузулуптур. Алар көктөдүбү жокпу кызыккан бирөө бар болду бекен?

Кезинде жашыл шаары катары союзда экинчи орунда туруучу мурунку Фрунзе, азыркы Бишкекте соңку жылдары ирригациялык система бузулган. Анын айынан жайында борборго берилген суу бир жерине жетсе, бир жеринен ашып-ташып көчөлөрдү жайпап жатканын көрөсүң.

Ошондой болсо да Бишкекти жашылдандырууда мурда колго алынбай келген

демилге тууралуу айткым келип турат. Ал шаардагы 20 мектептин айланасына 10 миң көчөт отургузуу демилгеси. Ал көчөттөрдү отургузуп эле тим болбостон, алардын өсүшүнө көз салып туруу да ушул мектептерге жүктөлөт окшойт. Жакшылап уюштурса бул демилгеде данек бар. Анткени мектеп окуучулары жашылдандырууга тартылат. Көчөт отургузуу эмне экенин, ал кантип өсөөрүн практика жүзүндө көрүп өсүшөт.

Ушуга байланыштуу эсиме келе калган бир нерсени айткым келип турат. Кыргызстанда мугалимдердин арасында биринчи жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон, биология мугалими Көкөбай Мамбеталиев агайдын бир эң сонун ыкмасы бар эле. Агайыбыз ар жылы жазында мектеп окуучуларын алып барып, короосундагы бактарды бутатчу. Бутаганда да кайсы бутакты кандай кылып кесишти үйрөтчү. Анан кесилген бутактарды чогултуп алып кайра мектепке алып келчүбүз. Агай эми чөнтөгүндөгү макисин алып чыгып, ал бутактардан калемче жасоону, бакты кантип кыйыштырууну көрсөтө турган. Бир маалда мурдараак өзү кыйып келип суу куюлган бөтөлкөгө салдырып койгон калемчени сууруп чыгып, кантип тамыр алганын көрсөтүп, дарак ушундай өсөт дечү. Окуу ошону менен бүтчү эмес. Баарыбызга бактын кандай өсөөрүн үйрөткөндөн кийин, баягы кесилген бутактардан калемче жасатып, ар бирибизге 5-10 калемче карматып, муну алып барып үйүңөрдүн тушундагы арыктын жээгине сайып коесуңар, эгер ошол калемче суусуз куурап калса же малга тебелетсеңер, чыбык кылып ойноп кетсеңер эки аласыңар, мен өзүм барып текшерип турам деп койчу. Агайдан эки алуу же айтканын аткарбай капа кылуу бизде жок эле. Баарыбыз айтканын айткандай аткарчубуз.

Ошону менен жаңы түшкөн кыштагыбызды, азыркылардай мамлекеттен жашылдандырууга деп акча бөлдүрбөй эле, “жашылдандырып атабыз” дедиртип дүңкүлдөтпөй эле, аны теле-радиодон бердиртип компания кылбай эле бир эле мектептин биология мугалими Көкөбай агайыбыз гүлдөтүп койгон. Бул Кочкор районундагы Талаа-Булак айыл өкмөтүндөгү Дөң-Алыш айылы болчу.

Премьер-министр Т.Сариев быйыл Кыргызстан боюнча 2 млн көчөт отургузулат деген эле. Буга сөзсүз Кыргызстандын бардык мектептерин тартуу керек. Мезгили келгенде мектеп окуучулары “биз өстүргөн дарактар” деп сыймыктануу менен айта жүрүшөрү турган иш. Ал эми айыл өкмөттөрү мындан сыртта калбаса дейбиз. Негизи эле айыл-апага дарак өстүргөндү уюштура албаган айыл өкмөттөрүнөн башка ырыстуу ишти күтүүнүн кажети барбы?!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: