Иран компаниялары менен болгон жолугушууда Тегеранда иш сапары менен жүргөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бизнесмендерди Казакстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле Иранды Казакстан менен Түркмөнстан аркылуу байланыштырган темир жолдун дараметин активдүү колдонууну сунуштады.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга 20дан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышкан. Алар энергетика, айыл чарбасы, курулуш жана тоо-кен өндүрүшү тармагында иш алпарат.
Нурсултан Назарбаев Казакстан Евразия Экономикалык биримдигине мүчө экендигин, альянс алкагында иран компаниялары бажы төлөмдөрүсүз соода-сатык жүргүзүү аларын белгиледи. Андан тышкары Казакстан инвесторлор үчүн субсидияларды жана салык жеңилдиктерин бере ала тургандыгына ишендирип кетти.
Назарбаевдин айтымында, казак тарап Иран менен медицина, биотехнологиялар, агроөнөржай комплекси, космостук технологиялар жаатында кызматташуга кызыкдар.
Казак президенти Тегеранга эки күндүк иш сапары менен дүйшөмбүдө келген. 11-апрелде ал Ирандын президенти Хасан Роухани жана Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен жолугушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ