Menu

Атамбаев командасын тазалай баштадыбы?

Бөлүшүү:

11-апрелде Алмазбек Атамбаев “кытайлык “Long Hai” корпорациясынын кызыкчылыгын көздөдү” деген айыптоого байланыштуу Темир Сариевдин отставкасын кабыл алды. Эксперттер Атамбаевге президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калууга мүмкүндүк берүүчү көп жүрүштүү комбинация даярдалып жаткандыгын жокко чыгарышпайт, ал премьер-министр болуп калышы мүмкүн, жаңы Конституция президенттин функцияларын кыскартып, өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтип берет.
Атамбаев өзү депутаттарга премьер-министр катары Сооронбай Жээнбековду көрүүнү кааларын билдирип, “кризис жана жазгы-талаа жумуштары күчөп турган кырдаалда” бул маселени чечүүнү создуктурбоону суранды.
Министрлер кабинетинин башчысы Темир Сариевдин отставкасы күтүүсүз жерден болгон жок. Балыкчы–Тамчы–Чолпон–Ата–Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендердин тегерегиндеги ызы-чуу ага каршы жасалган чабуулдардын жыйынтыктоочу аккорду гана болуп калды. “Саясатчылар жана депутаттар өкмөткө чабуул коюуну ал 2015-жылы жакшы натыйжаларга жетишкенине карабастан башташты” деп билдирди Сариев министрлер кабинетинин акыркы отурумунда. Ал жолду куруу боюнча тендерди өткөрүүгө эч тиешеси жок экенин белгилеп, долбоор үчүн транспорт жана коммуникация министрлиги жоопкерчилик тартаарын, министр Аргынбек Малабаев анын ишениминен чыгып калганын, ошон үчүн президентке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш жибергенин билдирди. Акыр-аягына чейин күрөшүүгө убада берди.
“Сариевдин отставкасына президент өзү жана анын тегерегиндегилер кызыкдар болчу. Бул отставка да алар тарабынан уюштурулду. 2017-жылы Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтөт. Ал убада кылгандай саясаттан кетеби, же премьер-министр катары бийликке кайтып келеби — бул маселе азырынча ачык бойдон калууда. Өзүнүн амбициялуу пландарын реализиациялоого ага өтө берилген адамдар гана катышсын үчүн Атамбаев командасын тазалап жатат. Сариевге ал ишенчү эмес”,-дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.
Президенттин ыйгарым укуктарын премьердин пайдасына кайра бөлүштүрүү тууралуу алгачкы жолу Атамбаев өткөн жылдын аягында билдирген. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мамлекет башчы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болоорун айткан. Сариевди отставкага кетирээрдин алдында, ал бул багыттагы биринчи кадамды жасап, парламентке азырынча министирлерди бошотуу боюнча өкмөт башчынын укуктарын кеңейтүү маселесин гана сунуштады.
Президент менен премьердин ортосундагы пикир келишпестик Сариев “Кытайга багыт алган” күндөн башталды. Өткөн жылдын аягында ал КЭРге иш-сапары менен барып, бир катар долбоорлорду, анын ичинде газ түтүктөрүн орнотуу, темир жол салуу боюнча долбоорлорду реализациялоону макулдашып келди. Камбарата-1 ГЭСин Кытай тарапка берүү да талкууланды. Дал ушундан кийин Бишкек Жогорку Нарын каскадын жана Камбарата-1 ГЭСин куруу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди бузуу чечимин кабыл алды. Бул Москвага жаккан жок. Кытайдын регионго экспансиясы күчөшү мүмкүн экенинен чоочулады. Бул Россиянын кызыкчылыгына карама-каршы келет. Бирок, ошол эле учурда дал ушул Сариевдин тушунда Кыргызстан ЕАЭСке кирди.
“Сариевдин отставкасы эчтекени деле чечпейт. Анын тушунда башталган процесстер уланат. Ал эми ЕАЭС маселесине келсек, бул союзга кирүү Сариевге караганда көбүрөк Атамбаевдин долбоору”,-дейт “Стратегия Восток–Запад” аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов. Ушундай эле пикирди Равшан Жээнбеков да айтты. “Сариев Россияга жан тарткандыгы жагынан Атамбаевден аша албайт. Эгер Сариев ЕАЭС менен интеграциялашуу боюнча кандайдыр бир тапшырмаларды аткарган болсо, аны өз демилгеси менен жасаган жок. Бирок, Россия менен Камбарата боюнча, Өзбекстан менен Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча келишимди бузуу — бул Сариевдин биздин өлкөбүзгө жасаган жакшылыгы эмес, “медвежья услугасы”,-дейт Р.Жээнбеков.
Виктория Панфилова, “Независимая газета”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: