Menu

Керри: Орусия авиациясынын Балтикадагы жоругу – “опурталдуу жана акылсыз чагымчылык

Бөлүшүү:

Балтикадагы окуяга байланыштуу Орусиянын Варшавадагы элчиси ТИМге чакырылды. Анткени орусиялык учактардын опурталдуу иш-аракеттери Польша менен Американын машыгууларына тоскоол болгон.

АКШ мамкатчысы Жон Керри орусиялык аскерий учактардын Балтикадагы америкалык эсминец “Дональд Куктун” үстүнөн өтө жакын учушун айыптап, окуяны “опурталдуу” жана “акылсыз” чагым деп атады.

Керри билдиргендей, АКШ аскерий кемеси согуштук иш-аракеттерди жүргүзүү эрежелерине ылайык, орусиянын Су-24 бомбалоочу учагын атып түшүрө алмак. Ал мындай окуя кайталанбайт деп үмүт аратат.

Буга чейин Орусиянын коргоо министрлиги учкучтарды коргоп, алар бардык коопсуздук чараларын сакташкан деп билдирген. Америкалык аскерий чиновниктер орусиялык учактар куралсыз болгону менен америкалык кемеге өтө жакын учуп өткөндүктөн “сууга из салып” кеткендигин белгилешүүдө.

20-апрелде Брюсселде пландаштырган Орусия-НАТО жолугушуусунун күн тартибине коркунучтуу аскерий кагылышуулардын тобокелдигин азайтуу маселеси киргизилген. Бул Орусия-НАТО Кеңешинин 2014-жылдан берки алгачкы жолугушуусу болуп саналат. Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап жана украиналык жикчилдерди колдогондугу үчүн НАТО Москва менен кызматташтыгын убактылуу токтоткон болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: