Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Алмаз Атамбаев президенттикке татыксыз. Биздин саясатчылардын жылма саясатынын айынан ушундай акмакчылык иштер жасалган”

Бөлүшүү:

Урматтуу кут конгон Аксы жери. Мен Таластан болом. Илгертеден Жеңижок атабыз байырлап кыргызга аты чыккан, кыргыздын даңкын чыгарган акындардын башында турган берекелүү Аксы жеринен кандай гана мыкты азаматтар чыккан. Анткени аккан арыктан суу агат, ыйык жердин  өзгөчө ыйыктыгы бар.  Аксы окуясы болгондо баарыбыздын жүрөгүбүз канаган. Аксылыктан курсагынын ачтыгынан же болбосо кийиминин жыртыгынан, нан сурап айлык сурап  чыккан эмес. Алар Кыргызстандын элинин жеринин бүтүндүгүн мамлекеттин бекемдигин  сактап калалы деп чыгышкан. Ошол жерде Үзөңгү-Кууш деген  кыргыздын жерин, Азимбек Бекназаров деген баатырын коргоп чыккан. Ошондо айрым трайбалист адамдарды гезитке “Эми бул Үзөңгү-Кууш Аксыда эмес го. Унчукпай эле олтура бербейсиңерби. Биз деле олтурбайлыбы” деп жаздырышкан.  Андай эмес туугандар. Аксыдан бир метр жер кетсе менин  жүрөгүм канайт. Кыргыз атабыз ушунча жерди, элди  миңдеген жылдар бою кан менен кармашып канжарын аябай кашык каны калганча согушуп,  санжырада айтылгандай сулуу аялын, күлүк атын берип бирок жерди кашык каны калганча согушуп жатып сактап калышкан.  Анан ошол жерди   талаш жер экен деп кармата бергенге эч кандай акыбыз жок. Мен ушунча болду бир окуяны айтып берейин. 2009-жылы мына азыр ушул жерге келип сүйлөп кеткен  Темир Сариевдин жанында президенттик шайлоо убагында экөөбүз 35 күн чогуу жүрдүк. Ошондо ушул Аксы районуна келгенбиз. Келе жатып айланма жерден өттүк. Ошол жерден жүрөгүбүз канаган өтүп кеткен жерлерди көрүп.  Ошол жерден Темир байке “биз бийликке келгенде ушул жерден чек араны бекемдеп, жерди сакташыбыз керек” –деп күпүлдөгөн.  Бүгүн мына ошол максатына жетти, премьер-министр болуп олтурат. Парламенттик мамлекетте премьер-министр эң чоң кызматтын адамы. Бүттүк мамлекеттик структуралар, УКМК, Коргоо министргили, Прокуратурадан башкасынын баардыгы премьер-министрге баш ийет. Бирок ошол адам келип алып “Биз деген сүйлөшүп жатабыз, ойлонобуз” деп мурдагы бийликтегилердин сөзүн сүйлөп жатат.  Кээ бирлер жазып жатат, 38 гектар экен эмне болмок эле деп. 38 гектар эмес, 38 метр тагдырды чечет. Албетте бул жерде чоң саясат бар. Ислам Каримов коңшу Өзбекстандын президенти абдан акылдуу кеменгер адам.  Балким ал сынап жаткандыр. Бирок ал кыргыздын эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн урматташы керек. Анткени ал өзү Орто Азиядагы 5 мамлекет эч кимге багынбай өз алдыбызча ынтымакта бири-бирибиздин эгемендүүлүгбүздү урматтап жашашыбыз керек деп айткан. Мына ушул нерсени аткарышы керек. Биздин бийлик Сары-Булак деген жер деп ачык айтышы зарыл. Азыр аким Медет Айдаралиев баш болуп Дүйшөнбиев деген чек ара кызматынын башчысы төш болуп баардыгы бир ооздон “Чала-Сарт” деген талаштуу жер деп бакылдап жатышат. Сары-Булак кыргыздын жашап жүргөн,  ушул күнгө чейин колдонуп келген жери. Эртең өзбектер келип туруп “Макул такталбаган жер экен, бөлүшөбүз” –десе эмне дейбиз. Такталбаган жер болсо Эл аралык норма менен алганда жерибиз теңме тең бөлүнүш керек болуп калат.Бул биздин мамлекеттин айрым жетекчилеринин мамлекетке болгон чыккынчылыгы. Сөздү сүйлөгөндө абайлап сүйлөш керек.  Кыргыздын эгемендүүлүгүн коңшу мамлекеттер урматтасын.   Манастагы “Каркыра” деген Көкөтөйдүн ашы өткөн жайлоону  келечек балдарыбызга кайсыл жакта десе Казакстанда деп кантип айтабыз? Бир кезде Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар”  деген чыгармасында кош айдаган жигиттер жөнүндө сонун аңгемелерди жазган. Суланмурат, Анатай, Мырзагүл соко менен кош айдаган жерлер азыр баардыгы Казакстанга  берилип кеткен.  Мен атайын Көк-Сай, Кара-Буура деген  Казакстан менен чектешкен айылдарына барып, өтүп кеткен жерлерди өз көзүм менен көрдүм.  Жергиликтүү элге айтпай, билгизбей туруп 4 500 гектар жерди  өткөрүп берип салышкан.  Карапайым эл зым тартылып жатканда да биздин жер деп ойлошкон.  Мал дагы ары өтүп бери өтүп жайылып жүргөн. Бир күнү  2010-жылы тополоң болоору менен Назарбаев чек аранын баарын бекемдеттирип зым менен тосулуп калды.  Биз эл чырылдаганынан барсак ал жерлер 90-жылдары эле өтүп кетиптир. Биздин саясатчылардын жылма саясатынын айынан ушундай акмакчылык иштер жасалган. Биз мындан кийин андай нерселерге жол бербешибиз керек.  Албетте баардыгы дипломатия достук менен чечилүүсү зарыл. Бирок биз өз позициябызга турбасак болбойт. Атамбаев Москвага барып алып, Улуу Ата-Мекендик согушта кимдин адамдары  көбүрөөк баргандыгын  Каримов менен такташкандын ордуна чек ара, мамлекеттик маселелер боюнча ошентип талаш тартыштык кылса жарашмак.  Майда чүйдө сөздөрдү сүйлөп “Кошуналарга тизе бүкпөйбүз,  Акаев менен Бакиев жаңы жылдын алдында жалдырап жүргөн. Мен барбайм. Мындан кийин кошуналар кандай кылса ошондой кылабыз. Алар бирди көрсөтсө биз экини көрсөтөбүз” –деп бакылдап жүрүп бүгүнкү күндү алып келди.  Ушул окуядан бир же эки күн мурун Ошко барып оппозициянын баарын шыбап, карга кузгунга, чыккынчыга теңеп  укмуш сөздөрдү айтып каргап шилеп келген.  Ошондон эртеси күнү ушул окуя болду,бүгүн дымы чыкпай үйүндө жатат. Бул деген кандай, биз деги мамлекетпизби?  Бизде президент барбы жокпу? Ошондуктан мен буга чейинки позициямды дагы бир жолу кайталайм. 2013-жылдан баштап айтып келгем.  Алмазбек Атамбаев президенттикке татыксыз. Ал мамлекеттин башчылыгын өткөрүп бериши керек. Атамбаевдей бизге жетекчи болгон эмес, болбойт дагы. Ошондуктан Атамбаев кетсин.
 Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: