12-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна көрсөтүлдү.
Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги көпчүлүк коалициядагы фракциялардын депутаттары тарабынан бир добуштан жактырылып, коалициялык көпчүлүктүн чечими чыгарылды. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин өкмөт башчынын кызмат ордуна кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйынынын кароосуна жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ