Menu

Кыргызстанда “Элдик парламент” аттуу оппозициялык саясый күч түзүлдү

Бөлүшүү:

Дал ушундай аталыштагы саясый күч жанданды. 12-апрель күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада коомдук, саясый күчтүн бет ачар салтанатынын ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземди белгилүү саясый ишмер, экс-вице-премьер-министр, саясатта ар бир айткан пикирин аргумент менен негиздеп, өңгөлөрдөн өңчөй фактыларга таянуу менен өзгөчөлөнгөн айтылуу Бекболот Талгарбеков ачып, саясый күчтүн алдыдагы максат, тилек, план, стратегиялары менен тааныштырды. Аталган саясый күчтүн демилгечи тобу 9 адамдан турса, курамы коомдук негиздеги 105 депутаттан куралмай болууда. Демилгечи топто мамлекетчил инсан Бекболот Талгарбеков, Торобек Колубаев, бир кездери Аликбек Жекшенкулов түзгөн “Коомдук парламенттин” башында турган Абдыганы Эркебаев, ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев, экс-губернаторлор Болоткан Кумаров менен Мамасадык Бакиров, Афган согушунун ардагери, полковник Александр Гусев, Бишкек шаардык сотунун экс-төрагасы Марат Султанов, дипломат Эсен Салиев сындуу мурда-кийинки чиновниктер армиясынан куралды. Коомдук негиздеги депутаттардын тандоо принциптери мамлекеттик бийликке да, оппозицияга да көз карандысыз, мамлекетчил позициясы бар, артында коррупциялык, криминалдык “калбырлары” жок, анык мыйзамдуулуктун үстөмдүгү менен иштеген эл өкүлдөр институтун түзүүнү максат кылышууда. Негизги максат, өлкөдөгү саясый, оор социалдык-экономикалык абалды, элдин мүдөө-көйгөйлөрүн талкууга алып, түзүлгөн оор шарттардан чыгуу, аны чечүү жолдорун сунуштоо багытында иш алып барууну көздөшөт.
Саясый күчтүн тушоо кесүү салтанатында Бекболот Талгарбеков алдыдагы пландар менен алыс-жакындан келишкен делегаттарды, журналисттерди тааныштырды. Эмки кадам саясый институт болуу алдында турган “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин устав, жоболорун бекитүү, 19-апрель күнү ММК үчүн атайын пресс-конференция өткөрүүнү пландашууда. Ал эми 26-апрелде региондордон келишкен жактоочулардын алгачкы жыйыны өтмөй болду.
Эмненин болбосун “туулганына эмес, турарына сүйүн” деген кеп бар го. “Элдик парламент” аталышындагы саясый күчтүн өлкөбүздү оор шарттардан алып чыга турган идеяларды сунуштаарын, бийлик менен оппозиция сындуу негизсиз тиреш, ит жыгылыш сыяктуу ыплас жолдо караламай өнөктүгүнөн бийик болуп, жаңы саясый маданиятты, саясый жаратмандыкты, күрөштүн цивилдүү ыкмаларын сунуштаарына ишене туралы. Башкасынан мурун саясый майданда ымалашкан адамын сатып кетпей, туруктуулуктун бийик үлгүсүн көрсөткөн Бекболот Талгарбеков сындуу инсандар турганда бул күчтүн эртеңине ишеним артса болчудай.
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: