Menu

Европаны жалгыз кыдырган Нуржан ийгилик сырын бөлүшөт

Бөлүшүү:

Учурда баардык адамдар ийгиликти издеп эңсешет. Бирөө үчүн ийгилик Кудай берген белек болсо, айрымдар үчүн ийгилик эмгек акысы сыяктуу нерсе. Кандай болбосун баарына керектүү болгон “ийгилик формуласы” учурда көпчүлүк үчүн сыр. Ар бир ийгиликтүү адамдын өзүнүн “ийгилик формуласы” бар, бүгүнкү маегибизде дал ушундай адамдарга көп жолугуп  алардын “формуласын” жакындан изилдеп, эл менен бөлүшкөн өзгөчө замандашыбыз Нуржан ТАШБОЛОТ кызы “Ийгилик сыры” теледолбоорунун алып баруучусун кепке тарттык.

 — “Ийгилик сыры” долбоорунда сиз көптөгөн ийгиликтүү адамдар менен жолугасыз. Алардан өзүңүзгө пайдалуу нерсе алдыңызбы? Алардан кандай сырларды үйрөндүңүз?

нуржан4— «Ийгилик сыры» долбоорун алып барып жатканыма бир жылдын жүзү болду. Албетте, абдан акылдуу, кесипкөй, өз ишин мыкты билген менеджер, бизнесмен, чыгармачыл адамдар ошондой эле медицина тармагынын өкүлдөрү менен баарлашып келе жатам. Мен үчүн ар бир адам менен маектешүү, ал адам тууралуу элге айтып берип, адамдык сапатын ачып берүү абдан кызыктуу. Бирок ийгиликтүү,  бай адамдар менен баарлашуу кыйын. Себеби, сырын ачып, маек кургандан тартынышат… Ар бир кишинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар деп айтат элем. Бирөө аракетчилдиги менен өзгөчө болсо, экинчиси акылы, дагы бирөө  жашоосунда берилген шансты кармап калып ошондон ийгиликке жеткен. Адам баардык нерсеге жетишет экен. Аял болобу, эркек болобу каалоо болсо ишке да, үй-бүлөгө да, өзүнө да кам көрүүгө, элге кызмат кылганга дагы жетишет. Мен ушундай ийгиликтүү адамдар менен маектешип жүрүп, каалоо менен аракет болсо баардык адам ийгиликке жетишээрин түшүндүм. Анан эң башкысы тырышчаак жана чыдамкай болуш керек экен. Дээрлик баардыгы кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр. Ошондуктан айтылат го Жараткан бир эшигин жапса, сөзсүз экинчисин ачат деп. Үмүт, алдыга туура максат кое билүү анан чыдамкайлык менен баарын жеңсе болот. Бул жерде адамдын пейили дагы роль ойнойт дээр элем. Бирөөнө карасанатай болбой кечиримдүү болуш керек.

— Жеке жашооңузга сиздин кесибиңиз тоскоол болбойбу?

нуржан3— Жеке жашоомо кесибим жолтоо болот деп айта албайм. Кесибимди абдан ардактайм, сыйлайм. Ушундай кызыктуу чөйрөдө иштеп калганыма бактылуумун. Бирок сиздин сурап жатканыңыз азыркыга чейин турмуш курбай жатканым болуш керек. Эми ар кимдин маңдайына ар кандай тагдыр жазылат экен да. Бирөө эрте турмуш курат, экинчиси кеч. Кара кыздын агынан эмес, багынан дегендей, мен ошол кечирээк турмушка чыккандардын катарындамын го. Буюрса ал күн да алыс эместир…

-Көбүнчө телевидениеде карьера жасаган айымдар ак кол болуп калат эмеспи, сизде бул жагынан кыйынчылык жокпу?

— Мен Нарындын Жан-Булак деген айылынан болом. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Атам 78 жашта, апам 75 жашта.  Атам өмүр бою чоң кызматта иштеп жүрдү. Ардактуу атуул, эс алууда. Апам үй кызматкери. Тогуз  баласынын баарын окутушту. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Атам менен апам кышында жылуу жана ыңгайлуу деп мага келишет. Кудайдан тилегеним ата-энем биздин жакшылыгыбызды көрүп, көп жашаса экен дейм.

Мен ак кол эмесмин. Айылда чоңойдум да. Нарында билесиздер мал-жандуу келебиз. Уй саап, нан бышырып, айран уютуп, кой туудуруп жүрүп чоңойдум. Токсон койду мен, апам жана эжем кышында тууттан чыгарган күндөр болгон. Атам кызматкер болгондуктан көбүнчө үйдө болчу эмес. Кийинчерээк мени үйгө таштап атам-апам курортко кетишчү.  Эстесем, 8-класста окучумун. Үч уйду саап, бадага кошуп, сүттөн каймак жасап, чөп чаап келген ишчилерге казанга тамак жасап берип жүрүп жайкы каникул өтчү. Анан дагы короодогу карагаттан варенье жасаганга да жетишчүмүн… Азыр эстесем кичинекей болуп алып кантип жасачумун деп таң калам. Азыр эле андай иштерден алыс болуп, тамакты анда-санда жасап калдым….

— Өзүңүздүн ийгилик формуласы кандай?
— Өзүмдү аябай ийгиликтүү деп деле эсептебейм. Журналистиканын баардык тепкичин басып өттүм. Быштым деп эсептейм… Дагы жасалчу көп иш бар. Бирок аракет, туура максат кое билүү анан адилеттүүлүк менен ийгиликке жетсе болот. Эч качан бирөөнүн ак эмгегин жебеш керек. Күчтүү менеджер эмгек, аракетти баалаш керек….

Учурда кыргыз жигиттеринин өзүн алып жүргөнү боюнча пикириңиз?

— Жигиттер тууралуу эмне айтсам болот… Кыргыз жигиттери азаматтар. Бирок акыркы учурда майдачылыраак болуп бара жатабы деген ой кетет… Мүмкүн туура эмес ойлоп жатам… Мага майдачыл эркектер жакпайт, ошону айтайын дегем болгону. Ал эми жалпы алып караганда биздин жигиттер намыскөй. Бирок кээде өтө намыскөй болуп аша чаап кетишет… Мисалы «патриот жигиттердин» Москвадагы акыркы кылыктарын таптакыр туура эмес деп баалайт элем. Ал эми ишинде ийгилик жаратып, бизде эмес чет жерде кыргыздын намысын коргогон жигиттерибизди урматтайм, албетте!

нуржан5— Эң өзгөчө сунуш кылган романтикалуу окуяңыз?

— Романтикалуу окуя…. Романтикалуу окуя 14-февралда менин чет жакта иш сапарда жүргөнүмө карабай, мага айтпай эле Кыргызстандан Түркияга артымдан барып, Босфордун жээгинде сүйүүсүн арнап, белек берген учурду айтат элем… Бирок ошол эле бриллиант, ошончо узун жолду басып өтүү, сюрприз жасоо эгер көңүл төп келбесе артта калат экен… Албетте, өкүнүчтүү…

-Сиздин оюңуз боюнча ийгиликтүү заманбап кыргыз кызынын образы кандай?

— Мен үчүн ийгиликтүү кыргыз кызынын образы билимдүү, чет тилин билген, өз кесибинин адиси. Назик. Үй-бүлөнү чогуу алып кеткен, айтор баарына жетишкен  айым… Ошол эле учурда өзүнө кам көрүп, сулуу,  эл менен мамиле кура билген айым деп билем. Азыр андай ийгиликтүү айымдар көп. Мен кыргыз кыздарына баа берем. Биздин кыздар ийгиликтүү болсо, болбосо деле баарына жетишет. Иштейт, бала төрөйт, үйдүн түйшүгү, ошол эле учурда күйөөсүнө жакшы мамиле кылып, ал тургай бир үй-бүлөнү багып жаткандары да бар… Чет элдиктер андай эмес… Негизи кыргыз кыздары кыйын… Бирок кыз киши үчүн үй-бүлө куруу баарынан маанилүү го дейм…

-Жашооңуздагы эң маанилүү чечимиңиз?

-Жашоодо андай деле маанилүү чечим кабыл алчу учур боло элек го дейм. Акыркы жолу чечим кабыл алып, Европанын үч мамлекетин коркпой, жалгызмын дебей жалгыз кыдырып келдим. Мен эле жалгыз жүрдүм окшойт. Баары экиден-үчтөн жүрүштү. Рюкзак асынып, фотоаппарат көтөрүп алып жүрдүм. Жалгыз жүргөнүмдү Венецияда сездим. Себеби баары жуп-жубу менен каналды бойлоп жүрүштү… Франция, Италия жана Швейцариянын бир нече шаарларын кыдырдым. Көпчүлүгү мени кичинекей кыз деп ойлошту. Абдан сонун таасир менен эс алып кайттым. Демек, ата-бабаң билбеген жерлерди жалгыз деле кыдырсаң болот экен деп калдым. Чечкиндүү жана чыйрак болуш керек экен. Мисалы, түнкү саат он бирде Милан шаарына түшүп, итальян тилинде сүйлөшүп, жол таап мейманканага жеттим. Негизи кандайдыр бир чечим кабыл алууда эжемден же апам, атамдан пикир сурайм. Бирок акыры өзүмдүн чечимимди кабыл алам. Кеңешип анан чечим кабыл алам. Бир баш жакшы, экөө андан жакшы дейт го. Ошол сыяктуу пикир угуп, сынды туура кабыл алыш керек.

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: