Menu

Эксперт Саламат Аламанов экс-премьер Темир Сариевдин дагы бир калпын чыгарды

Бөлүшүү:

Акыркы кезде өлкөнүн көңүлү Үңкүр-Тоодогу “Кербен” радио-релейлик станциясын башка жерге жылдыруу маселесине кадалып турган кез. Улуттук илимдер академиясынын география бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын География коомунун президенти Саламат Аламанов Үңкүр-Тоо боюнча оюн ортого салды.

Үңкүр-Тоонун тегерегиндеги талаш жабдууларды көчүрүү ниетинен эмес, тоонун кимге тиешелүү, бизгеби же өзбектергеби, деген маселеден чыкты. Бири экинчисине коошпогон версиялар ачык айтылып кетти. Алардын ичинен эң негизгиси 2006-жылы тоо Өзбекстанга өтүп кетти деген имиш болду окшойт. “АКИпресс” маалымат агенттиги 2016-жылдын 6-апрелинде бул талашка кенен токтолуп, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн 20-протоколунун көчүрмөсүн жарыялады.

Ал маалымат боюнча, сүйлөшүүлөрдү даярдагандар минтип билдиришиптир: “1955-жылы 12-июнда Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин ортосундагы республикалык чек араны тактоо жана жерди пайдалануу боюнча талаштуу маселелерди кароо боюнча республикалар аралык комиссиянын (1955-ж. 12.06 протоколу) материалдарында участок Өзбекстан Республикасына тиешелүү; чек ара өткөн сызыгы так көрсөтүлгөн эмес”.

Бирок да, бул жерде эки союздук республиканын 1955 – 1956-жылдардагы теңата комиссиясынын иштеринин жыйынтык материалдарын жана ага тиркелген карталарды Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1956-жылдын 22-октябрындагы № 497 токтому менен бекитилген карталарды (бул документтерди даярдаган адистер өз ишинин мыктылары, жана да алар картаны чийип жатканда сызыгын “так көрсөтпөй калышы” мүмкүн эмес), маанилүү нерсени “унутуп” кетишиптир. Ал кездеги Министрлер Советинин төрагасы А. Сүйөркулов болчу.

Анан дагы бул материалдардын “Кыргыз ССРинин облустары менен райондорунун ортосундагы чекти жана республиканын чек арасын бекитүү” тууралуу 1961-жылдын 30-мартында (1961-жылдын 1-январына карата абалы боюнча) Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгын “унутуп” калышканын айтпайсызбы.

Айтса, бул документтерди даярдаган адамдар өкмөт менен парламент жетекчилеринин кол коюшуна такталбаган документтерди киргизишмек эмес. Анан да Кыргызстандын белгилүү адамдарын өз республикасынын кызыкчылыгын коргобойт деп күнөөлөшкө негиз барбы?

“АКИпресс” 2016-жылдын 30-мартында жарыялаган СССРдин геодезия жана картография башкы башкармалыгынын картасынын фрагментинде чек ара кандай чийилгенин жарыя кылды. Анда тоо коңшулардын жеринде турат.

Үңкүр-Тоо картасынын фрагменти. АКИпресс.

Үңкүр-Тоо картасынын фрагменти. 

​Үңкүр-Тоого ыктаган бул участок боюнча 20-протоколдо жогоруда айтылган фактылар гана ырасталган, аны өзгөртүү боюнча эч кандай негиздер болгон эмес.

Ушул жерден бир суроо чыгат, бул документтер өлкө жетекчилерине билдирилгенби? Эгер билдирилбесе, эмне үчүн? Эгер билдирилсе, жок жерден табылган калпты коргоо үчүн айтылган сөздөрдүн төркүнүн түшүнүү кыйын.

Эми 2006-жылдын 23-сентябрындагы №20-протокол тууралуу:

– протокол өкмөттүк делегациянын ишинин жыйынтыгы, ал иште Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан азыркы жетекчилер да бар. Алардын толук тизмесин ушул жылдын 6-апрелинде жарыяланган материалда чыгарып коюшса болмок экен. Делегация катарындагы адистердин баары өз ишин мыкты билген адистер, алардын профессионалдык даярдыгына, калыстыгына, тазалыгына шек кылууга негиз жок.

– мына ушул сүйлөшүүлөр тушунда өзбек тарап биздин каршылыгыбызга карабай мурда макулдашылган Сох районундагы анклавдын 17,99 чакырымын алып салышты, анын себебин өзбек делегациясы Сохко коридор ачып берүү тууралуу сунушунун четке кагылышы менен түшүндүрүшкөн. Буга жооп кылып биз да макулдашылган 31,6 чакырымды алып салдык, эксперттер аны коңшулар үчүн маанилүү экенин айтышкан.

Ошентип, чек ара делегациясы деңгээлинде макулдашылып калган каалаган участокту кайсы бир негизге таяп алып салуу жосунуна жол ачылды, анын ичине Үңкүр-Тоо да кирет. Бул өзү сүйлөшүү процессиндеги көнүмүш иш. Анын үстүнө Кыргызстан өкмөтүнүн өкүлүнүн айтуусунда, өзбек тарап мурда макулдашылган чек ара сызыгынын 300 чакырымын алып салышыптыр.

Акырында айтчу нерсе, чек ара маселеси мамлекетте кандай кызматты ээлегенине карабай, кайсы бир адамдын каалоо-тилегине жараша эч качан чечилбейт. Мамлекеттер аралык жана мамлекеттин ички эрежелери менен жөрөлгөлөрү бар. Мамлекеттик ички жөрөлгөлөргө ылайык биринчи денгээлдеги эксперттик сүйлөшүүлөр өкмөттүк делегациялар ортосунда жүрөт, ага ар кыл багыттагы адистер киришет, маселенин тарых-таржымалын укуктук күчкө ээ документтердин негизинде изилдеп чыгып, чек ара тилкесин макулдашат, макулдашылган участокторду сыпаттап, аларды картага түшүрөт. Биздин өлкөдө алардын ишинин жыйынтыгы өкмөттүк комиссиянын кароосуна жиберилет, ал жерде тийиштүү министрлик менен ведомстуктардын жететкчилери отурушат. Эгер алар сунуш кылынган материалдарды жактырышса, маселе өкмөттүк жыйында каралып, иштин жыйынтыктары кабыл алынат же четке кагылат. Макулдашуулар жактырылса материалдар парламентке жөнөтүлөт, ал жерде тийиштүү комитеттерде талкууланып, ага ылайык комитет бүтүмү чыгарылат. Ал боюнча парламент мыйзам долбоорун кабыл алат же иштин жыйынтыгына макул болбой четке кагат. Президент келишимдер документин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коёт же кайтарып бериши мүмкүн. Мына ушулардан кийин гана, ратификациялоо документтерин алмашуудан соң гана мамлекеттик чек ара боюнча эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча макулдашуулар мыйзамдуу күчүнө кирет.

Ошентип, чек ара сызыгын укуктук жагынан толук аягына чыгарыш үчүн бирин экинчиси улаган алты деңгээлде иш жүрөт, алардын ар биринде документти артка кайтарып кайрадан иштеп чыгуу үчүн берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Эске сала кетчү жагдай, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр мамлекеттер ортолук мамиледеги абдан кылдаттыкты, сезимталдыкты талап кылган маселелерге кирет. Сүйлөшүүлөр кылымдап ирегелеш жашаган кошуналар ортосунда жүрөт. Ошондуктан бекем позиция дипломатиялык ыкмалар аркылуу гана жүрүшү абзел. Мындан тышкары өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берүү аны чек ара маселелерин өз деңгээлинде талкуулоо маалында оңтойсуз абалга калтырышы мүмкүн.

Анан дагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара тууралуу келишимдин өзү жок. Эгер андай келишим болсо болгон жөрөлгөлөрдүн баарын сактоо менен Жогорку Кеңешке ратификациялоого алып киришмек. Эки президенттин биргелешкен билдирүүлөрүнө келсек, ал деле “түбөлүк достук тууралуу келишимдердин” кейпин кийип калганын, андагыларды эч кимдин аткарууга ниети жоктугун мезгил өзү ырастады.

Бул макала кандайдыр бир жеке таарынычтан улам жазылган жок. Мен мындан да ачуу сөздөрдү көп уккам, ар кыл карөзгөйлүктөргө карабай мезгил көчү акырын жылып кете берет экен. Бир гана нерсе, кайсы күнөөсү үчүн элди ушу кезге чейин алдап келатышканын түшүнсөм буюрбасын. Карандай калпты айрым “инсандар” өздөрүнүн иш билбестигин, дөдөйлүгүн жабыш үчүн эле чыгарышат.

Саламат Аламанов, Улуттук илимдер академиясынын география бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын География коомунун президенти

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: