Menu

Парламент комитети “чет элдик тыңчы” мыйзамын жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Комитет төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбоору экинчи окууда эки түзөтүүгө кабылганын билдирди.

– Биринчиден, эл аралык бейөкмөт уюм дегенге так аныктама беришибиз керек, экинчиден, алар ачык өз бюджетин жарыялоосу кажет. Биз тараптан бейөкмөт уюмдардын укугун бузуп жаткан эч кандай берене жок, – деди Скрипкина.

Жыйынтыгында долбоор талкууланбастан комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болду.

Комитеттин отуруму өтүп жаткан учурда Жогорку Кеңеш имаратынын сыртында укук коргоочулар митинг өткөрүп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын билдиришти.

Мыйзам долбоору эртең пленардык жыйында каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: