Menu

Кубанычбек Жумалиев менен Роза Аманованын махабаты «ыссык» экенин баарыбыз…

Бөлүшүү:

Акаевдин лаборанты атыккан Кубанычбек Жумалиев менен Роза Аманованын махабаты «ыссык» экенин баарыбыз билебиз да. Бул аздык кылганбы, айтор «Бир Бол» фракциясынын депутаты Жумалиев аялына болгон арзуусу ашып-ташып кеткен окшойт, аны маданият министринин орун-басары кылмакчымын деп жулунуп кириптир. Ансыз да 120 депутаттын «жыргалына» магдырап аткан элибиз эми алардын көрөөр көздөрүн министр, орун басар кылып алсак жыргайт экенбиз. Деги ушул эски «вирустардан» эмнени күтүүгө болот? Ошол эле Жумалиев кезинде премьер-министр болуп турганда Кыргызстанды жыргатты бе­ле? Жоок. Жалгыз өзү жыргаганын эл жакшы билет. Мамлекеттик кызматта жүрүп кангип миллионер болууну Жумалиевден сурасаңар, жаңылбай саймедиреп, лекция да окуп берсе болот. Анын байлыктарына сан жетпестиги айтылып келет. Алсак, кытайлыктардыкы деген жарнагы бар «Гоин» соода түйүнү, эмеректен тарта эшик-терезеге дейре сатылган «Таатан» базары, Бишкектин Чүй көчөсүнүн чыгыш жагындагы гүл-жемиш өстүрүүчү жайлар (теплицалар), Горький көчөсү менен Туңгуч кичи районун көздөй бара жаткан жол жээгиндеги ЭВМ заводунун имараты, «Манас жаңырыгы» телерадиосу ж.б. Мунун баары Жумалиевдин жеке менчик байлыгы. Баса, жогоруда айткан ЭВМ заводунун имаратын бир топ жыл кайсы бир жогорку окуу жайга ижарага берип келсе, эми ал жерде көрөр-көзү Роза айым «Санат» деген телеканал ачып алып иштетүүдө. Элдин байлыгына эки колду матырып коюп, ээн-эркин сайрандаган Жумалиев деген эргул эми каякты кайсап ийсем деп жаланып-жуктанып калыптыр, аялын орун-басар министр кылуу менен ансыз да араңжан жаткан бул министрликтин аз-маз имараттарына көзүн кызартабы? Ой, суроолор көп, суроолор көп…
Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: