Menu

Тажикстанга жөө барган фанат Эсеннур

Бөлүшүү:

Өткөн жумада социалдык желелерде Кыргызстандагы саясаттан тышкары эки окуя  көпчүлүктүн көңүл чордонунда болду окшойт. Биринчиси, Кыргызстан -Тажикстан беттешинде биздин футболчулар жеңишке ээ болушту. Экинчиси, дал ушул беттешке биздин бир мекендешибиз футбол боюнча курама командабызды колдоо максатында, борбор калаабыздан баштап Дүйшөмбү шаарына чейин жалгыз жол тосуп барганы бардык социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Албетте, Эсеннурдун кылган иши эрдик катары бааланууда. Чыныгы патриот жана фанат экендигин дал ушул саякаты менен тастыктады окшойт. Бүгүнкү маегибизде Кыргызстандын Red Falcons жана Dordoi Ultras фанаттар кыймылынын негиздөөчүсү Эсеннур АЛМАЗБЕКОВдун саякаты тууралуу сүйлөштүк.


-Эсеннур, сенин Дүйшөмбү шаарына болгон саякатыңа эмне себеп болду?

Биз мурда фанаттар атайын даярданып, пландаштырып жүргөнбүз. Дүйшөмбүгө барып Кыргызстан Улуттук курама командабызды колдойлу деген пландарыбыз бар эле. Бирок ар кандай себептерден улам биздин фанаттардын көпчүлүгү бара албай калышты. Менин деле акчам жок болчу. Бирок эмне болсо дагы жалгыз барууну чечтим. Андан сырткары мен Кыргызстанды кыдыргым келчү, ошондуктан Дүйшөмбүгө чейин жол тосуп барууну туура көрдүм.

Алгачкы кадам…

— 25-мартта эртең менен саат ондордо үйдөн чыгып Ош базарын көздөй бет алдым. Ал жактан таксист байкелер менен сүйлөшүп маршрутумду тактап сурап, Сокулукка чейин маршруттук такси менен бардым. Сокулуктан жол тосуп Токтогулга чейин бир байкенин унаасы менен жөнөп кеттим. Биринчи жолу Жалал- Абадка бардым, Төө-Ашууну көрдүм, Чычкан абдан кооз жер экен. Өлкөбүздүн кооз жерлерине суктандым. Таксиге отургандан кийин апама мен Дүйшөмбүгө кеттим деген СМС жөнөткөм. Анткени мен үйдөгүлөргө айтпай кетип калгам. Антпесем, ата-энем  мени ал жакка эч качан жалгыз жибербейт болчу. Бул чечим мага абдан оор болсо да, ушундай кадамга барганга аргасыз болдум.Токтогулга жеткенден кийин жолдон бир литр суу жана булочка алдым. Курсагым ачканынан булочкаларды жейин десем көгөрүп кеткенин сатып алыптырмын. Айла жок бирди  араң жедим. Бир аз акчам деле бар болчу, бирок акчам жетпей калбасын деп үнөмдөп жаттым. Түштөнгөндөн кийин унаа тосо баштадым, машиналар токтоп жатышты, бирок көбүнчөсү Ошко барбай тургандыгын айтышты. Бир аздан кийин бир байкени токтоттум, аларга саякатымдын максатын түшүндүрсөм абдан таң калышты. Мага жакшы колдоо көрсөтүштү, жолдон кетип бара жатып мага ышкын алып беришти. Токтогул суу сактагычына жетпей түшүп калдым, ал жерде кайра машина тосуп 20 мүнөттөй турдум. Жолдо унаа тосуп жатсам, дааватчылар мага  токтоп, мени тоолордун арасына чейин жеткизип коюшту. Чындыгында ал жерде калуу абдан коркунучтуу болду, анткени мен кечке чейин Ошко жете алган жокмун деп кабатырланып жаттым. Андан сырткары кечинде тоолордун арсында жалгыз калып калдым. 40 мүнөттөй турдум окшойт,  абдан үшүп да чыктым.  Жол тосуп турсам бир кезде Тико унаасы токтоду, ал байке менен 60 километрдей  жол жүрдүм окшойт. Өзбекстандын чек арасына жетпей мени түшүрүп, каякка барыш  керек экендигин түшүндүрүп берди. Ал жерде көпкө турдум, күтсөм бир  дагы машина өтпөй жатты. Үшүгөнүмдөн айла жок сумкамдан Кыргызстандын желегин алып чыгып Эсеннур АЛМАЗБЕКОВ3оронуп алгам. Ошол учурда  бир машина токтоду. Менин багыма алар Ошко чейин бара жатышыптыр, сүйүнүчүм ичиме батпай жыргадым. Анткени мен бир күндүн ичинде 650 км басып өттүм.Түнкү саат 12лерде Ошко жеттик, ал жакта куруучулардын үйүндө түнөдүм. Эртең мененки саат 8де туруп тамактандым. Ошто бир кыз менен жигит мага  телефон чалып, жолугуп,  500 сом беришти. Мен ошол кыз менен жигитке абдан ыраазымын. Андан соң сураштырып жатып Кырамык деген айыл жөнүндө билдим. Көрсө ал айылдан Тажикстанга батыраак жетсе болот экен. Ошол айылга барууну туура көрдүм дагы автобус менен Кырамык айылына бардым. Ал жактан шоопур байке чек ара болгон жерди көрсөтүп берди, мага көрсөткөн жол боюнча баса бердим. Абдан суук болчу, эч нерсе көрүнбөйт, май куючу жайдан чек араны сурасам “түз баса бер” деп коюшту. Бир коктудан өткөндөн кийин мени дароо эле бажы кызматкерлери токтотушту. Алар каякка, эмнеге баратасың деп сурай башташты. Мен аларга баардыгын айтып бердим. Бажы кызматкерлери да абдан таң калышып, жардам сунушташты. ”Бул жакка түнөп алып, эртең сени КамАЗ айдагандар менен салып жиберебиз” дешти. Ал түндү мен ошол жакта өткөздүм. Эртеси таңкы саат алтыда мени КамАЗ айдаган  айдоочуга кошуп, салып жиберишти. Ал байке менен Дүйшөмбүнү көздөй бет алдым. Мен үчүн саякатымдын бул бөлүгү абдан чоң сыноо болду, себеби биз 22 саат бою жолдо жүрдүк. Абдан оор болду. Орто жолдон бир кафеге кирип тамактанганбыз, ошол жерде телефонумду унутуп калыптырмын. Айла жок кете бердим, ал телефондо баардык номурлар бар эле. Мен Дүйшөмбүгө барганда дал ошол номурлар аркылуу түнөгөнгө үй тапмакмын. Эмне кылам деген терең ой менен уктап калыптырмын. Ойгонсом Дүйшөмбүгө келип калыптырмын, айдоочу байке менен коштошкон соң, стадионду сураштырып, эптеп таап, ал жакта билет саткандардан биздин оюнчулар стадиондо машыгуу кылат деген маалымат алдым. Эмне кылаарымды билбей Тажикстандын Футбол Федерациясына бардым. Ал жактан биздин команда каякта жайгашканы жөнүндө маалымат алдым. Көрсө стадиондун маңдайында жайгашкан мейманканада экен. Ал жакка барып күтүп турсам,  биздин футболчулар дагы чыгып калышты. Алар мени көрүп абдан таң калышты. Мага А.Байматов, В.Кичин жана М.Мурзаев келип учурашып, дароо эле Мирлан байке өзүнүн бөлмөсүнүн ачкычын сунду. Мен абдан сүйүндүм. Биздин Футбол Федерациясынын президентинин орун басары А.Кадыралиев мага Кыргызстанга чейин билет алып берди, кетээрде мен футболчулар менен чогуу кетмей болдум жана алар менен чогуу жашадым. Ушинтип чөнтөгүмдө ашыкча акчам  жок болсо да Тажикстанга жетип, азап чегип жатып жолумду дагы ийгиликтүү аяктап алдым.

Дүйшөмбү шаары жөнүндө кандай пикирде  калдың?

-Дүйшөмбү шаары абдан таза, чынын айтсам тургундары бизге караганда маданияттуу келишет экен. Алардын сылык мамилеси мага абдан жакшы таасир этти. Кимге жолукпайын, кимден сурабайын баардыгы мени менен сылык болуп жардамын аяшкан жок. Архитектура жагынан дагы мыкты кооз шаар экен.Бирок шаурмасы начар экен, биздики даамдураак.(күлүп)

— Ал эми Тажикстандын күйөрмандары оюнчуларын кандай колдошот экен?

-Колдоо жактан биздикине жетпей го дейм. Анткени оюн убагында стадион толгон жок жана кыргыз күйөрмандары алардан ашып кетти десем болот. Тажиктер  кыргыз күйөрмандарын таң калуу менен карап жатышты. Биз болсо эч кимди карабай өз командабызды алга сүрөп колдоп турдук. Биз менен кошо Эрмек Нурбаев жана  ырчы Омар  жана жергиликтүү кыргыздар болушту. Баарыбыз чогулуп кыргыз күйөрмандарынын секторунда алтымыштай адам болдук. Гол киргенде абдан кубандык, оюндан кийин биздин оюнчулар келип бизге кол чаап “Алга, Кыргыз! Алга, Кыргыз эй! Эй!” деген фанаттардын ырын ырдап беришти. Мага ошол учур абдан жагымдуу болду.

— Биздин футболчулар менен жакыныраак таанышып, жашаган турбайсыңбы. Команда ичиндеги аба ырайы кандай экен?

Эсеннур АЛМАЗБЕКОВ 2Баардыгы ынтымактуу, бир үй-бүлөдөй экен. Алар мага жакшы кам көрүштү, бөлмөмө тамак алып келип берип жатышты. Ар дайым мен жакшы көргөн алманын ширесин жок дегенде 1 литр алып келип берип жатышты. Мен үчүн бул нерсе алардын күйөрмандарды сыйлаганы болду десем жаңылышпайм. Биздин оюнчулар абдан шайыр келишет экен. Мени таң калтырганы Виталий Люкстун таза орусча сүйлөгөнү болду. Ал өзү Кыргызстанда туулуп, бала чагы Кыргызстанда өткөнү менен Германияда өскөн. Мен орусча сүйлөй албайт болуш керек деп ойлочумун. Көрсө, менден дагы жакшы сүйлөйт экен. Негизи эле менин саякатым жашоомдо көп нерсеге көзүмдү ачты десем болот. Мен буга чейин биздин мекенибиз ушунчалык кооз экендигин билбей жүрүптүрмүн жана конокто өз командаң үчүн, өлкөнүн атынан барып кыргыз фанаттарынын өкүлү болуп катышкан мен үчүн чоң сыймык болду. Учурдан пайдаланып мага ошол учурда көмөк көрсөткөн, жардам берген баардык мекендештериме терең ыраазычылык билдирем. Алардын жардамы болбосо мен жолумду аяктай албайт болчумун. Андан сырткары баардык кыргыз элин өлкө, намыс  үчүн, мекенибиздин аброю үчүн футбол болобу, хоккей болобу, баардык спорт түрлөрүндөгү командабызды колдоого чакырмакчымын.

 Эсеннур менен баарлашып жатып, анын патриоттук сезимине жана эрдигине баа бердим. Акчасы жок, мүмкүнчүлүк болбой жатса дагы Кыргызстан үчүн алыскы жолго чыгып, өзүнүн максатына жеткени албетте мени таасирлентти. Мындай адамдардан биз үлгү алсак анда башкаларга дагы биз татыктуу үлгү боло алат элек деген тыянак чыгардым.

 

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: