“Майдан.кж” гезитинде жарык көргөн “Кылмыштуу топтун “өкүл атасы” Канат Турганбековбу?”- аттуу Качкынбек Булатовдун макаласы чоң талкууну жаратты.
Эске салсак, КРнын Жогорку Сотунун мүчөсү, Жогорку Соттук кеңештин төрагасы Канат Турганбеков бир катар резонанстуу кылмыш иштерине кириптер адамдардын акталышына “салым” кошкону айтылган. Анын бир катар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн “актоого” жасаган далалаты жөнүндө макалада сөз болгон. Кечээ болсо макала автору бизге кыска ыраазычылык жөнөттү: “Сиздердин гезитти жарыяланган макаламдан кийин КР Жогорку сотунда аябай катуу талкуу болуп, бул чыр жогорку жактардын да тынчын алды. Жыйынтыгында Канат Турганбековдун чыныгы жүзү ачылып, кызматтан четтетилди. Чындыкты көздөгөн гезит редакциясына ыраазычылык айтып коюу биздин милдет”.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ