Menu

БАЭ Кыргызстан менен агрардык тармакта кызматташууга кызыкдар

Бөлүшүү:

Бириккен Араб Эмираттарынан келген инвесторлор Кыргызстан менен айыл чарба жана инфраструктуралык объектилерди куруу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Бул туурасында БАЭ энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга келерден мурун тыкыр даярдык көрүшкөн. Делегация 29 адамдан турат жана анын курамына ири компанияларынын өкүлдөрү кирген.

«Сапарыбыздын негизги максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү. Айыл чарба жана инфраструктуралык объектилерди куруу биз үчүн артыкчылыктуу багыттар болуп саналат», – деп белгиледи Сухейл Мухаммед Фараджи Аль-Мазруи.

Энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи жетектеген БАЭ делегациясы Кыргызстанга 14-апрелде келген. Андан бир күн мурда “Кыргызстан-ОАЭ» экономикалык форуму өтүп, ал жерде кыргыз тарап кызматташтык үчүн долбоорлорун сунуштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: