Ооган талибдери согуштук күчтөрдүн “жазгы чабуулун” баштай тургандыктарын билдиришти. Согушчандар 12-апрелде электрондук кат жолдоп, жергиликтүү убакыт боюнча таңкы беште сокку ура тургандыктарын кабарлашкан.
Өз билдирүүсүндө согушчандар “АКШ баскынчыларына каршы жихад жарыялай тургандыгын жана бул 15 жылдык согуштагы ыйык милдети экендигин” белгилешкен. «Талибан» тобу 2013-жылы набыт болгон лидери Мохаммад Омар молдонун урматына “Операция” аттуу согуштук иш-аракеттерди баштай тургандыктарын билдирүүдө.
Талибдердин жаңы лидери молдо Ахтар Мансурдун келиши менен Ооганстандагы согуш оту кайрадан тутанды. Былтыр анын жетекчилиги алдында түндүктөгү Кундуз шаары бир нече күнгө басылып алынган болчу.
11-апрелде мотоцикл минген жанкечти-талибдин айынан Ооганстандын чыгышында автобуста бараткан 12 жаш жоокер каза тапкан. Бир нече сааттан кийин ушундай эле жардыруудан Кабулда дагы эки адам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ