Menu

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: “Жогорку Кеңештин төрөагалыгына бир гана адам бар, ал …”

Бөлүшүү:

“Учурда ким Жогорку Кеңештин төрөагалыгына келиши мүмкүн? – деген суроо кызуу талкууга алынып жатат. Мен ойлоймун Жогорку Кеңештин төрөагалыгына бир эле адам бар, ал Мыктыбек Абдылдаев”, – деген пикирин билдирди бүгүн, 12-апрелде kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине экс-депутат Жылдызкан Жолдошова.

“Эгерде чын эле Өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбеков келип калса, Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетиши керек. Бул кадамды Жээнбековдор өздөрү деле билип жатышат жана алардын ой-максаты моралдык жактан туура. Тилекке каршы, Сооранбай Жээнбеков премьерлик кызматты татыктуу иштеп кете алабы? – деген суроо жаралат, аны убакыт көрсөтөт. Менин үнүм Алмазбек Атамбаевге жетсе, ЖК төрөагалыгына Мыктыбек Абдылдаевди сунуш кылат болчумун. Анткени, төрөагалык кызматка бир гана Мыктыбек Абдылдаев татыктуу. Мыктыбек Юсуповичдин басып өткөн жолу абдан тажрыйбалуу, дасыккан юрист, көптөгөн Кыргызстандын аймактарында иштеп, кызматтык тепкичтерди татыктуу басып өткөн. Чек ара маселесин жана азыркы абалды эң жакшы түшүнөт, эл арасында дагы аброю бар. Жалпы КР ЖК депутаттарына кайрыламын, сиздер М.Абдылдаевдин талапкерлигин “Жогорку Кеңештин төрөагалыгына” көрсөтүп жана колдой алсаңыздар, М.Абдылдаев өлкөнү азыркы кырдаалдан алып чыгып кете алышына мен терең ишенем”, –деген пикирин билдирди экс-депутат Жылдызкан Жолдошова.

Гүлжан Шерипбаева, kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: