Menu

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушун жана активисттер менен журналисттерди басмырлоо күчөп баратканын катуу сынга алды

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жасады. Анда мурдагы СССР өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан катуу сынга алынган.
Укук коргоочулар АКШ аталган өлкөлөр менен баяндаманын негизинде кызматташуусу керектигин белгилешүүдө.
Адам укуктарына арналган жылдык баяндаманы 13-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жасады.
Баяндамада Керри Борбор Азияга да терең көңүл бөлдү.
– Өткөн жылы биздин дипломатиянын көңүл чордонунда турган, адам укуктары жана демократия принциптерине умтулган бир катар өлкөлөргө барып келдим. Ал өлкөлөрдүн катарында жарандык коом активдүүлүгүн көрсөткөн Борбор Азия мамлекеттери бар. – деди Жон Керри.
Борбор Азиядан Кыргызстандын укук коргоо органдарын кыйноо, негизсиз каралоо жана опузалоо боюнча айыптады. 2015-жылы Кыргызстандын бийликтери соттук жараяндын эрежелерин такай бузганы белгиленет. Ошондой эле документте Кыргызстанда жыныстык жана этностук азчылыктар милициянын кодулоосуна алынганы жазылган. Ооруканалардын абалынын начардыгы, активисттер менен журналисттерге басым күчөп баратканы да айтылат.
Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: