Menu

Темир Сариев: “Артка кетенчиктөө мага тааныш эмес”

Бөлүшүү:

Темир Сариев өзүнүн тегерегиндеги саясий оюндар, Балыкчы-Корумду жолун оңдоого байланыштуу чуулуу тендер боюнча коомчулукка кайрылуу жасап, кызматтан кетүүгө арызды президентке тапшырганын кабарлады. Дүйшөмбү күнү кечинде президент өкмөттүн отставкасы тууралуу Указга кол койду. Төмөндө биз Т.Сариевдин билдирүүсүндөгү айрым маанилүү жагдайларга көңү бурдук:

“Тендер-гейт” кандай максатты көздөгөн?

– Өкмөт жыл сайын жүздөгөн тендер өткөзөт. Былтыр Транспорт жана коммуникации министрлигинин багыты боюнча 23, Мамархкурулуш жаатында 98 тендер өткөн. Быйыл 100 мектептин курулушу боюнча тендер өтөт. Мыйзамдар жана регламент боюнча тендерди өткөзгөн мамлекеттик органдын жетекчиси жеке жоопкерчиликте болот. Балыкчы-Корумду жолунун тендери да ошолордун негизинде жүргөн, демек, министр керт башы менен жоопкер.

“Империя групп” компаниясына Канат Исаевдин катыштыгы бар экендигин өзү ачык билдирген. Ведомстволор аралык комиссиянын справасында компания тендерге катышуу билдирмесин өз учурунда бере албаганы айтылат. Каржы министрлиги “Империя группту” кара тизмеге кийирген.

Депутаттык комиссия кытай компаниясынын лицензиясы жоктугун билдирген. Жол чарба департаменти нотариалдык каттоодон өткөн, котормосу бар лицензияны көрсөттү. Ага ылайык, “Лонг Хай” жол жана көпүрөө куруу жаатындагы ири компания болуп эсептелет. Акыркы 20 жылдыкта Кытай сапаттуу унаа жана темир жолдорун куруу жаатында дүйнөдө биринчи орунда турат.

Жолдун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесинде Балыкчы-Корумдуга 9,9 млрд. сом кетери жазылган. Тендердин жүрушүндө жеңип алган компания 6,8 млрд сом сунуштаган. Канча бюджеттик акча экономдолгонун ушундан эле көрсөңүз болот. Анда кайсы мамлекетке келтирилген чыгым тууралуу сөз болууда?

Кытай компаниясы бюджеттен акча ала электе эле өз ишин баштады. Келишимге ылайык, алдын-ала төлөм 10 пайызды, же болбосо 680 млн. сомду түзүшү керек, ушу тапта болгону 180 млн. сом гана берилди. 25-марттагы маалыматка ылайык, буга карабастан кытайлык компания 517 млн сомдук жумуш бүткөргөн, 8 млн. долларлык техника алып келген. Б.а. компания жеке өзүнүн 1 милилард сомдон ашык каражатын жумшады. Демек, компания акчасын ала элек жатып, өз милдетин ашыгы менен аткарып жатат.

Депутаттык комиссияны түзүү демилгеси Канат Исаевге таандык. Анын бир тараптуулуугу ишинен эле даана ачык байкалып турду. Жума күнү комиссия басма сөз өкүлдөрүн, бул тармакка тийиштүү жоопкер адамдарды, министрдин орун басары Улан Уезбаевди жана тендердик комиссия жетекчиси Нурлан Кайынбаевди чакырып алып, өз олтурумун башка күнгө жылдырып койду. Андан кечирээк комиссия жабык эшик артында чогулуп, башкы фигуранттардын бирин да укпады. Эмнеге комиссия дал ушундай аракеттенди, ага ким кызыкдар?

Анан эле комиссия дем алыш күнү – ишембиде шашылыш жыйын куруп, 4 барактан турган чечимин токуп ийди. Комиссиянын ишинин объективдүүлүгү үчүн Уезбаев менен Кайынбаевдин көрсөтмөсү да керек болчу, алар дагы чакырылбады. Кана анда ачыктык, объективдүүлүк? А чечим бир эле министр Аргынбек Малабаевдин айткандарына таянып кабыл алыгды. Бир тараптуу маалыматка ылайык чыгарылган чечимге ишенүүгө болобу?

Ишембиде эч ким жокто 7 депутат келип, бир тараптуу чечим чыгарып койгону комиссиянын ишинин жыйынтыгы бир жактуу жана калыс эмес экенинен кабар берет. Өкмөттүн парламент алдында отчет берерде ар кандай имиштер таратылды. 2015-жылдын жыйынтыгы жаман эмес.

“Ыплас саясий интригаларга аралашкан эмесмин”

– Мен көп жылдан бери саясатта жүрөм, ошондуктан, абийир мен үчүн бош үн эмес. Менин атымды жаманатты кылуу аракети көп болгон. Иликтөөнүн ачык жүрүшүнө биринчи кезекте мен кызыкдармын. Тендердин жүрүшүнө менин катыштыгым болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. Мен ачыкмын, ишим да көрүнүп турат. Менин чөйрөм, анын ичинде жардамчым Нурбек Султановго карата да ачык объективдүү иликтөө жүрүшү керек. Эгерде күнөөсү болсо, мыйзам негизинде жооп берсин.

Бирөө кылдын кыйкым издеп, ар кандай шылтоолорду издеп башташты. Жашоомдун эң оор учурунда өзүмдүн көз карашымды коргоп келгем. Артка кетенчиктөө мага тааныш эмес. Кызмат ордумду амбициясы жок эле иштин кызыкчылыгы үчүн тапшырууга даярмын.

Бирок актыгымды далилдөө үчүн аягына чейин күрөшөм. Ыплас саясий интригаларга аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Кадыр-баркымды таза сактап, жогору кармап келгем жана ушул принциптен танбайм

Мен премьер-министр кызматынан отставкага кетем. Бул боюнча мен президентке маалымат бердим. Мындай кадам учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салат жана Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы конфронтацияны жок кылат. Азыр мамлекеттин алдында бүгүндөн калбай чечиле турган күнүмдүк маселелер абдан көп. Алар үзгүлтүксүз аткарылышы керек.

Өзүмдүн бардык тажрыйбамды, билимимди жумшадым. Албетте, баарыбыз биргеликте көп нерсени ишке ашырдык. Бирок аткарылбай калган иштер үчүн, акталбай калган айрым үмүттөр үчүн элимден кечирим сурайм

Ар бир мага коюлуп жаткан айып боюнча таза иликтөөнү талап кылам. Мага коюлуп жаткан айыптар курулай жалган, жол чырында менин эч кандай тиешем болбойт дагы.

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: